Макала

Кытайдын көрсөтмөсү жана Борбор Азиядагы санарип өзгөрүүлөр

Кытайдын көрсөтмөсү жана Борбор Азиядагы санарип өзгөрүүлөр

2025-жылы 3-сентябрда Президенттик администрацияда, жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өттү. Жыйналышка Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов төрагалык кылды. Күндүн негизги маселеси — жасалма интеллектти өнүктүрүү концепциясынын долбоорун талкуулоо болду. Бул стратегиялык документ санариптештирүүнүн артыкчылыктарын аныктап, эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө каратылган. Расмий версия боюнча, концепция заманбап санариптик инфраструктураны түзүүгө багытталган. Ал концепциянын жарандардын мамлекеттик кызматтарга жетүүсүн жеңилдетип, ишкердик жаатында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылуусу тууралуу айтылды.

Арадан эки күн өткөн соң, 2025-жылдын 5-сентябрында, Казакстандын борборунда президент Касым-Жомарт Токаев парламенттин имаратында элге жылдык кайрылуу кылды. Карылуусунда  жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министрлигин түзүү ниетин билдирди. Ал учурдагы профилдик мекеменин негизинде жаңы министрлик пайда болуусун жана аны вице-премьер-министрлик даражасындагы адис жетектеши керектигин белгиледи. Министирликтин башкы милдети— жасалма интеллектти, платформалык экономиканы, чоң көлөмдөгү маалыматтарды жана санарип агымдарын башкарууну камтыган «санарип кодексин» тез арада кабыл алынуусу болду. Ал өз сөзүндө: «мындан башка жол жок» деген маани бере турган билдирүү айтылды. Бул сөздөрү санариптик трансформациянын альтернативасы жок экенин ырастады.

Үстүрттөн караганда бул демилгелер модернизация, ЖИни колдонуу, элге ыңгайлуулукту жаратуу, ачык-айкындуулукту күчөтүү сыяктуу жылыш жана өнүгүү болуп көрүнүшү мүмкүн. Бирок жакшылап назар салганда, Кыргызстан менен Казакстандын аракеттеринин синхрондуулугу, алардын «альтернатива жок» деген риторикасы ички саясаттан тышкары болгон нерсени билдирип турат. Бул окуялар 2-сентябрда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинен кийин болду. Саммиттеги негизги темалар: региондук коопсуздук, санариптик эгемендүүлүк, технологиялык өнөктөштүк жана кибер туруктуулук болгон.

Кытай көптөн бери Борбор Азияны технологиялык жана санариптик каналдар аркылуу өзүнүн таасирин кеңейтүүчү стратегиялык багыт катары кабыл алышы сыр эмес. Региондо жогорку деңгээлде жарыяланган санариптештирүү демилгелери негизинен Бээжин жайып жаткан моделдерге дал келет. 

Борборлоштурулган санарип башкаруу, мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу, калктын жүрүм-туруму тууралуу чоң көлөмдөгү маалыматтарды чогултуу жана талдоо, Бээжиндин ырааттуу саясаты. Мунун баары «жакшылык» катары сунушталса да, иш жүзүндө «ачык жаран —  жабык мамлекет» системасына айланууда.

Казакстан «ЖИни бардык тармактарга толук киргизүү» жана «мамлекеттик башкаруунун бүт системасын кайра түзүү» зарылдыгы тууралуу ачык жарыя кылууда. Ал эми Кыргызстан азырынча бул жолго карай алгачкы фазада, бирок расмий кайрылууларында «альтернативасыз инфраструктура», «жападан жалгыз жол», «стратегиялык жаңылануу» сыяктуу элементтер орун ала баштады.

Чындыгында бул сөздөрдүн артында жөн гана техникалык жаңылануу эмес, мамлекет менен коомдун ортосундагы баланстын сапаттык өзгөрүүсү камтылууда. Мамлекет жарандардын жүрүм-турумун байкоо, талдоо, маалымат агымын башкаруу жана нааразы пикирлерди ыкчам басуу үчүн мурда болуп көрбөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ болууда. Жаран болсо, толук көзөмөлдөгү анализдөө объектисине айланууда.

Алардын саясмй логикасы ачык айкын болду. Ички туруксуздук менен тышкы коркунучтардын ортосунда калган региондогу башчылар, заманбап технологиялардан өнүгүүнүн эмес, көзөмөл куралын издеп жатышат. Ал эми муну байкаган Бээжин, аларга жабдууларды гана (Huawei, ZTE, Hikvision) эмес, санариптик авторитаризм идеологиясын да сунуштап жатат. ШКУ бул жагынан аскерий же экономикалык гана альянс эмес, Евразияны кытай үлгүсүндө кайра калыпка сала турган мейкиндик катары өзүн бекемдетүүдө.

Мындай моделден «колонизаторлор» жана мамлекеттердеги компаниялардын чыныгы ээлери пайда алышууда. Кытай бул сунуштар менен, стратегиялык аймакта инфраструктуралык жана санариптик көз карандылыкты бекемдеп жатат. Ал эми аймактагы элиталар  жаңы башкарылуучу экосистемаларды түзүүдө. Мындай көзөмөл жаңы экосистемалар, алгоритмдер, репрессия жана метамаалыматтар аркылуу ишке ашырылууда. Жарандар өзүнүн купуялуулугун, саясий субъекттүүлүгүн «ыңгайлуулук» жана «тез кызмат» үчүн алмаштырууга аргасыз калууда. 

Мунун бардыгы, Борбор Азия Кытайдын көрсөтмөсү боюнча жаңы санарип негизиндеги мыйзам абалына өтүп жатканын көрсөтүп турат.

Жыйынтыктап айтканда, бул санарип трансформация технологиялык өсүүнү эмес, бийликти коргоо мүмкүнчүлүгүн жаратууда. Ким аны көзөмөлдөсө келечекти да ошол көзөмөлдөйт. Азыркы тенденцияларга караганда, Борбор Азиянын келечеги кытай саясатына түздөн- түз көз каранды.

Анткени жергилүктүү лидерлер, интеграция жана модернизация деген шылтоолор аркылуу, санариптик стандарттарды түзүүчү кытай адистерине көз карандылыгын арттырууда. 

Хужжат Жамия

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button