АКШдагы шатдаун идеологиялык ооруну ачыктады

АКШдагы шатдаун идеологиялык ооруну ачыктады
АКШ дүйнөгө өзүн демократиянын жана экономикалык кубаттуулуктун үлгүсү катары тааныткан өлкө. Анын саясий системасын либералдар көп учурда мисал катары келтирип, бүтүн дүйнө, ага бир кылым бою суктанып келгенин көрсөтүшөт. Бирок бул система дүйнөнүн көйгөйлөрүн эч бир тармакта чече алган жок, тескерисинче, улам күчөп жаткан алсыздыгын көрсөтүп келет. АКШ бийлигинде капитализм идеясынын жактоочулары менен АКШнын эли күтпөгөн жаңы шатдаун көрүнүшү пайда болду. Шатдаун – саясий келишпестиктерден улам федералдык мамлекет өзүнүн ишин аткара албай калуусу.
Эми суроо туулат, дүйнөдөгү эң бай жана эң тартиптүү уюшкан өлкөлөрдүн бири кантип өз мамлекетин, убактылуу болсо да, «токтотуп» коюшу мүмкүн? Бул көрүнүш америкалыктар үчүн олуттуу көйгөйлөрдү жаратты. Өкмөт конгресс менен президенттин ортосундагы пикир келишпестиктерден улам ишин токтотууга аргасыз болду. Натыйжада эл саясатчылардын «келишпестиги» себептүү пайда болгон саясий шал абалды чечүү үчүн өз маянасынан төлөөгө аргасыз болуп, эртеңки күнгө болгон ишенимин жоготуп жатат. АКШ өкмөтү бюджет кабыл алынбагандыктан, музейлерде, парктарда жана айрым федералдык агенттиктерде «жарыкты өчүрүүгө», ал тургай майрамдар алдында аэропорттордун ишин токтотууга мажбур болууда.
Чындыгында, шатдаун кокустук маселеси эмес, бул байыркы америка демократиясынын негиздөөчүлөрү түптөп кеткен курулуштун табигый натыйжасы. АКШ өзүн демократиянын жана саясий туруктуулуктун символу катары көрсөтүп келген. Анын саясий түзүлүшүнүн бир бутагы экинчисине баш ийбеген, акылга негизделген бийлик бөлүштүрүүнүн мисалы катары көрсөтүлүп келген. Демек, шатдаун – бул демократия беткабын жамынган капиталисттик идеологиянын түздөн-түз натыйжасы.
АКШ Конституциясынын негиздөөчүлөрү бийлик моделин атайлап өз ара ишенимсиздик принцибине негиздеп түзүшкөн. «Зулумдука жол бербөө» ураанын көтөрүп чыгып, алар бийликти үч көз карандысыз бутакка бөлүшкөн: мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бийликтери. Ар бир бутак экинчисин чектеп, эч кимге толук бийлик бербеши керек. Бул «чектөө жана тең салмактуулук» системасы зулумдукту жойсо да, бирок ошол эле учурда кызыкчылыктардын түбөлүк кагылышына негиз түздү. Өлкөдө саясий келишпестиктер чегине жетип, макулдашуу мүмкүн болбой калганда, бийликтин шал абалы жаралып, шатдаун курчуйт.
Америка моделиндеги капитализмдин негизинде, эл мыйзам менен бийликтин булагы деген ишеним турат. Демек, эч бир чечим жогору жактан таңууланбашы керек. Кандай чечим кабыл алынбасын, ал коомдук талкуу жана макулдашуу аркылуу кабыл алынууга тийиш. Бирок мыйзам адамдын акылына негизделсе, анда ар дайым пикир келишпестиктер да орун алат. Консенсуска жана өз ара келишимге таянган түзүм табиятынан эле кемчиликтүү болуп, кечигүүлөргө, карама-каршылыктарга жана шал абалга дуушар болот. Эгер американын демократиясы «эркиндиктин белгиси» катары көрсөтүлүп жаткан болсо, анда шатдаун анын калбай ээрчүүчү көлөкөсү!
Ошол себептен, биз башка идеологиялык моделди сунуштайбыз. Тактап айтканда, Исламий идеологиялык модел! Ал бийлик жана мыйзам булагы тууралуу түп-тамырынан башка түшүнүккө негизделет. Исламда мыйзам элдин эркинен же макулдашуусунан келип чыкпайт, ал Кудайдын рисалатынан – шарияттан келип чыгат. Демек, саясий бийлик коом тарабынан берилген ыйгарым укук эмес, ал халифанын Кудай белгилеген мыйзам-эрежелерин ишке ашыруучу милдети!
Исламда, падыша жеке эркинен келип чыгып мыйзамды ойлоп таппайт. Ал мыйзамды Кудайдын шариятынын негизинде кабыл алып, анын буйругун аткарган абалда ага кызмат кылат. Анын жеке эрки, мыйзам тартибин негиздебейт, бул иш Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллаанын буйругуна токтолот. Айрыкча эл же партия, эгер шарий далили жок болсо, өз пикирине таянып мыйзам талкуулай албайт. Демек, Исламда бийлик да, эл да үстөмдүк кыла кылбайт. Үстөмдүк толугу менен Шариятка таандык.
Мындай түзүмдө шатдаун сыяктуу шал абал теорияда да иш жүзүндө да болушу мүмкүн эмес. Анткени түзүмдү шатдаунга туш кыла турчу себеп – чечимдин мыйзамдуулугун талашуу процессинин өзү жок. Капиталисттик системада ар бир кадам макулдашууга муктаж болсо, ислам түзүмүндө мыйзам чыгаруучу негиз (коида) алдын ала белгиленген. Жараткандын каалоосу адамдын аракетинин чегин аныктайт, андыктан башкаруу саясий абалдын өзгөрүшүнө көз каранды эмес. Бийликтин механизми бирдиктүү негизделген жана карама-каршылыктан таза, аткаруу жоопкерчилиги башкаруучуда, ал эми мыйзамдын булагы өзгөрбөйт жана кайра каралышы да талап кылынбайт.
Исламдын административдик жана саясий башкаруу тутуму жеке көз караш менен өзүм билемдикти жокко чыгарып, аларды Жараткандын мыйзамына баш ийүү негизи менен алмаштырат. Бул түзүм адамдык сыпатты мыйзам чыгаруучу эмес, аткаруучу даражага койгон. Демократиялык система пикирлер эркиндигин камсыз кылууга урунганы менен, бүтпөгөн талаштарга жол ачып жатса, Ислам түзүмү мыйзамдын туруктуулугуна, өзгөрбөс тартипке негизделет. Ошондуктан Ислам башкаруу түзүмүндө шатдаун мүмкүн эмес, анткени анда бийликти бөгөттөөчү ички механизм жок. Ал эч кандай келишүү-макулдашууга муктаж эмес, анткени анын негизи адамдардын макулдашуусу эмес, Улуу Жараткандын акыйкат жана адилетүүлүгүн орноткон ишенимге негизделет.
“Акыры) Жараткан Зат (Өзү жоктон бар кылган нерселерди) билбейби?! Ал Мээримдүү жана (ар нерседен) кабардар Зат.
(Сура «Аль-Мульк», 67:14.)
Демек, АКШдагы шатдаун бул демократиялык – капиталисттик системанын алсыздыгынын жана оорулуу абалынын белгиси. Ал пайда жана кызыкчылык издөөгө негизделген система болгондуктан, эркиндик менен натыйжалуулуктун ортосундагы түбөлүк карама-каршылыктарды жаратат. Ал эми Ислам башкаруу түзүмү, бирдиктүү жана акыйкат мыйзамга баш ийүү аркылуу туруктуулукту камсыздай алганын эбак эле тастыктап койгон. Башкача айтканда, капиталисттик демократия адамдардын (саясатчылардын) эркинен тең салмактуулукту издеп отурса, ислам идеологиясы бул тең салмактуулукту Алла Таала тарабынан берилген акыйкат катары кабыл алып, бийлик менен адилеттүүлүктү бириктирип мусулмандарга ишенимдүү туруктуулукту тартуулайт.
Латыфул Расых




