
Кытайдын Кыргызстандагы экспансиясы
Акыркы жылдарда Кыргызстанга келген жана жашаган кытайлардын саны көбөйүп бара жатат. Өзгөчө ушул жылы бул жагдай ачык-айкын байкала баштады. Расмий статистикага таянсак, 2023-жылы 70 миң 842 кытай жараны Кыргызстандын аймагына кирген. 2024-жылы бул көрсөткүч 81%га өсүп, 128 миң кишиге жеткен. 2025-жылдын маалыматын расмий органдар коомдук тынчсыздануудан улам жарыялоодон карманууда.
Анткени, соңку мезгилде кытайлардын кылмыштуу иштерге аралашуусу катталып жатат. Алгач, кытайлар бир карындашыбыздын көп кабаттуу үйдөн кулап, курман болушуна катышса, акыркы окуя Чүйдүн Константиновка айылында катталып, кытайлык айдоочулар кыргыз айдоочусун ур-токмокко алышкан. Мындан улам, Ички иштер министрлиги бир катар кытай жарандары “бейбаштык” беренеси менен кармалганын билдирди. Бул окуя калк ичинде катуу нааразылыкты пайда кылып, Тышкы иштер министри менен президент Садыр Жапаров окуяны актап билдирүү жасоого мажбур болушту. Жапаровдун айтымында, кытайларга каршы маанай атайын шайлоо астында айрым күчтөр тарабынан көтөрүлүп жаткан имиш.
Түпкүлүгүндө, өлкөбүздө салттуу таасирге ээ болгон Россия Украина согушу менен алек болуп жаткандыктан, Кытай аймакта өз таасирин күчөтүп бара жатканы жашыруун эмес. Тышкы карызыбыздын эң көп бөлүгү, тагыраагы, Кыргызстан 8,7 млрд доллардын 1,7 млрд долларын Кытайга бересе. Буга кошумча, тышкы инвестициялардын басымдуу бөлүгү Кытайга туура келет жана өлкөдөгү ири долбоолорду кытайлар ишке ашырууда. Буга 20 млрд долларлык Асман шаары менен 4, 665 млрд долларлык Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорлорун мисал келтирсек болот. Ошондой эле, тоо-кен тармагындагы дээрлик 80% лицензия кытай ишканаларына берилген.
Мындан көрүнүп тургандай, кыргыз бийлигинин саясаты Кытайга багыт алганы айкын. Расмий бийлик Кытайга ири каражаттын булагы катары карап, “жардам” алуу үмүтүндө анын талаптарын толук аткарууда. Бирок, бийликтин бул саясаты өлкөнүн келечеги үчүн кырсыктуу. Бул Кытай экспансиясынын пайдубалы. Албетте, кытайлар өлкөдө көбөйүп, Кытайдын толук таасири астында өлкөгө айлануубуз жакынкы күндөрдө эле болуп кетпейт. Бирок, бүгүнкү Кытай жаатындагы саясат ушул абалга карай бара жатканы да жашыруун эмес. Анткени, башка аймактардагы Кытай экспансиясы дал ушундай жол менен башталган. Маселен, Түштүк-Чыгыш Азиядагы абалга көңүл бурсак, чет өлкөдө жашаган кытайлардын 75 %ы ушул региондо жайгашкан. Тарыхтын ар кандай шарттарынан улам, кытайлар бул регионго жайгаша башташкан. 19-кылымда Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө жумушчу күчкө муктаждык болгондуктан кытайлар бул өлкөлөргө тартылган. Жыйынтыгында, 19 жана 20-кылымдарда Түштүк-Чыгыш Азияга 5 миллиондой кытай көчүп барган, алардын 2 миллиону ошол өлкөлөрдө калышкан. Бүгүнкү күнгө чейин кытайлардын регионго көчүп өтүүсү уланып келет. Мына ушундайча алар жергиликтүү элдин бир бөлүгүн түзүп калышты. Региондогу кытайлар негизинен соода-сатык менен алектенишип, завод-фабрикаларды иштетишет. Ал эми, жергиликтүү элдин көпчүлүгү айылдарда жашап тиричилик өткөрүшөт. Бул абал кытайлардын экономиканын чоң бөлүгүн ээлеп алуусуна шарт жаратты.
Статистикалык мисалдар менен карап чыксак, Түштүк-Чыгыш Азияда жашаган этникалык кытайлар региондо болгону калктын 6 %ын түзгөнүнө карабастан, региондогу капиталдын 70 %ын көзөмөлдөшөт. Айрым маалыматтарга ылайык, этникалык кытайлар Индонезияда жеке капиталдын 80 %ына, Малайзияда 40-50 %ына ээлик кылышат, Таиландда өнөр жай жана соода-сатыктын 90%ын көзөмөлдөшөт. Ошол эле учурда, кытайлар Индонезияда калктын 4 %ын, Малайзияда 26 %ын, Таиландда 14 %ын гана түзүшөт.
Мындай экономикалык кубат саясатка таасир кылат. Кытайлар коррупция аркылуу, талапкерлердин шайлоо фондуна кайрымдуулук кылуу, же түз эле саясатчыларды сатып алуу менен бул өлкөлөрдүн тышкы жана ички иштерине таасирин өткөрүп келишет. Алар Исламий ураандарды көтөрүп чыккан партияларды бийликке келтирбөөгө аракет кылышат. Себеби, Ислам алардын жана алардын артында турган Кытайдын максаттарына каршы турган идеология болуп эсептелет.
Учурда чет элде жашаган кытайлар Кытайдын экономикалык кызыкчылыктарын алга сүрүүдө маанилүү рол ойноп келе жатышат. Андан тышкары, кытай диаспораларынын өкүлдөрү ошол жашаган өлкөсүндө кытай маданиятын жаюуда жана саясий таасир өткөрүүдө активдүү иш алып барышат. Мына ушинтип, кытай диаспоралары Кытайдын «жумшак күчүн» жаюунун негизги куралы болуп эсептелет.
Кыргызстан Кытай менен чектешкендиктен, Кытай үчүн стратегиялык мааниге ээ. Ошондой эле, Кытайдын “Бир алкак – бир куур” долбоору биздин аймакты да камтыгандыктан, өлкөбүздү Кытайга лоялдуу мамлекет кылууга аракет кылып келет. Мындан улам, Кытай тараптан кен байлыктарыбыз ээленип, карыз жана инвестициялар берилип, инвесторлор, жумушчулар келип күжүрмөн иш-аракет алып барылууда. Бул аракеттердин натыйжасында, жергиликтүү ишкерлер банкротко учурап, кытайлар экономиканын негизги тармактарын ээлеп алышы шексиз. Мына ошентип, Түштүк-Чыгыш Азиянын кейпин кийип калуубуз, а түгүл андан да жаман акыбалга кептелишибиз мүмкүн.
Андыктан, бийликтин Кытайдын экспансиясына жол берген саясатына каршы туруубуз кажет. Себеби, бул саясат кен байлыктарыбыздын талап-тонолушуна, карызга батышыбызга, кытайлардын жайылышына, Кытайдын вассалдык аймагына айланышыбызга алып келиши мүмкүн. Эң кооптуусу, динибизди ачык карманууга коркунуч жетип, Чыгыш Түркистандагы зулумдук саясаты бизде да улантылбашына кепилдик жок. Мындай абалга жетпөө үчүн болсо Кытайга каршы негизги идеологиялык күч болгон Исламды бекем карманып, Борбор Азия мусулмандарын Ислам туусу алдында бириктирүүгө аракет кылышыбыз зарыл. Мына ошондо гана Кытайдын экспансиялык аракеттерине каршы тура алабыз!
Харун Абдулхак




