
Кытай менен Европаны байланыштырган коридорлор
Эзелки тарыхтан бери Чыгыш менен Батышты байланыштырган эң маанилүү жол бул Кытай менен Европанын ортосундагы жол болгон. Бүгүнкү күндө да Кытайдын экономикалык деңгээлинин жогорулашы жана геосаясий абалдардан улам бул маршрут маанилүү орунга чыкты. Андан тышкары Кытай менен Европаны байланыштырган бул транспорт коридорлору кызматташууга, интеграцияга, үлкөн кирешелерди алууга жол ачып жатат.
2024-жылы Кытай менен Европа Союзунун соода көлөмү дээрлик 800 млрд долларга жетти жана бул көрсөткүч дагы да көбөйүшү күтүлүп жатат. Ошондуктан бул өлкөлөр аларды байланыштырган транзит жолдорун өнүктүрүүгө жана алардын жүктөрдү өткөрүү кубатын жогорулатууга кызыкдар.
Кытай–Европа соода байланышы негизинен деңиз аркылуу жүргүзүлөт. Деңиздеги каттамдардын чоң бөлүгү Суэц каналы аркылуу өтөт жана Африканы айланып барат. Бирок акыркы кездерде Йемендеги Хусийлердин аракеттеринен улам жүк ташыган кемелер Суэц каналы аркылуу өтүүдөн кооптонуп, кээде Африканы айланып өткөн жолду тандашууда. Бул жагдай жолдун аралыгын узартат, арийне транзит товарлардын белгиленген жерге жетишинин убактысын да узартат. Ушул себептерден улам Кытай менен Европа транзитти кургактыктан жеткирүүгө өзгөчө көңүл бура баштады. Анткени бул жолдор бир тараптан коопсуз болсо, экинчи тараптан жүктү жеткирүү убактысын кыскартат. Маселен Суэц каналы аркылуу өткөн маршрут дээрлик 30 күндү алат, ал эми кургактык аркылуу бул убакытты 10 күнгө чейин кыскартууга болот. Бирок ошондой болсо да Кытай менен Европанын ортосундагы транзитте деңиз аркылуу жүк ташуу үстөмдүк кылып келет тагыраагы, деңиз аркылуу товарлардын дээрлик 90%ы өтөт.
Кытай менен Еворопаны байланыштырган кургактык аркылуу өткөн коридорлорду үч негизги топко бөлүүгө болот: Түндүк, Ортоңку жана Түштүк транспорт коридорлору.
Биринчи, Түштүк транспорт коридорун алсак, бул маршрут Кытайды Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Түркия аркылуу Европага байланыштырат. Бул коридор бүгүнкү күндө жогоруда айтылган коридорлордун эң аз жүк өткөргөн маршруту болуп эсептелет. Анын жүк өткөрмө кубаттуулугу жылына 1,8 млн тонна. Себеби айтылган өлкөлөр ортосунда бирдиктүү жүк коштомо кагаздары жолго коюлбаган жана аталган өлкөлдөрдүн темир жол рельстеринин өлчөмү бири-биринен айырмаланат. Андан тышкары саясий себептерден улам жана Иран санкциялар астында тургандыктан Европа өлкөлөрү бул маршрутка басым жасагандан алыс. Бирок бул коридордун потенциалы жогору. «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу курулгандан кийин бул Түштүк коридору Кытай менен Европаны байланыштырган эң кыска мультимодалдуу маршрут болуп калышы мүмкүн. Андан тышкары, бул коридор Жакынкы Чыгышка жол ачып, келечекте Африканы Евразия менен байланыштырган кургактык көпүрөсү да болууга жарайт.
Экинчиси, Ортоңку коридор. Транскаспий эл аралык транспорт маршруту деп аталган бул коридор Казакстан, Азербайжан, Грузия аркылуу өтүп, андан ары Түркия же Кара деңиз аркылуу Европага жол алат. Анын жүк өткөрүү кубаты жылына 6 млн тоннаны түзөт, келечекте бул көрсөткүчтү 10 млн тоннага чейин жеткирүү пландалган. 2022-жылы Украинадагы согуштан улам Россияга каршы санкциялар киргизилгенден кийин бул коридор чоң мааниге ээ боло баштады. Украинада согуш башталгандан тартып бул маршрут боюнча контейнер ташуулар 33%га жогорулаган. 2024-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча бул маршрут аркылуу 4,1 млн тонна жүк, башкача айтканда 50,5 миң TEU (20 футка барабар контейнердин эквиваленти) ташылып өткөн. Бул маршрут ташылып өткөн жүктөрдүн көлөмү жагынан да, жеткирүү убактысы жагынан да Түндүк коридорунан (Казакстан, Россия, Белорусь маршрутунан) артта турат. Себеби жүк Кытайдан Казакстанга келип, андан кийин Казакстандын Каспий боюндагы Актау портуна түшүрүлүп, Каспий деңизи аркылуу Бакуга өткөрүлүп, Бакудан Грузияга, андан ары Түркия же Кара деңиз аркылуу Европага жеткирилет. Жалаң гана темир жолдон турбастан, арада порттордун коштолуусу бул коридордун жүк өткөрүү кубатын чектеп, жеткирүү убактысын узартып жатат. Бирок бул коридордо жайгашкан өлкөлөр маршруттун жүк өткөрүү кубатын жогорулатуу жана жеткирүү убактысын кыскартуу аракеттерин көрүп жатышат.
Үчүнчү, Түндүк коридору. Бул коридорду кээде Батыш коридору деп да аташат. Түндүк коридору Казакстан, Россия, Беларусь аркылуу Европага өтөт. Бул маршрут жогору потенциалга ээ. Анын жүк өткөрүү кубаты жылына 16 млн тоннаны түзөт, келечекте бул көрсөткүчтү 25 млн тоннага чейин жеткирүү пландалган. Бул коридордогу өлкөлөрдүн баары бирдиктүү темир жол тутумдары менен байланышкан. Мындан улам, бул коридордо башка коридорлордо болгондой маселелер жок. Ошондуктан анын жүк өткөрүү кубаты да жогору, жүк жеткирүү убактысы да башкалардан аз. Россия темир жолдорунун өкүлү билдиргендей, бул коридор аркылуу Кытайдын чек арасынан баштап Европа чек араларына чейин жүк жеткирүүнүн убактысы 5-7 күндү түзөт. Бул абал Түндүк коридорду эң натыйжалуу, жүк ташуучулар үчүн эң ыңгайлуу жана экономикалык жактан пайдалуу коридорго айлантууда. Бул маршрут боюнча Кытай-Европа багытында жүк ташуу 2021-жылы максималдуу көрсөткүчкө жеткен – 1 млн TEU (20 футка барабар контейнердин эквиваленти). Ошол эле жылы Россиянын транзиттик жүк ташуулардан көргөн кирешеси 1 млрд доллардан ашты. 2022-жылы Россия Украинада согуш баштап, санкцияларга кабылды. Мындан улам 2022-жылдын тогуз айында бул коридордогу контейнерлердин транзити 35%га кыскарган. Бирок 2024-жылга келип Кытайдан Европага транзиттик ташуулар өсө баштаганы байкалды. 2024-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча, Кытай менен Европа ортосундагы транзиттик жүк ташуулар 358,8 миң TEU түзгөн. Россияга каршы санкцияларга карабастан, бул коридор башкаларына караганда эң көп жүк ташыган маршрут бойдон калууда.
Орто Азия. Эми саясий жактан алып карасак, географиялык жайгашуусунан улам Орто Азия Чыгыш менен Батышты байланыштырган транспорт жолдорун куруу үчүн стратегиялык мааниге ээ регион болуп эсептелет. Себеби Орто Азия Кытайдын батышында жайгашып, анын Европага чыккан дарбазасы. Кытай-Европа коридорлорунун дээрлик баары биздин региондон башталат. Ушул абалдан улам региондогу режимдер Кытай менен тыгыз кызматташып бул коридорлордон экономикалык пайдаларды жана мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатышат. Регион өлкөлөрү Россиядан тышкары, башкача айтканда Россиянын эле көзүн карабастан башка өлкөлөр менен кызматташууга кызыкдар. Бул үчүн алар менен байланыштырган коридорлор зарыл. Ошондуктан, Орто Азия өлкөлөрү бул коридорлорго өзгөчө көңүл буруп, алдыга жылдыруу аракетин катуу көрүп жатышат. Маселен жакында «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу иши башталды. Ал эми Казакстан (Россия аркылуу өтпөгөн!) Түштүк коридоруна өзгөчө көңүл буруп, бул коридордун жүк өткөрүү кубатын жогорулатууга аракет кылууда.
Европа. 2024-жылы Европа менен Кытайдын соодасы дээрлик 800 млрд долларды түздү. Демек Европага бул соода-сатык үчүн коопсуз, арзан жана тез жеткирген жүк өткөргөн коридорлор керек. Европа бул коридорлор анын таасири астында болуусун, эч болбогондо Россиянын таасири астында болбостугун көздөйт. Ошондуктан ал Түштүк коридоруна, башкача айтканда Россияны буйтап өткөн маршрутка басым жасап жатат. Андан тышкары бул маршруттардын жолго коюлушу Кавказ жана Орто Азия мамлекеттери менен кызматташууга, өз таасирин жаюуга, инвестор болуп бул өлкөлөрдүн кен байлыктарын талап-тоноого жол ачат.
Кытай. Ал да бул коридорлорго кызыкдар. 2022-жылы Россияга каршы санкциялардан улам Түндүк коридору аркылуу өткөн жүктөрдүн көлөмү 35%га кыскарды, Иран-(Израиль) согушу себептүү Түштүк коридору токтоп калышы мүмкүн эле, Хусийлердин аракетинен улам Суэц каналы аркылуу жүк ташуу да кооптуу болуп бара жатат. Мына ушул себептерден улам, Кытай Европа менен Кытайды байланыштырган коридорлордун көбүрөөк болушун каалайт. Ошон үчүн ал «Бир алкак – бир жол» долбоору аркылуу бул жаатта көптөгөн инвестицияларды жаткырууда. Андан тышкары бул жолдордун шылтоосу менен Кытай Орто Азия өлкөлөрү менен тыгыз кызматташууну жолго коёт жана бул региондо Кытайдын таасири жайылышына алып келет. Ошондой эле ушул жолдор аркылуу региондун кен байлыктарын ташып кетүүгө жол ачылат.
АКШ. Бул коридорлордон АКШ эч кандай экономикалык пайда көрбөйт. Бирок бул маршруттар анын Орто Азиядагы, кала берсе Европадагы саясий максаттары үчүн өтө маанилүү. Бул коридорлор АКШ үчүн Орто Азияга кирип барууга, ал жердеги Россиянын таасирин бууп, өзүнүн таасирин жаюуга жол ачат. Ал таасирин орнотуп алгандан кийин колонизатордун адатына ылайык кен байлыктарды талап-тоноого өтөт. Андан тышкары, АКШ анын эң биринчи каршылашы Кытайды ооздуктоо стратегиясын кабыл алган. Ошон үчүн ал Кытай-Европа транзиттик жолдорун колго алууга жана Кытайдын боорунда АКШны колдогон региондун болуусуна аракет жасайт. Муну менен АКШ Кытайга эле эмес, Европага да өкүм өткөрүү рычагына ээ болот. Бүгүнкү күндө мунун мисалын Европадагы газ маселесинен көрүүгө болот. Украинадагы согуш себептүү Россия мурункудай Европага газ жеткирүүсү чектелди. АКШ өзүнүн суюлтулган газын Европага жеткирип Россиянын ордун ээлөөгө аракет кылып жатат. Андан тышкары Европага газ жеткирип берип жаткан, жеткирүүнү пландап долбоорлорун ишке ашырып жаткан башка өлкөлөр АКШнын таасири астындагы өлкөлөр болуп эсептелет. Ал эми Кытайга келсек, АКШ аны регионалдык маселелер менен алек кылууну көздөйт. Тайвань маселеси, Кытай менен Филиппин ортосундагы тынымсыз жаңжалдар, мунун баары АКШнын таасири астында болуп жатат.
АКШ таасирин жаюусу анын түздөн-түз өзүнүн ачык аралашуусун түшүндүрбөйт. Көп учурда муну анын таасири астындагы режимдер аткарат. Маселен бүгүнкү күндө түрк дүйнөсүндө модератордук ролду ойноп жаткан Түркия режимин алалы. Түркия «түрк дүйнөсү», «түрк боордоштугу», «Туран» сыяктуу ураандар менен Орто Азия өлкөлөрүнө кирип, салмак жана таасирге ээ болуп бара жатат. Башкача айтканда бул ураандар аркылуу Орто Азияны Россиянын таасиринен чыгаруу аракети көрүлүүдө. Бул аракеттер келечекте Орто Азия өлкөлөрүндө, биринде аз, биринде көп Түркиянын таасири орношу мүмкүн. Ал таасирин орнотуп алгандан кийин геосаясатта АКШнын саясатын жүзөгө чыгарары анык. Мисалы, Азербайжан маселесинде ушундай болду. Түркия Азербайжанда таасирин жайып, жада калса Армения менен болгон согушта Азербайжанды толук колдоду, аскерий жардамдарды көрсөттү. Эми эмне болду?! Эми Азербайжан Зангезур коридорун АКШнын толук көзөмөлүнө берген демилгени көтөрүп чыкты. Натыйжада АКШ Зангезур коридорунун толук укуктуу ээсине айланды, башкача айтканда АКШ Түштүк Кавказда таасирин орнотту. Эми Азербайжандын демилгеси менен Кытай менен Европаны байланыштырган Түштүк коридору да дал ушул Зангезур коридору аркылуу өтүп калышы толук ыктымал. Натыйжада АКШ бул коридорго толук көзөмөл орнотот, башкача айтканда Европанын соода артериясынын бири АКШнын чеңгелине өтөт. Аны менен Орто Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусу да табигый болот. Ошондуктан Түркиянын кирип келишин АКШнын таасири кирип келе жатат деп түшүнүү зарыл.
Россия. Европа да, Кытай да, АКШ да бул коридорлордун ачылышына кызыкдар, бир гана Россия жаңы коридорлордун ачылышына каршы. Анткени, биринчиден, жогоруда айтылгандай 2021-жылы Россия бир жылда Түндүк коридору аркылуу Кытай-Европа транзитинен 1 млрд доллар пайда көрөт. Жаңы коридорлордун ачылышы табигый түрдө Түндүк коридору аркылуу өткөн транзиттик жүктөрдүн азайышына алып келет, арийне транзиттен түшкөн киреше да азаят. Ооба, учурда темир жол аркылуу өткөн Кытай-Европа транзитинин дээрлик 90%ы Россия аркылуу өткөн Түндүк коридоруна таандык. Бирок, ошол эле маалда Ортоңку коридордун жүк өткөрүү кубатын жогорулатуу боюнча аракеттер көрүлүп жатат, ошондой эле «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу иши башталып, келечекте Түштүк коридорун өнүктүрүү аракеттери да жасалууда. Экинчиден, бул коридорлор эл аралык жана регионалдык оюнчулардын таасири Орто Азияга кирип келишине жол ачарын Россия түшүнүп турат. Бирок Россия Украинадагы согуш, санкциялар себептүү начарлаганынан улам, Европа, Кытай, АКШнын бул коридорлор жаатындагы аракетине кескин каршы турууга чамасы келбей, Европа менен Кытайды байланыштырган коридорлор ишке кирип жатат.
Жыйынтыктап айтканда, Аллах Таала мусулмандарга мол кен байлыктарды берип, ушундай бир жерлерде жайгашуусун тартуу кылган дейсиң, бул жерлер стратегиялык мааниге ээ. Маселен, Суэц каналы, Гибралтар жана Босфор кысыктары, Жакынкы Чыгыш, Түштүк-Чыгыш Азия, Орто Азия – мунун баары стратегиялык мааниге ээ жерлер. Дүйнөнүн соодасы ушул жерлерден өтөт. Бүгүнкү күндүн колонизаторлор бул стратегиялык жерлерди ээлөөгө аракет кылып келишет. Себеби ал жерлер дүйнөнүн кан тамыры. Бирок бүгүн бул стратегиялык жайлардын ээси кафирлер болууда. Биз, мусулмандар, Халифалыкты тикелеп биримдикте болмоюнча стратегиялык орундар үчүн күрөштүн, тагырак айтканда кафирлердин таасир талашуу күрөшүнүн курманы болуп, кордолгон бойдон кала беребиз, ар кандай державанын жүгүртөк оюнчугу бойдон калабыз. Андыктан намысыбызды, даңкыбызды, азиздигибизди кайтаруу үчүн аракет кылуу зарыл. Бул болсо Халифалыкты тикелөөнү талап кылат!
Харун Абдулхак