
Катардын жардамы «коррупциялык схеманы» легалдаштыруу
Катар Бишкектеги Шаардык тез жардам ооруканасынын жаңы корпусун курууга 9 миллион доллардан ашык каражат бөлүүдө. Долбоор Кыргызстандагы Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө багытталганы айтылууда. Аталган жардам кайтарымсыз негизде берилип жаткандыгы маалым, бирок келишимдин майда-бараттары, ачык-айкындуулугу, каражаттын натыйжалуу пайдаланылышы жана тараптардын ортосундагы макулдашуулардын мүнөзү коптөгөн суроолорду пайда кылууда.
Жалпы гранттын көлөмү 9 миллион 240 миң долларды түзөт. Бул каражатар жаңы корпустун курулуусуна жана жабдууларды сатып алууга жумшалат. Бирок бул сумманын көбү, көздөлгөн максатты ишке ашырууда толук кандуу сарпталбайт. Мунун ачыктамасы төмөнкүдөй: гранттын 3 пайызы, тагыраагы – 277 миң 200 доллар Катар тараптын административдик чыгымдарын жабуу үчүн бөлүнөт. Дагы 7 пайызы, тагыраагы – 646 миң 800 доллар консультациялык кызматтарга жумшалат.
Ошентип, жалпы каржылоонун 10 пайызы, (924 миң доллар) түздөн-түз курулушка же медициналык максатка тиешеси жок багыттарга башынан эле ээлеп коюлган. Бул «гуманитардык жардам» деген аталыштагы каражаттын мындай бөлүштүрүлүшү канчалык негиздүү деген суроону жаратат. Айрыкча, консультациялык кызматтар кандай болору келишимде так ачыкталган эмес. Аны ким аткарат, адистердин квалификациясы кандай, кандай шартта ишке алынат жана бул кызматтар долбоорго кандай практикалык пайда берери белгисиз.
Курулушка тиешелүү долбоордук-сметалык документация Бишкек мэриясы тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен даярдалган. Тактап айтканда, кыргыз тарап грант алынганга чейин эле өзүнүн эсебинен долбоорго инвестиция кылып жатат. Бирок бул чыгымдарды компенсациялоо иш-чаралары каралган эмес. Натыйжада, Кыргызстандын бюджетинен сарпталып жаткан долбоор, толугу менен чет өлкө тарабынан каржыланууда деп көрсөтүлүп жатат.
Тендер өткөрүү схемасына да өзгөчө көңүл буруу зарыл. Курулушту алып баруучу мекеме кыргыз бийлиги тарабынан эмес, Катар өнүктүрүү фонду тарабынан тандала турган болду. Тендер катар жана кыргыз базарларында бир убакытта өткөрүлүп, аткаруучулар жана жабдууларды жеткирүүчүлөр Катар тарабынан дайындалат. Ошентип, каражаттын кантип пайдаланылышы жана долбоорду ким ишке ашырары толук түрдө, катар тараптын көзөмөлүндө болот. Бул Кыргызстандын долбоорго карата таасирин чектейт.
Келишим долбоору, Жогорку Кеңеште үч окууда тең эч кандай талкуусуз жактырылды. Конституциянын практикалык жагы, парламенттик көзөмөл жана эл аралык ресурстарды пайдалануудагы жоопкерчиликке байланыштуу суроолор жаралат. Жүз миллиондогон сомдор ачык-айкындуулугу күмөн болгон административдик жана консультациялык чыгымдар менен долбоорго багытталып жатканы жана парламент аны шашылыш тартипте бекитип бергени институционалдык көзөмөлдүн алсыздыгын жана ачык-айкындуулук механизмдеринин натыйжасыздыгын даана көрсөтүп турат. Бул коррупцияга шарт түзүүчү жагдай.
Өлкөдө Саламаттык сактоо тармагы каржылоонун жетишсиздигинен жапа чегип турган учурда, 924 миң доллар башкаруу жана консультацияга бөлүнүп жатканы өзгөчө талаш-тартышты жаратат. Жардам катары бөлүнүп жаткан каражаттардын олуттуу бөлүгү, «административдик» жана «консультациялык» шылтоо менен, донорго кайра кайтаруучу схема катары колдонулушу мүмкүн. Бул нерсе, формалдуу келишимдер аркылуу легалдаштырылат.
Долбоор, албетте коом үчүн зарыл жана актуалдуу. Эгер долбоор шарият негизинде жана натыйжалуулук көз карашынан чыгып сапаттуу ишке ашырылса, өлкөгө пайда алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, аны ишке ашыруунун шарттары коомдук, парламенттик көзөмөлдү талап кылат. Айрыкча консультациялык кызматтар боюнча келишимдер, тендер өткөрүү механизмдер жана каражаттын максаттуу пайдаланылышы кылдат көзөмөлдөнүшү зарыл.
Шариат боюнча, садака жана хиба (кайрымдуулук) чын ниеттен чыгып, пайдапарастыктан алыс болгон абалда берилиши керек. Ал эми каражаттын колдонулушу – ачык, адилеттүү жана так максаттуу болушу зарыл. Донорду же ага байланыштуу түзүмдөрдү бөлүнгөн сумманын эсебинен сыйлоо, эгер ал чыгымдар негиздүү жана ачык-айкын болбосо, аманат (ишеним) жана ихлас (чынчылдык) принциптерине каршы келет.
Мындан тышкары, консультациялык кызматтардын ачык-айкындуулугунун жоктугу жана тендерди өткөрүүдө катар тараптын өзгөчө макамы, бул кайрымдуулук долбоорунда тең укуктуу өнөктөштүккө доо кетирет. Мындай келишим шариаттагы адилеттүүлүк (‘адл) жана шериктештик негиздерине туура келбейт.
Эгерде жардам ислам негиздерине жараша көрсөтүлүп жатса, анын ишке ашыруу механизмдери да исламдык нормаларга төп келүүсү шарт. Болбосо, бул шариаттагы кайрымдуулуктун идеясына шек келтирип, коом арасында айрыкча диндарлардын арасында ага карата ишенимди солгундатат.
Аллах Таала ыйык Куранда мындай деген: Эй, момундар! Байлыгын элдер көрсүн үчүн сарптаган, Аллага жана Акырет күнүнө ишенбеген кимсеге окшоп, берген садакаңарды колко кылуу жана иренжитүү менен жокко чыгарбагыла. (Бакара сүрөсү, 2:264).
Ал эми биз, кайрымдуулук таза Аллахтын ыраазычылыгы үчүн гана болушу зарыл экендигин эскертебиз! Кайрымдуулук бирөөнүн кызыкчылыктарын көздөбөйт. Ошондуктан «жардам» катары бөлүнүп жаткан каражаттардын бир бөлүгү «административдик» жана «консультациялык» чыгымдар аркылуу донорго кайра кайтып жатса, демек – бул анын ниетинин тазалыгында күмөн бар экендигин билдирет.
Хужжат Жамиа