Макала
Trending

Коопсуздук коркунучту актоочу куралга айланууда

Коопсуздук коркунучту актоочу куралга айланууда

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ыкчам-издөө жана чалгындоо ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Расмий түрдө бул демилге «Санариптик кодекс» менен шайкеш келтирүү жана заманбап шарттарга ылайыкташтыруу зарылдыгы менен түшүндүрүлүп жатат. Бирок жакшылап караганда, «санариптештирүү» жана «ачыктык» тууралуу риториканын артында күч органдарынын ыйгарым укуктарын дагы да кеңейтүүгө жана коом үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган дагы бир кадам жашырылганы көрүнөт.

Долбоорго ылайык, УКМКга байланыш операторлорунун санариптик системаларына кирүү укугу берилет, ошондой эле алдын ала соттун чечимисиз эле ыкчам иш-чараларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

«Улуттук коопсуздукка коркунуч жаралганда» мобилдик түзмөктөрдү өчүрүү укугун берүү бул жасалма коркунуч түшүнүктөрүнүн аныктамасын белгилүү институттар тарабынан эмес, өз ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө кызыкдар күч органдары тарабынан аныкталышынын дагы бир мисалы боло алат. «Бул чечимдер соттук көзөмөлгө алынат» деген билдирүүлөр, иш жүзүндө мыйзамсыз кийлигишүүнү алдын албайт, болгону кийинчерээк гана формалдуу түрдө ишти кайра карап чыгууну билдирет.

Эл аралык мобилдик түзмөктөрдүн идентификациялык коддорун (IMEI) аныктоо функциясынын операторлордон алынып, мамлекетке өткөрүлүшү, байланыш жана коммуникация үстүнөн көзөмөлдү бир колго топтоп коёт. Бул жөн гана техникалык байкоо системасы эмес, жарандардын ар бир аракетин көзөмөлдөөгө жана чектөөгө мүмкүндүк берген толук маалыматтык көзөмөл механизми болуп калат.

Мындай бийлик менен ресурстардын бир жерде чогулушу, саясий жана укуктук жактан мамлекеттин өзүн-өзү тең салмактап турган системасын кыйратат. Аткаруу бийлиги калктын байланышы менен маалымат агымына түз кийлигишүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон учурда, сөз мамлекеттин коопсуздугу тууралуу гана эмес, бийликти өз элинен коргоо жөнүндө экени айкын болот.

Коопсуздук шылтоосу менен саясий көзөмөлдүн инфраструктурасы түзүлүүдө. Ал аркылуу күч органдары, ар кандай элдин нааразычылыгын жок кылып, митинг, опозициялык аракеттер же жөнөкөй альтернативдүү маалыматты жайуу сыяктуу кыймылдарды басаңдатууга кудуреттүү болот. Ал эми мындай тажрыйба кийин жалгыз идеологиялык күч бойдон калган «ислам долбооруна» каршы, басым куралы катары да колдонулары шексиз.

Акыркы жылдардагы окуялар бул кооптонууну дагы да бекемдейт. Элдик нааразычылыктар менен көптөгөн бийликтин алмашуулары, азыркы бийликтин жогорудагы аракеттерине негизги себеп болууда. Анткени учурдагы бийлик, мындай кырдаалдар кайра кайталануусунан абдан коркот. Парламенттик жана президенттик шайлоолордун алдында күч органдарынын ролун бекемдөө жана байланыш үстүнөн көзөмөл орнотуу, коопсуздукка каратылган камкордук эмес, учурдагы саясий режимди коомдук басымдан алдын ала коргоо аракети болуп эсептелет.

Бүгүн болуп жаткан окуялар, мамлекет өз институттарын акырындап бузуп жатканын көрсөтөт. Конституциянын араң турган кадыр-баркын «ыкчам чечимдер» менен алмаштыруу аркылуу бийлик мамлекетти автократиялык түзүмгө айландырууда. Мындай абалда, мыйзам тек гана зордук-зомбулукту легалдаштырууга кызмат кылат. Укуктук система саясий кырдаалга жараша өзгөрө берип, адилеттүүлүктү кепилдөөчү жөндөмүн эбак эле жоготуп койгон. Мыйзам мындан ары эч кандай актыкты жана чындыкты билдирбейт, ал жөн гана күчтүүнүн кызыкчылыгын коргойт. Бул демократиянын кайра-кайра ачылып жаткан чыныгы ачык, жырткыч жүзү!

Мындай шартта коом ыйгарым укуктарын мыйзамдуу жол менен зомбулуктан коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Көзөмөлдүн күчөшү, байланыштын чектелиши жана жарандарды аңдоо, эл менен бийликтин ортосундагы алака-мамилени жокко чыгарат. Азыркы саясий система диктатура катары таанылып, тарыхтын таштандысына ыргытылмайынча, өлкө сөзсүз түрдө кезектеги социалдык жарылууга туш болот. Анткени ушул ыкма гана бийликтин өз-билемдигин, зулумдугун жана өз күчүнө болгон ишенимин жоё алат. Падыша канчалык күчтүү көрүнбөсүн, анын үстүндө жоопко тартуучу адилетүү Зат бар!

Тарыхта өзүн «жердин кожоюну» деп эсептегендер көп болгон, бирок алар кийинки муундар үчүн сабак жана үлгү бойдон калып кетишти. Ар бир зулум, ар бир жазасыз калган иш, сөзсүз түрдө кыйроого алып келет.

Курандын Ыйык аяттарынын биринде бул жөнүндө мындай деп айтылат:Ал (Фиравн) да, анын аскерлери да (ыйман келтирбегендиги менен) жер жүзүндө орунсуз текебердик кылышты жана өздөрүн Бизге кайтарылышпайт, деп ойлошту. Анан Биз аны жана анын аскерлерин кармадык да, деңизге таштадык. Эми сен ал заалим кимселердин акыбетт кандай болгонун көргүн(Куран, 28:39–40).

Хужжат Жамиа

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button