Макала
Trending

Коррупция мыйзамдан күчтүү болгондо

Коррупция мыйзамдан күчтүү болгондо

Президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарында сүйлөп жатып: “Беш жылдан берки күрөшкө карабастан, өлкөдөгү коррупция толук жоюлган жок” — деп билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш бир жыл ичинде натыйжа берген. Бирок жер-жерлердеги коррупцияны жеңүү алда канча оор болуп чыкты. Ал бир бала бакчанын оңдоп-түзөөсүнө 90 миллиондон ашуун сом бөлүнгөнүн, бирок анын жарымы жок болуп кеткенин мисал келтирди. Президенттин айтымында, кагаз жүзүндөгү отчеттор жылдап чыныгы абалга дал келбей келген. Парк кагаз боюнча оңдолуп жатса да, иш жүзүндө эч нерсе жасалган эмес. Ал бул көрүнүш бирин-серин боло турган окуя эмес, системалуу көйгөй экенин да кошумчалады.

Бул сөздөр катылган сырды ачыктоо сыяктуу угулуп, айрым коррупционерлерге гана эмес, бүтүндөй мамлекеттик башкаруу системасына карата жаза өкүмүнө окшош болду. Анткени система эң жөнөкөй бюджеттин бөлүштүрүлүшүндө да ачык-айкындыкты жана жоопкерчиликти камсыздай албай жатканын президент өзү айтып жатат. Башкача айтканда, мамлекеттик аппарат элдин кызыкчылыгына каршы иштеп, мыйзамдар кагаз жүзүндө гана калып, таптакыр көзгө илинбей жатат.

Мындай шартта адеп-ахлактын системалуу кыйроосун токтотуп, коррупцияга чыныгы каршы тура ала турган альтернативдүү башкаруу барбы? — деген суроо туулат. Бул суроого исламдын укуктук жана ахлактык системасы жооп бере алат. Ислам түзүмү өткөн замандан бери жөн гана тыюуларды эмес, коомдун бардык катмарларында бар болгон коррупцияны жок кылуу үчүн комплекстүү механизмди сунуш кылган.

Ислам бул маселени принципиалдуу чечет. Пара алуу, ишенимди кыянаттык менен пайдалануу, мүлктү мыйзамсыз өзүнө алуу же мамлекеттик кызмат аркылуу пайда табуу сыяктуу коррупциянын ар түрдүү көрүнүштөрү чоң күнөө катары эсептелет. Бул тыюу укуктук деңгээлде гана эмес, руханий жактан да каралган. Алла Таала Куранда айтат:

«Мал-мүлкүңөрдү өз араңарда арам жолдор менен жебегиле (бири-бириңердин акыңарды жебегиле) жана билип туруп адамдардын байлыгынын бир бөлүгүн арам жол менен жеш үчүн (мал-мүлкүңөрдү пара кылып) акимдерге бербегиле!». Ошондой эле Пайгамбар Мухаммад ﷺ: «Аллах Таала пара бергенди да, алганды да каргады» — деген (Ахмад, Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маджа, Ибн Хиббан, аль-Хаким).

Бирок ислам системасы сөз жана мыйзам чыгаруулар менен гана чектелбейт. Ал коррупцияны алдын алуу үчүн практикалык механизмдерди да ишке ашырат.

Биринчи, коомдук каражаттарга болгон мамиледе ачык-айкындык. Пайгамбар ﷺ мамлекеттик кызматка дайындалган адамдардын жеке пайда алышына жол берген эмес. Бир сахаба зекет жыйнап келип: «Бул — мамлекеттики, а бул — мага белек» — деп айтканда, Пайгамбар ﷺ аны дароо коом алдында уяткарып, мамлекеттик ишке дайындалган адам кызматынан улам белек албай турганын түшүндүргөн.

Экинчи, ар бир кызматкер дайындалардан мурда жана дайындалгандан кийин өзүнүн мүлкү боюнча эсеп берүүгө милдеттүү болгон. Эгер анын байлыгы негизсиз көбөйсө, териштирүүгө себеп болуп, керек болсо конфискацияланган. Халиф Умар رضي الله عنه бул ыкманы дайыма колдонгон. Бул учурдагы антикоррупциялык түзүмдөр үчүн чоң сабак болмок.

Үчүнчү, исламда көзөмөлдүн сырткы гана эмес, ички эң негизги механизми бар. Ал адамдын ички жоопкерчилиги, Аллахтан коркуу сезими жана ар бир иши үчүн Кыямат күнүндө жооп берерине болгон ишеними. Капиталисттик көз карашта бул маанисиз көрүнүшү мүмкүн, бирок дал ушул ички коркуу көп учурда жаза чарадан да күчтүүрөөк таасирге ээ.

Төртүнчү жана эң негизгиси, жетекчинин жеке үлгү болушу. Пайгамбар ﷺ жана төрт халифа эч кандай артыкчылыктарды колдонгон эмес, байлык топтобогон, жөнөкөй жашаган жана «непотизмге» (тууганчылык же тааныш-билиш аркылуу кызмат орундарын бөлүштүрүүгө) жол беришкен эмес. Элдин ишенимин алар дал ушундайча тапкан. Ал эми ишеним болбосо, туруктуу башкаруу да мүмкүн эмес.

Кыргызстандагы абалга кайрылсак, бир гана буйруктар менен кылмыш иштерин ачуу жетишсиз. Маселе мыйзамдардын жоктугунда эмес, алардын тандалма колдонулушунда жана элге кызмат кылышы керек болгон адамдардын арасында ички тартиптин жоктугунда. Айыл өкмөттөрүндөгү коррупция, жасалма оңдоо иштери, жок болуп кеткен миллиондор, бул айрым адамдардын гана кылмышы эмес, бүтүндөй системанын моралдык чабалдыгынын белгиси. Азыркы учурда мыйзамдан коркуунун ордуна жазасыз калууга болгон ишеним коом ичинде күч алган.

Ислам системасы капитализмден айырмаланып, жазалоо мыйзамдарына гана эмес, коррупцияга жол бербей турган шарт түзүүгө басым кылат. Коррупция адамдар корккондору үчүн эмес, ишеними үчүн мүмкүн болбой калат. Мына ушул системалуу чечим азыркы учурдагы башкарууга жетишпей жатат.

Кыямат күнү Эгесинин алдында жооп берерин билген адам үчүн ар бир иш-аракет садака же чыккынчылык болуп эсептелет. Ошондо башкаруу жеке кызыкчылыкка эмес, ибадатка айланат.

Исламдын антикоррупциялык системасы капитализмдин алкагында ишке ашышы мүмкүнбү?

Албетте, мүмкүн эмес. Кыргызстан жетекчилиги акыркы беш жылдан бери үзгүлтүксүз коррупцияны жок кылуу аракетин көрүп келсе да, ошол эле сценарий кайра-кайра кайталана берет.

Коррупция жөн гана кылмыш эмес. Ал коомдун баалуулуктарынын күзгүсү. Эгер ошол күзгүдөгү чагылуу бизге жакпай жатса, анда өзгөртүү тийиш болгон нерсе мыйзамдар жана система менен катар, ички көз караш жана өлчөөлөрдү да өзгөртүү зарыл.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button