
Кытайдын таасири жана ШКУ саммити
31-августтан 1-сентябрга чейин Кытайдын түндүгүндөгү Тяньцзин шаарында 20дан ашык лидер Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммитине чогулду. Уюмда 10 толук укуктуу мүчөдөн тышкары эки байкоочу мамлекет жана 14 өнөктөш өлкө бар.
Саммиттин жүрүшүндө буга чейин эки баштуу болуп көрүнгөн уюмда Россиянын позициясы алсырап, Кытайдын таасири артып жатканы даана көрүндү. Саммиттин жыйынтыгында
Тяньцзин декларациясы кабыл алынды. Декларацияда мамлекеттердин өз аймагындагы интернетти көзөмөлдөө укугун таануу, баңгизат трафигине каршы кызматташтыкты кеңейтүү, ШКУнун бирдиктүү банкын түзүү тууралуу макулдашуулар каралган. Ал эми, саммиттин аркасынан ушул эле лидерлердин катышуусунда 3-сентябрь күнү Бээжиндеги Тяньаньмэнь борбордук аянтында экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына карата аскердик парад болуп өттү. Бул иш-чараны Америка президенти Трамп өз өлкөсүнө карата кутум катары баалады.
Белгилүү болгондой, ШКУ
негизги төрт чакырыкка каршы: экстремизм, терроризм, сепаратизм жана баңги зат соодасына каршы күрөшүү менен туруктуулук жана коопсуздукту камсыздоо милдетин алган. Турмуш чындыгында, бул чакырыктарга каршы күрөшүүнүн запкысын мусулмандар тартып жатат. Уюм “Терроризм жана экстремизмге” каршы күрөш чүмбөтүнүн артында Исламга, анын алкагында, исламий жамаааттарга жана мусулмандарга каршы күрөшөт. Муну менен үммөт талпынып жаткан Халифалык мамлекетинин тикеленишине тосук коюуга аракет кылат. Сепаратизмге каршы күрөшүүнүн запкысын да мусулмандар тартып келишет. Мисалы, Орусияда кавказ мусулмандары, ал эми Кытайда уйгур мусулмандары “сепаратизм” курмандыктары болушууда.
Төмөндө уюмга мүчө өлкөлөрдүн позициясына токтолобуз:
Кытай:
Кытай 2001-жылы түзүлгөн ШКУ уюмунун негизги демилгечилеринен болуп эсептелет. Бул уюм аркылуу Кытай Борбор Азияга карата тарыхый экспансиясын баштоого эшик ачты. Кытай экономикасынын туруктуу өсүшү жана Россиянын эл аралык майдандагы таасири алсырашы, Кытай үчүн аймакта ири долбоорлорду ишке ашырып баштоого мүмкүнчүлүк берди. Мындан улам, аймактык коопсуздукка багытталган уюмдун экономикалык багыты күчөп барууда. Муну Кытай лидеринин көптөгөн жылдардан бери ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүү демилгеси 1-сентябрда өткөн саммитте колдоо табышы да тастыктап турат. Уюмга мүчө мамлекеттер ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүүнүн маанилүүлүгүн ырастап, аны уюштуруу жана аталган каржы институтунун иштешин ар тараптан камсыздоо боюнча чечим кабыл алышты. Буга кошумча, Кытай ШКУнун муктаж мамлекеттери үчүн 100 чакан долбоорду ишке ашырууга ниеттенип жатат. Бул үчүн Кытай быйыл эки миллиард юанга чукул каражатты кайтарымсыз (280 миллион доллар) бермекчи. Ал эми, 10 млрд юань кредит түрүндө берилет. Си Цзиньпин муну менен эле чектелбей, саммиттеги сөзүндө бир уюлдуу үстөмдүккө жана «суук согуш көз карашына» каршы багытталган билдирүүлөрдү жасап, муну менен Американы бутага алды.
Буга кошумча, Кытайдын “Бир алкак – бир жол” долбоорунун алкагында транспорттук байланыштарды бекемдөө үчүн жаңы эффективдүү коридорлор ачылууда. Маселен, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун курулушу башталып, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кошумча “Бедел” өткөрүү пункту ачылып жатат. Мындан белгилүү болгондой, ШКУ уюму Кытай үчүн экономикалык экспанциясын Борбор Азияга, андан ары Түштүк Азияга жылдыруу куралы болуп саналат.
Россия:
Россия да ШКУну негиздөөчү мамлекеттердин бири. Ал уюмду түзүү аркылуу Батыштын таасири Борбор Азияга кирип келүүсүн алдын алууну максат кылган. А бирок, Россиянын экономикасы жана эл аралык позициясы алсырашы, аймакта Кытайдын таасири күчөшүнө шарт түздү. Орусия башында Кытайдын экономикалык таасири Борбор Азия аймагында күчөп кетпеши үчүн уюмда экономикалык кызматташтыкты күчөтүүгө кыйыр түрдө каршы туруп келген. Бирок, Украина согушу Орусияны бул багытынан баш тартууга мажбур кылды. Учурга келип, ал эл аралык майданда Кытайдын позициясын колдоочу мамлекетке айланды. Муну Путиндин Кытай лидери Си Цзиньпин сунуштаган глобалдык башкаруу демилгесин колдогон билдирүүсү да көрсөтүп турат. “Биз Си Цзиньпин мырзанын жаңы, натыйжалуу жана иштей турган глобалдык башкаруу тутумун түзүү боюнча сунуштарын кылдаттык менен угуп чыктык. Бул демилге айрым мамлекеттер эл аралык мамиледе дагы деле үстөмдүк кылгысы келген бүгүнкү шартта өтө актуалдуу. Россия төрага Си Цзиньпиндин демилгесин колдойт жана кытайлык досторубуз айткан сунуштарды талкуулоого кызыкдарбыз”, — деген Путин. (Спутник 01.09.2025). Демек, Россиянын ШКУдагы позициясы алсырап жатканы талашсыз.
Индия:
Сырттан караганда, Вашингтондун Индияга бажы төлөмдөрүн киргизиши аны Чыгыш менен кызматташууга түрткөндөй көрүнүшү мүмкүн. Буга кошумча, АКШ президенти Трамп Индияны Орусиядан мунай сатып алууну чектөөгө чакырды. 2022-жылга чейин Индиянын мунай импортунда Орусиянын үлүшү 1% болсо, азыр ал 42%га жеткен. Акыйкатында, Индия менен Кытайдын ортосунда өнөктөштүк тууралуу билдирүүлөргө карабастан атаандаштык бар. Мунун негизги себебм, Индия Батышка сүйөнгөн саясат алып барат. Ошондой эле, Кытайдын “Бир алкак – бир жол” долбооруна каршы “Индия – Жакынкы Чыгыш – Европа коридор” долбоору ишке салынууда. Муну менен катар Американын ири капиталисттик компаниялары Кытайдагы өндүрүшүн Индияга көчүрүп өтүүдө. Индиянын ШКУ ичиндеги карама-каршы позициясынын дагы бири июнь айындагы ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жолугушуусунда “Израилдин” Иранга жасаган чабуулдарын айыптаган билдирүүгө кошулуудан баш тартышы. Нью-Дели бул билдирүүдө 22-апрелде Пакистан менен болгон кандуу окуя эске алынбаганын белгиледи. Демек, Индиянын позициясы ШКУдагы карама-каршылыкты күчөтүү болуп саналат.
Борбор Азия:
Борбор Азия өлкөлөрү бул уюмдун мажбур абалдагы катышуучулары десек жаңылышпайбыз. Анткени, бул өлкөлөрдүн негизги соода алакасы Кытай менен Орусияга туура келет. Ошол эле учурда, Совет бийлигинин мураскери Россиянын таасири астында калышкан. ШКУ региондогу өлкөлөрдүн Кытай менен болгон алакасын бекемдөөгө шарт түздү. Буга карабастан, аймактагы өлкөлөр көп векторлуу саясат жүргүзүүгө аракет кылып келишет. Айрыкча, Казакстан менен Өзбекстандагы Батыштын ири инвестициялары алардын тышкы саясатта Батышка каршы позицияны кармануусуна тосук болуп турат. Ал эми, Кыргызстан алардан бираз айырмаланган абалда, тагыраагы, Кытай менен алаканы бекемдөө, карыз жана жардамдарды алуу максатында Батышка каршы позицияны карманууда. Буга кошумча, ШКУну өнүктүрүү үчүн, тагыраагы, уюмдагы Кытайдын позициясын бекемдөө үчүн бир катар сунуштарды берип келет. Маселен, саммит учурундагы жаңы транспорттук каттамдарды түзүүнү жана ШКУга мүчө мамлекеттердин транзиттик-транспорттук потенциалын натыйжалуу пайдаланууну сунуш кылышы Кытайдын “Бир алкак – бир жол” долбооруна кызмат кылат. Ошондой эле, уюмдун натыйжалуу каржы механизмин түзүү маселесин тездетүүнү, анын ичинде аймактык экономикалык интеграцияга көмөктөшүү менен ШКУнун Өнүктүрүү банкын, Өнүктүрүү фондун жана Инвестициялык фондун түзүүнү сунуштоосу Кытайдын таасирин арттырууга кызмат кылмакчы. Ал эми, Россияны ыраазы кылуу жана калктын колдоосун алуу үчүн Америка менен Британияга каршы билдирүү жасоого да жетишти.
Жыйынтыктап айтканда, ШКУ негизделген учурдагы багытынан айырмаланып, Кытайдын экономикалык жана коопсуздук кызыкчылыгына көбүрөөк кызмат кылган уюмга айланып барууда. Ал эми, аймактык туруктуулук маселеси кагаз жүзүндө калган ураан болуп калды. Муну бир катар согуштук аракеттер учурундагы ШКУнун позициясы ырастап турат. Мисалы, уюмга мүчө Индия менен Пакистандын ортосундагы куралдуу жаңжал учурунда ШКУ эч кандай чара көргөн жок. А түгүл, расмий позиция дагы айтылбады. Мындай көрүнүш, 2022-жылы күзүндө, Самаркандда ШКУ саммити өтүп жаткан маалда Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда болгон чек ара жаңжалы учурунда да жүз берген.
Демек, ШКУ жана бул сыяктуу уюмдар – мусулмандар үчүн коюлган колонизаторлук тузактан башка нерсе эмес. Мусулмандар империалисттердин мындай чеңгелинен өз Исламына кайтуу менен гана кутула алышат. Муну кафир колонизаторлор менен алардын малайлары болгон биздин акимдер жакшы билишет. Ошондуктан, алар “терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы күрөшүү” шылтоолору менен Исламга жана мусулмандарга каршы күрөшүшөт.
Мумтаз Маверанахрий