Кыргызстан БУУда “эки оттун ортосунда” калганын ырастады

Кыргызстан БУУда “эки оттун ортосунда” калганын ырастады
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 24-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясында кайрылуу жасады. Сөзү мазмуну боюнча күтүлбөгөн жаңылык жараткан жок, бирок анын басым жасаган сөздөрү өзгөчө болду. Ал өлкөнүн оор абалын – Россияга болгон экономикалык көз карандылык менен Батыштын күчөтүп жаткан басымы ортосунда калганы менен түшүндүрдү. Бул сөздө кризис тууралуу так чечимдер байкалган жок, бирок учурдагы негизги көйгөй ачыкталды. Тагыраагы, Кыргызстан кайсы тарапты тандабасын, ички жоготууларга дуушар болуу коркунучунда турганы ырасталды.
Жапаровдун сөзү көбүрөөк АКШ менен Улуу Британия тарабынан айрым кыргыз компанияларына каршы киргизилген санкцияларга каратылды. Кыргыз компаниялары, Батыштын Россияга каршы чектөөлөрүн айланып өтүүгө көмөктөшүүдө деп айыпталган. Бул маселени Президент катуу сындап, санкциялар негизсиз жана өлкө экономикасына зыяндуу экенин белгиледи. Бирок ага карабастан, Батыш Кыргызстанга басымын күчөтсө да өлкө Россия менен кызматташуудан баш тартпайт. «Бизди силерге караганда Россия менен көптөгөн байланыштар бириктирип турат. Ошондуктан экономикалык тараптан караганда, Россия менен кызматташпай коё албайбыз» деди Жапаров. Бул билдирүү менен Жапаров коргонгонун, ошол эле учурда өлкө ыңгайсыз абалда экенин билдирди.
Чындыгында Жапаров мурунтан белгилүү болгон нерсени ырастап койду. Кыргызстан Россияга бекем байланып келген. Бул көз карандылык мигранттардын акча которууларында, тышкы соода түзүмүндө, логистика, энергетика жана банк тармагында байкалат. Башка өнөктөштөр тарабынан компенсациясыз бул байланыштардан баш тартуу, олуттуу ички чыңалууну жаратышы мүмкүн. Жапаров, Кыргызстанга коюлган мындай талаптар, өлкөнүн учурдагы шарттарын эске албастан коюлуп жатканын түшүндүрүүгө аракет кылды.
Ошол эле учурда президент, Батыш менен болгон диалогдун эшигин жаппаганга урунду. Анын сөзүндө эл аралык аудитке, ачыктыкка, эл аралык милдеттенмелерди сактоого даярдык бар экени маалым болду. Бул өз учурунда, мамилелерди сактап калууга жана басымды азайтууга каратылган аракет катары көрүндү. Бирок бул дипломатиялык формуланын аркасында, Кыргызстандын жапа чеге турган абалы билинип калды. Тагыраагы, Кыргызстан болуп жаткан окуяларга таасир эте турган куралдарга ээ эмес. Өлкөнүн таңкыстыкты толтура турган ресурстары жок. Ошондой эле, кризисти чечүүдө башка чечим сунуш кылуучу шериктери да жок.
Эл аралык майдандагы борбордук күчтөрдүн глобалдык кагылышуусу күчөп жаткан учурда, Кыргызстан мүмкүн болушунча көп багыттуу позицияны кармап турууга аракет кылууда.
Жыйынтыктап айтканда, жалпы көрүнүш кубанууга шарт түзбөйт. Жапаровдун БУУдагы сөзү, дипломатиялык күчтү көрсөткөн жок. Тескерисинче, өлкө аргасыз абалда экенин, чечимдери чектүү экенин көрсөттү. Россияга болгон экономикалык көз карандылык – Кыргызстандын негизги моюнга алуучу фактору. Ал эми Батыш тараптан, койгөйдү чечүү үчүн альтернатива да, колдоо да сунушталган жок. Жапаровдун сөзү, өлкөнү эки басымдын ортосунда тең салмактуулукту кармап турууга болгон аракет. Бирок бул “тең салмактуулукту” кармоо аракети да туруксуз.
Кыргызстан кайсы тарапка кадам таштаса да, чоң жоготууга учурай турган абалда болуп жатат. Ал эми таптакыр кадам таштабай коюу да туура эмес. Анткени, өлкө үчүн эч бир колдоо тарапка кирбей коюу, обочолонуп калуу коркунучун туудурат. Жапаров учурдагы абалды жакшы түшүнүп жатат бирок анын кайрылуусунда, бул көйгөйдөн чыгуунун жолдору сунушталган жок. Жапаровдун кайрылуусу, биз көз карандыбыз, бирок багынбайбыз; биз ачыкпыз, бирок баш ийгибиз келбейт; биз тарап тандабайбыз, бирок жагдайды да эске албай коё албайбыз деген позицияны ачыктайт.
Мындай ыкма Кыргызстанга бир аз убакыт утуп бериши мүмкүн. Бирок келечекке карай стратегиялык тандоонун же багыттын жоктугу, өлкөнү алсыз абалда калтырат. Россия менен Батыштын ортосундагы экономикалык зарылчылыкка жана дипломатиялык билдирүүлөргө негизделген тең салмактуулук, дагы да басым күчөтүлсө урап түшүүсү анык. Жапаров бул назик абалды жакшы түшүнүп турат, бирок мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.
Латыфул Расых