Зангезур коридору: геоэкономикага каршы геосаясат

Зангезур коридору: геоэкономикага каршы геосаясат
Зангезур транспорттук коридор долбоору сүйлөшүү фазасынан техникалык ишке ашыруу этабына өтүп жатат. Азербайжан өз аймагындагы, анын ичинде Нахчиван чек арасындагы тилкеде транспорттук инфраструктураны активдүү өнүктүрүүдө. Түркия да Карс аркылуу темир жол байланышын камсыз кылууга даяр экенин тастыктады. Ошол эле учурда Армения бул коридор долбоорун кабыл алуудан бир тараптуу баш тартып, өз аймагындагы транзиттик жолго толук кандуу көзөмөл талап кылууда. Бул болсо долбоордун ишке ашуусу Ереван менен Бакунун ортосундагы саясий макулдашууларга жана аймактагы жаңы транспорттук архитектурага аралашкысы келген ири тышкы күчтөрдүн позициясына көз каранды болот дегенди билдирет.
Бул логистикалык демилгеге үстүртөн көз чаптырсак, Азербайжан, Армения жана Түркия өңдүү регионалдык оюнчулардын кызыкчылыктары кагылышып жаткандай көрүнөт. Бирок, чынында Зангезур коридору глобалдык тирешүүнүн майданына айланууда. АКШ, Кытай жана (табигый түрдө) Россия бул коридорду көзөмөлдөөгө умтулууда. Бул күрөш жүктөрдү гана эмес, транспорттук коридорлорго таасир этүү куралы, базарларга жол ачуу жана Евразиядагы стратегиялык тең салмакты өзгөртүү үчүн күрөш болуп саналат.
Экономикалык жагынан Зангезур коридорун Суэц же Панама каналдары менен салыштырсак, анын пайдасы абдан эле аз. Бул каналдар аркылуу өтүүчү жүктөрдүн көлөмү жана алардын глобалдык соодадагы мааниси бир нече эсе жогору. Мисалы, Суэц каналы дүйнөлүк сооданын 12%ын камсыздап, жылына Египетке 9–10 миллиард доллар киреше алып келет. Ал эми Панама каналы Атлантика менен Тынч океандын ортосундагы негизги тамыр болуп, жылына 4 миллиард доллар таза киреше берет.
Салыштыруу үчүн айтсак, Зангезур коридору аркылуу жылына 10–15 миллион тонна жүк өтүп, (катышуучу өлкөлөр: Азербайжан, Түркия, Армения, Казакстанга) эң көп дегенде бир нече жүз миллион доллар киреше келет. Бул кургактагы инфраструктурага кетүүчү чыгымдарды, татаал логистикалык чынжырларды жана саясий туруксуздук коркунучтарын эске алганда, деңиз каналдарына салыштырмалуу кыйла аз.
Бирок АКШнын тышкы саясат көз карашынан алганда Зангезур коридору да көзөмөл объектиси катары стратегиялык жактан баалуу. АКШ тарыхында Панама каналы экономикалык долбоор эмес, деңиз соодасы менен аскерий кыймылдарга көзөмөл кылуучу стратегиялык курал болгон. Азыр да Вашингтондун Зангезур коридорунун бир бөлүгүн ижарага алуу сунушу аймакта болуу жана таасир этүү каалоосунун далили. Бул аркылуу АКШ кошумча киреше эмес, саясий рычагга ээ болууну көздөйт.
Вашингтон Арменияга коридордун негизги 32 чакырымдык тилкесине көзөмөл коюуну сунуштап, бул тилкени 100 жылга чейин тышкы башкарууга алуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул ыкма Панама каналында же аскердик базаларда колдонулган стратегияларга окшош. Негизги максат – логистика эмес, геосаясат. АКШ бул аракет аркылуу Россияны сүрүп чыгарууга, Иранды алсыздандырууга жана “Ортоңку коридордун” ушул бөлүгүндө Кытайдын таасирин чектөөгө умтулат. Ошентип, Зангезурду көзөмөлдөө – Кытайга Евразия инфраструктурасын АКШнын көзөмөлүсүз колдонууга жол бербөөнүн жолу болуп саналат.
Кытай болсо бул маршрутту Россия аркылуу өтүүчү жолго альтернатива катары көрөт, анткени Россиянын транспорттук жолдору санкция жана согуштук аракеттер тобокелчилигинин кучагында. Пекин “Бир алкак — бир жол” демилгеси алкагында коридорлорду диверсификациялоого кызыкдар жана Каспий менен Түштүк Кавказдагы инфраструктурага инвестиция салып, портторду, терминалдарды жана темир жолдорду өнүктүрүүдө. Бирок Кытай бул багытта этият жана кыйыр аракеттерди көрүүдө. Алар түз саясий же аскердик катышуунун ордуна мультимодалдуу транспорттук өнөктөштөрдү жана көп тараптуу логистикалык платформаларды ишке ашырууну артык көрөт.
Бул тирешүүнүн алкагында Азербайжан оор абалга туш болууда. Бир жагынан, Баку коридорду өзүнүн таасирин күчөтүү, экономикалык өсүү жана Нахчиван менен байланышты чыңдоо куралы катары колдонууга белсенип турат. Экинчи жагынан, Зангезур коридорунун ачылышы, өзгөчө тышкы күчтөрдүн аскерий же саясий кийлигишүүсү менен коштолсо, аймак түзмө-түз колониялык кызыкчылыктар кагышкпн майданга айланат. Кыска мөөнөттүү келечекте Азербайжан транзиттик кирешелер жана Армения тараптан саясий жеңилдиктерге жетишсе болот, бирок узак мөөнөттө бул коридордо эгемен көзөмөлдү жоготуп, тышкы басымдардын күчөшү жана чек ара аймактарда туруксуздук коркунучу менен бетме-бет калышы мүмкүн.
Бул тармакта Түркия активдүү өнөктөш катары чыгып жатат, бирок анын максаттары логистика менен эле чектелбейт. Анкара Босфордон Каспийге чейин, андан ары Борбор Азия жана Пекинге чейин созулган транспорттук-саясий түз сызык курууну көздөп, аны түрк дүйнөсү идеясы менен актоого аракет кылууда. АКШ болсо бул долбоорго түз аралашпай, Түркияны аймакта тең салмактуулукту жөнгө салуучу күч катары колдойт. Анткени ал Иран, Россия жана Кытайдын таасирин бир эле убакта чектей алат. АКШ ошентип, Түркия жана Баку менен кызыкчылыктар боюнча ийкемдүү альянс түзүп, аларды өз алдынча, бирок координацияланган оюнчулар катары аракеттендирүүдө. Бирок бул альянста ички карама-каршылыктар жок эмес: Түркия Батыш менен Чыгыштын ортосун тең салмактап жатса, Азербайжан Батыш стратегиясынын курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Армения, алсырап турганы менен, абдан маанилүү артыкчылыкка — маршрут өтүүчү аймакка ээ. Ереван бул аймактын эгемендүүлүгүн сактап калабы же жокпу келечектеги коридордун форматы аныктайт . Башкача айтканда, ал Армениянын юрисдикциясындагы транзит болобу же АКШ башкаруусундагы экстерриториялык долбоорго айланабы сүйлөшүүлөр жыйынтыгы аныктайт.
Ошентип, Зангезур коридору долбоору өткөөл фазада турат. Инфраструктуралык жактан өнүгүп жатат, бирок саясий жактан туруксуз бойдон калууда. Катышуучу өлкөлөргө убада кылынган экономикалык пайда, ишенимдүү макулдашуулар жана кепилдиктер болмоюнча бул долбоор кагаз жүзүндө кала берет. Ал эми мусулмандар басымдуулук кылган бул өлкөлөр үчүн саясий тобокелчиликтер күчөп баратат. Азербайжан көзөмөл жана киреше издеп жатып, өз аймагын АКШ, Кытай жана Россия сыяктуу ири державалардын тирешүү аянтчасына айландырып жиберүү коркунучу алдында турат. Бул болсо саясий көз карандылык жана узак мөөнөттүү туруксуздук коркунучун пайда кылат. Бул аймактагы бакубат жашоо жана туруктуулук Усманий Халифалык доорунда камсыздалганы сыяктуу экинчи Рошид Халифалык аркылуу гана кепилденет.
Латыфул Расых