Макала

Дипломатиябы же эмгек мигранттары унутта калдыбы?

Дипломатиябы же эмгек мигранттары унутта калдыбы?

2025-жылдын 10-августунда Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, Путин Жапаровду Украина кризисин жөнгө салуу боюнча АКШ тарап менен жүргүзүлгөн акыркы дипломатиялык байланыштардын жүрүшү жөнүндө кабардар кылды. Садыр Жапаров берилген маалымат үчүн Путинге ыраазычылык билдирип, аталган кризисти чечүүгө багытталган саясий-дипломатиялык аракеттерди колдоого аларын билдирди.

Эмне үчүн Жапаров менен Путиндин сүйлөшүүсүндө негизги көңүл Украина кризисине бурулду деген табигый суроо туулат. Учурда өлкө ичиндеги көйгөйлөрдү, анын геосаясий абалын эске алганда, сүйлөшүүнүн күн тартиби Садыр Жапаров үчүн анчейин маанилүү эмес. Анын үстүнө, акыркы убакта Кыргызстан Россиядагы эмгек мигранттарына байланыштуу курч маселелерге туш болуп келет.

Украина кризисин талкуулоо, албетте, бул жаңжалга түздөн-түз тиешеси бар Россия үчүн маанилүү, бирок Кыргызстан үчүн эмгек мигранттары маселеси алда канча курчураак көйгөй. Жыл сайын болжол менен бир миллионго жакын кыргызстандык Россияда иштеп, мекенине акча жиберет. Россия мигранттар үчүн эрежелерди барган сайын татаалдаштырып жатат. Мисалы, Санкт-Петербургдагы ишке орношуу эрежелеринин өзгөрүүсү, курьерлик тармакта иштөөгө чектөөлөрду айтсак болот. Кыргызстандыктар күндөн күнгө эмгек базарында тоскоолдуктарга жана Россиядагы социалдык туруксуздуктун өсүшүнө дуушар болушууда.

Эмне үчүн дал ушул темалар талкууланган жок? Балким, Жапаров үчүн дипломатиялык контекстте Путиндин тышкы саясат маселелерин колдоосу ички экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдөн маанилүүрөөк болуп жатса керек. Бирок бул жерде да суроо туулат, эгерде тышкы саясатка артыкчылык берилсе, анда Кыргызстан өз кызыкчылыгын качан натыйжалуу коргой алат?

Мындан тышкары, 14-августта Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Бишкекке келерин эске алганда, мигранттар маселеси ушул жолугушуунун маанилүү бөлүгү болушу мүмкүн эле. Бирок көрүнүп тургандай, Мишустин менен болгон орус-кыргыз сүйлөшүүлөрүндө негизинен экономикалык жана маданий кызматташуу, инфраструктураны жана айыл чарбасын өнүктүрүү маселелери талкууланат. Миграция темасы, кыргызстандыктардын жашоосунда маанилүү орунду ээлесе да, күн тартибине киргизилген эмес. Бул болсо Россия менен болгон мамиледе Кыргызстан Кремлдин кызыкчылыгын өз жарандарынан жогору коюуга аргасыз экенин көрсөтөт.

Андан тышкары, Россиядагы мигранттардын эмгек шарттарынын начарлашы ишкерлер жана адистер деңгээлинде талкууланчу олуттуу маселе. Мигранттарга курьерлик тармакта иштөөгө тыюу салуу жана башка чектөөлөр Россияда иштеген кыргызстандыктар үчүн кошумча кыйынчылыктарды жаратат. Бирок, маалыматтарга караганда, бул маселелер алдыдагы сүйлөшүүлөрдө такыр эле каралбайт. Анын ордуна расмий экономикалык кызматташтыкка басым жасалат.

Бул эмнеге маанилүү. Россияда кыргызстандыктардын эмгек жана социалдык коргоо маселелерин жогорку деңгээлде талкуулоонун жоктугу абалга карата олуттуу мамиленин жоктугунан кабар берет. Мындай кетиште Кыргызстан ички көйгөйлөрүн чечпей туруп, тышкы экономикалык факторлорго көз карандылыгын күчөтүү коркунучуна туш болот. Россия экономикасы кадрлардын тартыштыгына дуушар болуп, жаңы жумушчу күчүнө муктаж болуп турганда, кыргызстандыктар туруксуз эмгек рыногунан жана шарттардын начарлашынан жабыркоодо.

Кыргыз бийлиги Мишустин менен болгон жолугушууну эмгек мигранттарынын маселелерин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк катары пайдалануунун ордуна мурдагыдай эле Россиянын саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын өз жарандарын коргоодон маанилүү көрүп жаткандай.

Ошентип, Садыр Жапаровдун жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр учурунда талкуулаган кун тартиби Кыргызстандын бул диалогдордо чыныгы ролу кандай экенин көрсөтүүдө. Мигранттардын Россиядагы абалы начарлап жаткан шартта Украина кризиси сыяктуу тышкы саясат маселелерин гана талкуулоо, кыргызстандыктардын чыныгы кызыкчылыктарына жетиштүү көңүл бурулбай жатканын тастыктайт. Эгер бул багыт уланса, Кыргызстан экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жоготуп, кошумча социалдык жана экономикалык тобокелдиктерге дуушар болуу коркунучунда калат.

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button