Макала

Дин кайрадан курал катары колдонулуп  жатат

Дин кайрадан курал катары колдонулуп  жатат

Өткөнкү VIII дүйнөлүк салттуу дин лидерлеринин жыйынында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев дин уюмдарын жөн гана руханий иштер менен чектелбей, азыркы мезгилдин курч социалдык жана экологиялык көйгөйлөрүн чечүү үчүн катышууга чакырды. Анын айтымында дин жашоо кыйынчылыктарын жеңүүдө дайыма маанилүү рол ойноп, адамдарды жакшы иштерге шыктандырып, муктаждарга жардам берип келген. Ошондуктан анын пикиринде, диндердин өзгөртүүчү потенциалын жакырчылыкка каршы күрөшүүдө, гуманитардык жардам көрсөтүүдө, экологиялык маселелерде жана алсыз катмарларды колдоодо иштетүү зарыл.

Бирок бул демилге кененирээк каралганда бир катар олуттуу суроолорду жана карама-каршылыктарды жаратат. Биринчиден, ал Казакстандын саясий системасы расмий түрдө таянган секуляризм доктринасына түздөн-түз каршы келет. Секуляризм дин менен мамлекетти так ажыратууну, анын саясатка, экономикага жана билим берүүгө таасирин четтетүүнү көздөйт. Бирок дин ишмерлерди климаттык саясат, социалдык теңсиздик жана жакырчылык сыяктуу светтик көйгөйлөргө аралаштыруу светтик жана диний мейкиндиктин чегин күңүрттөп жатат. Акыркы он жылдарда диндин коомдук турмушка таасири атайылап чектелип келсе, бүгүн мамлекет тескерисинче, динди өзүнүн максаттары үчүн пайдаланууга аракет кылууда.

Чындыгында, бул мамлекеттин өзүнүн чектелгенин жана системалык көйгөйлөрдү өз алдынча жеңе албай жатканын көрсөтөт. Казакстандын экономикасы менен социалдык түзүлүшү  капиталисттик моделге негизделген. Бул модел альтруизм (чын дили менен кызмат кылуу),  руханий принциптерге таянган механизмдерди камтыбайт. Акысыз жардам берүү, курмандыкка баруу жана алсыздарды сөзсүз колдоо принциптери пайдапарастык жана рационалдуулуктун эсебинен четке сүрүлүп калган. Бул системада социалдык коргоо макроэкономикалык тең салмакка зыян келтирбеген деңгээлде гана бар, ал эми гуманитардык демилгелер көп учурда чыныгы адеп ахлак жаатындагы жоопкерчиликтен эмес, зоболосун көтөрүү саясатынан келип чыгат. Диндерге болгон мындай  кайрылуу — бул мамлекеттин учурдагы бийлик модели жана системасы, прагматикалык логикадан тышкаркы болгон маселелерди чече албастыгын тан алып жатканын түшүндүрөт.

Ошол эле учурда дин уюмдарына мындай кайрылуунун мүнөзү да күмөн жаратат. Кеп динди коом жана мамлекет үчүн актуалдуу чечимдерди бере алган толук кандуу система жана идеология катары билүү тууралуу эмес, динге чыныгы таасир берүү жана саясий тан алуу ыйгарылбастан анын күч-кубатын жана баалуу ресурсун колдонууда болуп жатат. Мамлекет экономикадан баштап адеп-ахлакка чейин бардык таасир берүү рычагтарын өз колуна алган. Бирок мамлекет кризиске кабылган соң элдин ишенимине ээ болгон диний уюмдардын коомдук колдоосун иштетип алганга аракет кылууда. Мындай мамиле адилетсиздикти жаратат. Дин моралдык көйгөйлөрдү чечүүчүнүн ролун аткарат, бирок көз карандысыздыкка жана өзүнчө статуска да ээ боло албайт. Башкача айтканда, бул бир тараптуу келишим. Анда мамлекет динди саясий күч катары тааныбай, өз көйгөйлөрүн чечүүгө колдонот.

Мындай руханий ресурстарды пайдалануу — манипуляция жана стратегиялык алдоо. Мамлекет өзүнүн капиталисттик түзүмүнүн туткуну болуп калды. Анткени бул түзүм туура жана натыйжалуу чечимдерди таба албагандыгынан, диндердин моралдык авторитетине таянууга аргасыз. Бирок ошол эле учурда мамлекет бийликке, ресурстарга жана институттук көзөмөлгө болгон монополиядан баш тарткысы келбейт. Ал динди коом көйгөйлөрүн чечүүдө жардам берүүгө чакырат, бирок аны менен бийлик бөлүшүүгө даяр эмес. Бул башкалардын абалга таасир берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, алардын баалуулуктарын өз пайдасына колдонууну түшүндүрөт. Мындан тышкары, ушундай  позиция мамлекетке жоопкерчиликтен качууга шарт түзөт. Эгер көйгөйлөр чечилбей жаткан болсо, күнөө натыйжасыз диний уюмдарга жүктөлөт. Ал эми мамлекет суудан кургак чыгат, аткени ал эбак эле гуманитардык маселелерди диний уюмдарга жүктөп койгон. Натыйжада мамлекет өзүнүн адилетсиз башкаруусунун кесепетин башкага оодарып динди күнөөлүү кылат.

Акыры, биз терең эки жүздүүлүккө күбө болуудабыз. Дин туруктуу коомду негиздей турган идеологияга, баалуулуктарга жана механизмдерге ээ. Бийлик муну моюнга албастан кризис учурунда, динди пайдаланып баардык нерсени көзөмөлдөгөнсүп жатат. Эгер мамлекет динди чыныгы чечим булагы деп эсептесе, анда эмне үчүн аны толук кандуу дүйнө каршка ээ болгон система катары тан албай жатат? Эмне үчүн бийлик динди каада салт алкагында гана чектөөдө? Мына, чыныгы  эки жүздүүлүк ушунда болуп жатат! Моралдык ресурстар жетишсиздик кылган учурда, алар динге кайрылышат бирок коомдук саясатка аралашууга келгенде мүмкүнчүлүк беришпейт.

Ошондуктан, Токаев көтөрүп чыккан  демилгени капиталисттик башкаруу моделинин бузулуу белгиси катары кабыл алуу керек. Бул түзүмдө, пайдапарастык адамдык сыпаттарды толук сүрүп чыгарды. Пайда коом арасындагы мамилелерди өзгөрттү. Эми мурда четке кагылып келген моралдык ресурстар (дин) акыркы үмүт катары колдонулмакчы. Бирок диний институттардын актуалдуулугун моюнга алуусуз жана аларды пайдалануудан баш тартуусуз, мындай кызматташуу үстүрт жана натыйжасыз болот. Акыры мындай иш-аракеттер коомдун динге жана бийликтин өзүнө болгон ишенимин жок кылат. Ал эми жат түзүмгө кызмат кылып келген бийлик, жоопкерчиликти тан албай кала берет.

Хужжат Жамиа

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button