Кыргыз-Казак чек арасында кайрадан тыгындар пайда болду

Кыргыз-Казак чек арасында кайрадан тыгындар пайда болду
Бир туугандык мамилелер, стратегиялык өнөктөштүк, экономикалык мейкиндик жөнүндө канча айтылса да, Кыргыз-Казак чек арасында адаттагы көрүнүш жүз берүүдө. Бул абал, дагы бир жолу Евразиялык экономикалык биримдиги пайдага гана негизделгенин жана бул союз канчалык морт экенин көрсөтүп жатат. Жүздөгөн жүк ташуучу унаалардын кезеги, күндөн күнгө созулган кармалуулар, көзөмөл-өткөрмө пункттарындагы логистикалык чыңалуунун күчөшү жүк ташуучулар үчүн адаттагы көрүнүш болуп калды. Бул көйгөйдөн айрыкча кыргыз ишкерлери жапа чегүүдө. Маселен, эң курч абал «Ак-Тилек – автожол» өткөрүү пунктунда байкалат. 2023-жылдын август айында расмий маалыматтарга ылайык, кезекте 370тен ашык жүк ташуучу унаа турган. Кыргыз чек ара кызматы, казак тарапты айыптап, мунун себеби казак тараптын унааларды атайлап өткөзбөй жаткандыгында деп билдирген. Казакстан тарап, контрабандага каршы күрөштүн күчөтүлүүсү жана техникалык регламенттерди сактоонун зарылдыгын белгилеген. Бирок бул түшүндүрмөлөрдүн артында кыйла терең жана кооптуу маселе бекинип жатат. ЕАЭБ ичинде ишеним кризиси күчөп жатат.
Казакстан менен Кыргызстан формалдуу мүчөлүк кылып жаткан уюмдун максаты-товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин жүрүшүн камсыз кылуу. Бирок практикада бул принциптер улам-улам бузулуп жатат. Бул көрүнүш кыргыз-казак чек арасы менен гана чектелбейт. Укуктук база жана кол коюлган келишимдер бар болгону менен, ЕАЭБ ичинде милдеттенмелерди аткарууга мажбурлай турган эффективдүү арбитраждык жана санкциялык механизмдер жок. Жалпы эрежелер бузула турган болсо, анын аркасынан жазага тартуу шарттары жок.
Ушул себептерден улам, бул биримдик, институционалдык күчтөн ажыраган абалдагы декларациялардын жыйындысы гана болуп калды.
Айкын болгон нерсе, бул мамлекеттердин дипломат жана саясатчылары бири-бирине тез каттап, өз ара түшүнүшүү жана достук тууралуу айтылганына карабастан, чек арада эч кандай өзгөрүүлөр болбой жатат. Кезектер азайбай эле, дооматтар топтолууда, ал эми маселе кийинки курч мезгилге чейин экинчи планга жылдырылып жатат. Жогорку саясатчылардын учурашууларында бул маселелер чечилбей келет. Ошондой эле, аткаруу бийлиги, бажы кызматтары жана техникалык комитеттер тарабынан системалуу чечимдер сунушталбай жатат. Бул “камера алдындагы бир туугандык” ЕАЭБдеги институционалдык алсыздыкты жашыруу үчүн колдонулган парда сыяктуу сезилет.
Кыргызстандын позициясы бул абалды өзгөчө курчутат. ЕАЭБ ичинде ал объективдүү түрдө алсызыраак абалда турат. Анткени анын экономикасынын салмагы аз, тышкы соодага көз карандылыгы жогору жана кызыкчылыктарын коргой турган ресурстары чектелүү. Казакстан менен Россия, Кыргызстан аркылуу келип жаткан «импорт» товарлары үчүн аны көйгөйлүү мүчө деп эсептешет. Бирок союздун өзү бул көйгөйдү чечүү үчүн натыйжалуу механизмдерди сунуштабайт. Биргелешкен көзөмөл жана жөнгө салуу механизмдерин тикелөөнүн ордуна, өнөктөштөр чек араны бир тараптуу жаап салууну абзел көрүп жатышат. Мындан улам, алар чакан жана орто бизнести тобокелдикке учуратып жатышат.
Чек арадагы тыгындар, ортодо чоң көйгөйлөр бар экендигин тастыктайт. ЕАЭБ ичинде ишенимдин, саясий эрктин жана институционалдык жөндөмдүн жоктугу ачык көрүнүп турат. Өзүнүн негизги принциптерин жөнгө сала албаган жана аларды аткара албаган союз, катышуучулардын көзүндө баасын жоготот. Айрыкча Кыргызстанда бул абал курч сезилип жатат. Ишкерлер чөйрөсүндөгү маанай барган сайын бейүмүттүкө ооп бара жатат. Эгер соода биримдиги катышуучуларды коргобостон, аларга кошумча тоскоолдуктарды гана жаратса, анда мындай биримдиктин эмне кереги бар?
Арада бийлик өкүлдөрү стратегиялык өнөктөштүк жана евразиялык биримдик тууралуу кеп кылып жаткан учурда, жөнөкөй соодагер адамдар кыйналууда. Айдоочулар, ишкерлер, логистика кызматкерлери — чек арада сааттап, күндөп кезекте турушат. Чыныгы экономиканы кыймылдатып жаткандар саясий келишпестиктердин барымтасына айланып жатышат. Бул копол адилетсиздиктин көрүнүшү. ЕАЭБ сыяктуу союздар “жалпы пайда алуу үчүн гана” деген ураандар менен түзүлөт. Бирок чындыгында, мындай союздар күчтүүлөрдүн гана кызыкчылыгына кызмат кылат.
Ал эми«бир тууган элдер» кесепет менен бетме-бет калышууда.
Абду Шукур