
Бийлик динди саясий куралга айландырууда
Президент Садыр Жапаров кезектеги маегинде 55 миллион долларга мечит жана медресе куруп жаткан ишкер Абдукадыр Хабибулланын «айкөлдүгүн» баса белгиледи. Ошол эле учурда президент ишкерди медиа тармагында активдүү түрдө алдыга жылдырып, жеке курулушту мамлекеттик саясий акцияга айлантып жатат. Президенттин мындай кадамына байланыштуу олуттуу суроолор жаралат.
Расмий версия боюнча, бизнесмен кымбат мейманкана куруп жатканы менен “жоомарттыгынан” улам, элге үлкөн мечит менен медресе белек кылып жаткансыйт. Жапаров ишкердин эч кандай жеке кызыкчылыгы жок экенин, баары өз ыктыяры менен болуп жатканын, ал эми бийлик болгону инвесторлор үчүн шарт түзүп берип жатканын түшүндүрүүгө аракеттенди. Бирок Кыргызстанда мындай «белектер» көптөн бери саясий бүтүм катары кабыл алынып келет. Тактап айтканда, бизнес бул аркылуу коргоо жана өзгөчө мамилеге ээ болот. Ал эми бийлик болсо, кооз пиарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн алып, өзүн дагы да мыйзамдаштырып алат.
Хабибулланын “берешендиги” мындай өжөрлүк менен баса белгилениши руханий көрүнүш катары эмес, алдын ала ойлонулган куулук ыкмасы катары көрүнүүдө. Анткени Президент ишкерди өзү алдыңкы планга чыгарып, миллиондогон акча каражат тууралуу өзү айтып, «элге камкор» деген образын түзүүдө. Бул иш, жеке адамдан келип чыккан жөнөкөй аракетке такыр окшобойт. Тескерисинче, анын ролу бийликтин стратегиялык схемасында бар. Тактап айтканда, коомчулукка бул тууралуу эч нерсе жарыяланбаса да, мындай ишкерлер каржылык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык, президенттин имиджин бекемдөөчү курал катары колдонулат.
Медресенин түздөн-түз мамлекеттик көзөмөл астында курулуп жатканы да шек-күмөн жаратууда. Президент расмий түрдө мындай демилгелер туура эмес диний агымдарга туруштук берүү үчүн каратылганын белгилөөдө. Ошол себептен ал диний билим берүүнүн бирдиктүү системасын түзүү жөнүндө ачык айтып жатат. Мында 18 жашка чейинки балдар өлкөнүн ичинде окутулуп, бардык бүтүрүүчүлөр миңдеген мечиттерге имам болуп дайындалат. Бирок иш жүзүндө, бул түздөн-түз мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүүчү диний уюмду түзүү аракети. Кыргызстандын калкынын көбү мусулман болгондуктан, мамлекет алардын дүйнө таанымын пайда кылуучу жана аларга таасир берүүчү ислам динин ооздуктоого урунуп жатат. Мунун баары руханийликке жана динге “кам көрүү” шылтоосу менен аткарылууда.
Бийлик диний уюмдарды кескин чектеп, билим берүүгө көзөмөлүн күчөтүп жана жаштарга чет өлкөдөгү ислам окуу жайларына тапшыруу жолдорун жабып жаткан маалда, мечит медреселерди куруу тууралуу сыймыктануу менен жарыялоо – чынында бийликтин ашыкча бетбактыгын тастыктайт. Башкача айтканда, мечит менен медресе жөн эле «белек» эмес. Бул диний ой-пикирди ооздуктай турган идеологиялык көзөмөлдүн бир көрүнүшү. Ал эми көзөмөлдүн астындагы билим берүү аркылуу, имамдар «руханий жаңылануу» урааны менен коомду башкаруу ыңгайлуу болот.
«Радикализмге» каршы күрөш деген шылтоо менен бийлик өзүнүн идеологиялык багытын бейкапар куруп жатат. Ошентип канчалык «туура тарбия» жөнүндө көп айтылса, ошончолук бийликтин саясий кызыкчылыктары айкын болууда.
Балдардын кайда жана эмнени окуп жатканын, минбарда ким турганын, ким насаат айтып жатканын көзөмөлдөө менен, бийлик руханий мейкиндикке монополия кылууда!
Ошондуктан, Жапаровдун жогорудагы ишкердин таза жоомарттыгы жана мамлекеттин жакшы ниеттери жөнүндөгү сөздөрү ишенимсиз угулат.
«Кайрымдуулук» менен дин саясий бүтүмдүн куралы катары иштетилип, бйиликтеги саясатчылардын оюнуна айланган соң, мындай билдирүүлөр чыныгы максатты жашырып жаткандай туюлат. Тагыраагы коомдун эң сезимтал жерин көзөмөлдөө аркылуу мамлекет өз бийлигин бекемдөөгө аракеттенип жатат.
Ошондуктан 55 миллион долларлык мечит, эч кандай руханийликти билдирбейт. Тескерисинче, ал бийликтин саясий лоялдуулук менен аң-сезимди башкаруу үчүн динди монетизациялай баштаганынын белгиси.
«Алар Алланын аяттарын арзан баадагы нерселерге алмаштырып (инсандарды) Анын жолунан (дининен) тосушту. Чынында эле, алар эң жаман ишти кылуучу болушту» (Тообо, 9:9).
Абду Шүкүр




