Макала
Trending

Бийликтин коркуусу жана тарыхтын кайталануусу 

Бийликтин коркуусу жана тарыхтын кайталануусу 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров акыркы кайрылуусунда өлкөдөгү бийлик алмашуусуна же абалдын туруксуздашуусуна эч кандай негиз жок экенин айтты. Анын айтымында, айрым топтор социалдык көйгөйлөрдү колдонуп, элдин нааразычылыгын күчөтүүгө жана кече жакын болуп өткөн окуяларды кайталоого аракет кылып жатышат. Ал мамлекет бүгүн күчтүү экенин, эл ким бийликте болушу керектигин жакшы билерин баса белгиледи.

Бир караганда бул сөздөр ишенимдүү жана туруктуулукка чакыргансыйт, бирок саясий көз караш менен караганда, президенттин бул билдирүүсүнүн аркасында көбүрөөк ишенимден тынчсызданып жатканын байкаса болот.

Себеби, Кыргызстандын тарыхы мындай билдирүүлөрдү өзгөчө маанилүү кылат. Өлкө үч жолу саясий төңкөрүштү башынан өткөргөн жана ар бир төңкөрүш, бийлик элдин нааразычылктарын маанисиз деп эсептегенинен башталган. Ошондуктан президенттин эч кандай «туруксуздукка негиз жок» деп айтышв, чындыгында коркунучтун бар экенин билдирет. Тагыраагы, президент коомду, же балким өзүн да кооптонууга негиз жок экенине ишендирүүгө аракеттенүүдө. Чындыгында бийликтин тынчсыздануусуна олуттуу негиздер бар. Эң эле маанилүүсү, капиталисттик багыт, пайда издөөгө негизделген саясат, андан келип чыккан экономикалык кыйынчылыктар, теңсиздиктин өсүшү, реформалар менен убадалардан чарчаган эл жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимдин төмөндөшү.

Мындан да маанилүүсү, Садыр Жапаровдун өз билдирүүсүндөгү ыктымал болгон “коркунучтун” булагын сүрөттөөсү болууда. Анда “күңүрт схемалар жоюлгандан кийин кирешесинен айрылгандар” күнөлүү деп жарыяланды. Тактап айтканда, алар мурдагы аткаминерлер, ишкерлер жана коррупциялык иштердин катышуучулары. Мындай сөздөр алдын ала опозициялык күчтөрдү айыптоого жана мыйзамсыздык менен жала жабууга урунган ар бир  саясий бийликке мүнөздүү көрүнүш болуп эсептелет. Системалык маселелерди моюнга алуунун ордуна бийлик ар дайым «айыптууларды» издейт. Анткени коркунучту бир нече «капаланган адамдарга» жүктөп койсо, аны көзөмөлдөө да жеңил болот. Бирок бул ыкма бийликтин ички коркуусун да ашкерелейт. Тагыраагы элдин нааразычылыгы көзөмөлдөн чыгып, массалык сынга айланып кетишинен болгон коркууну ачыктайт.

Чынында, Кыргызстандагы бийлик үчүн эң чоң коркунуч бул туруксуздуктун өзү эмес, анын механизми. Эл жакшы билген бул механизмде бүгүнкү жетекчилер да бир кезде өздөрү катышкан. Бийликти төңкөрүш аркылуу жоготуу, бул өзүнүн эле басып өткөн жолунан коркуу. Анткени бүгүн алар дал ушул «коркунуч» деп атаган сценарий, бир кезде алардын өз колундагы курал болгон. Ошондуктан «өнүгүү», «курулуш» деген сөздөр азыр арбоо сөздөрү сыяктуу угулат. Муну менен алар өздөрү козгогон “илгерки” балээден  коргонууга аракеттенишүүдө.

Кыргызстандагы капиталисттик саясат көптөн бери “кайтар дүйнө” принцибинде иштеп келет. Ар бир жаңы бийлик башкалардын каталарын оңдоого, коррупцияны токтотууга, зомбулукту жоюуга убада берет, бирок убакыт өтүп,  бийлик өзү эле ошол ажыдаарга айланат. Анткени бийлик канчалык «тынчтык» жана «туруктуулук» жөнүндө көп сүйлөсө, ошончолук анын ишенимсиздиги жана коркуусу байкалат. Чындыгында туура идеология менен башкарган жана элдин ишенимине ээ болгон бийлик эч качан жалган кепилдиктерге муктаж болбойт.

Мындай кырдаалда «Коркоктун көзү чоң» деген элдик макал эске түшөт. Бийлик канчалык көп тынчтык жөнүндө айтса, ошончолук анын ичиндеги тынчсыздануу сезиле баштайт. Бүгүн алардын эң көп корккону эл же душман эмес, балким тарыхтын өзү. Анткени тарых бир күнү алардын өздөрү жасаган кылмыштарын кайра кайтарып берет.

Жараткан Алла Таала Куранда адамдарга мындай эскертүү жасаган:

“Аллахты унуткандары себеп, Алла алардын өзүлөрүн унуттуруп койгондордон болбогула! Дал ошолор бузукулар”. (Куран, 59:19)

Абду Шукур

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button