Макала
Trending

Мусулмандар качан эгемендүү болот?

Мусулмандар качан эгемендүү болот?

Совет бийлиги кулашынын артынан Борбор Азияда бир катар улуттук мамлекеттер пайда болду. Анын ичинде Кыргызстан 1991-жылы 31-августта көз карандысыздыгын жарыялады.

Тарыхка бираз кылчайсак, мусулмандар 1924-жылы Усманий халифалык мамлекети кулашы менен чыныгы эгемендүүлүктөрүн жоготушту. Британия жана Франция Араб жана Африка өлкөлөрүн Усманий халифалыктан бөлүп алып колония кылуу үчүн “эгемендүүлүк” ураандарын көтөрүп чыгышкан. Айрыкча, арабчылык, түркчүлүк сыяктуу улутчулдук ууларын кеңири таркатышты. Ошентип, улуттук мамлекеттер пайда боло баштады.

Кийин биринчи дүйнөлүк согуш жүз берип, анын артынан Халифалык мамлекети кулатылды. Колонизатор мамлекеттер басып алган аймактарына сыйбай, кайрадан экинчи дүйнөлүк согуш жүз берди. Мына ушул экинчи дүйнөлүк согуштун натыйжасында “көз карандысыздык” демилгеси дүйнөгө лидерлик кылууга умтулган Америка тарабынан алга сүрүлдү. Көз карандысыздык” (independence) термини башка державалардын колонияларын тартып алууга мүмкүнчүлүк жаратыш үчүн, АКШ тарабынан ойлоп табылган долбоор болуп калды. Анткени, Америка экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эл аралык майданда лидерлик кылып, өз коңулунан чыгып башка колонизаторлордун аймактарына көз арта баштаган. Натыйжада, деколонизация аракети Индиядан башталып, ал 1947-жылы “көз карандысыздык” алды. Тагыраагы, АКШ “эгемендүүлүк” урааны астында Индияда көтөрүлүштөрдү колдоп баштаганда, Британия Индия менен Пакистанга жасалма эгемендүүлүк берүүгө мажбур болду. Бул аймактагы АКШ менен Британия ортосундагы “эгемендүүлүк” күрөшү бүгүнкү күнгө чейин уланып келүүдө. Тагыраагы, Индиядагы “Индия улуттук конгресси” партиясы аркылуу Британия, ал эми “Индия элдик партиясы” аркылуу Америка “көз карандысыздык” ураанын көтөрүп келет. Пакистанды болсо АКШ Британиядан толугу менен тартып алууга жетишти. Деколонизация процесси ушундайча ар бир аймакта эски-жаңы колонизаторлор арасында уланып келди. 1960-жылдары “деколонизация” Бириккен Улуттар Уюму тарабынан күчтүү колдоп-кубатталды. БУУ ушул жылы “колониядагы өлкөлөр жана калктарга көз карандысыздык берүү боюнча декларация” кабыл алды. 1961-жылы АКШ президенти менен СССР жетекчиси Хрущев Венада колонияларды өз ара бөлүшүүгө келишип алышты. Натыйжада, “көз карандысыздык” күрөштөрү аркылуу АКШ жана СССР Британия менен Франция баштаган башка колонизатор мамлекеттердин колонияларына кирип барууга жол ачып алышты. Алар да өз колонияларында таасирлерин сактап калууга, жаңы колонизаторлорду киргизбөөгө аракет кылышты. Мисалы, Британия өз колонияларындагы өлкөлөрдү “Улуттар кызматташтыгы” (Commonwealth of Nations) уюму аркылуу кармап калууга аракет кылды. Франция болсо “Француз коомчулугу” (Communauté française) уюму аркылуу аракет кылды. Кийин Совет бийлиги кулап, Россия да алардын кейпин кийип КМШ уюму аркылуу өз таасирин сактап калууга аракет кылды. Бирок, аны менен колонияларын толук чеңгелинде кармап кала албады. Улам таасири тарып бара берди. Андан соң, аскерий жактан ОДКБ, экономикалык жактан ЕАЭС уюмдарын түздү. Анын колонияларындагы мамлекеттер башка эл аралык уюмдарга мүчө болгондугу жана аларга башка колонизаторлордун кирип келүү жолдору ачылгандыгы себептүү, анын таасири дагы да кыскарып барууда.

Учурда Кыргызстанда эски колонизатор Россиянын таасири үстөм болгону менен, АКШ ички иштерибизге аралаша ала турган деңгээлде кирип келип калды. Айрыкча, маалыматтык айдыңда, кадрларды даярдоо жаатында бир катар ийгиликтерге жетишти. Ал эми, Үзөңгү-Куушту алуу менен неоколонизаторлугун баштаган Кытай бүгүнкү күнгө келип Кыргызстанда эң башкы карыз берүүчү, эң башкы инвестор көрүнүшүндө экономикалык жактан негизги таасирге ээ болуп алды. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” долбоору сыяктуу стратегиялык иштердин башталышы анын таасирин дагы да арттырууда. Ал эми, баалуу металлдардын жана чийки сырьенун мааниси өскөн сайын Европа да Борбор Азиядагы кен байлыктарга
кызыгуусун артттырып, стратегиясын жаңылап, аймакка кирүү аракетин жасап жатат.

Демек, 31-август Кыргызстан калкы үчүн эегемендүүлүк күнү эмес, ал неоколонизаторлук, тагыраагы, колонизаторлордун биздин өлкө үстүндөгү таасир талашуусу башталган күн.Анткени, эгемендүүлүктүн негизги көрсөткүчтөрү болгон саясий, экономикалык жана аскерий жактан жогорудагы колонизаторлорго көз карандылык уланып келүүдө.

Демек, биз мусулман калк катары колонизаторлуктан кутулуу жолубуз өз Исламыбызда экенин аңдашыбыз зарыл. Андыктан, баарыбыз биргеликте Исламыбызды үйрөнөлү жана ага амал кылууга шашылалы. Ошондо биз 1924-жылы жоготкон эгемендигибизди өз колубуз менен кайтарып алуу сыймыгына жетишебиз. Бул үчүн Ислам аймактары жасалма чек араларды тааныбастан, улуттук “эгемендүү” мамлекетчелерге алданбастан аракет кылуубуз керек. Учур мусулман катары өз-ара кайчы пикирлерибизди чекеге коюп, бириге турган мезгил. Ошондо биз Газаны, Чыгыш Түркистанды, Рохинжаны, Суданды жана башка зулумдук чегип жаткан аймактарды жалгыз калтырган жетекчилерди эсеп-китеп кыла алабыз. Ошондо биз артында коргонула турган, артында туруп согуш кылына турган Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу эгемендүүлүккө жетебиз.

Мумтаз Маверанахрий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button