Макала

Пикир – баа жеткис байлык

بسم الله الرحمن الرحيم

Пикир – баа жеткис байлык

(1)

Коом негиздери

Ооруну дабалоо алгач ага туура диагноз коюудан т.а. ооруну аныктоодон башталат. Эгер, оору аныкталбаса же туура эмес диагноз коюлган болсо, көрсөтүлүп жаткан дабаа ага терс таасир кылышы, дарыгер болсо киши өлтүрүү менен алек болуп жаткан болушу мүмкүн. Ошондуктан туура диагноз коюу абдан зарыл.

Ушул сыяктуу, оорулуу коомду оңдоо үчүн да коом эмнелерден турат т.а. коомдун негиздери эмне, эмне үчүн коом бузулат, ал кантип оңдолот деген суроолорду оболу жакшылап чечип алуу керек. Андан кийин коомубуздагы оорунун тамырын табуубуз мүмкүн болот.

Капитализм коом жеке адамдардан турат, адамдар өнүгүшү менен коом да өнүгөт деп аныктама берип, негизги этибарды жеке адамдарга каратат. Т.а. мен жакшы болсом, сен жакшы болсоң, коом да жакшы болот деген пикирди карманат…

Инсандар болсо гана коом болот. Бул туура пикир, анткени адамдар жашабаган аралдарды коом дебейбиз. Бирок коомго адамдарына гана карап баа берилбейт, себеби коомдун дагы башка негиздери бар, ошолорго карап коомдор бири-биринен айырмаланат: феодалисттик, капиталисттик, социалисттик коом же артта калган, жогорку, бузук коом деп бири-биринен айырмаланып турат. Баарында тең адамдар жашап жатат, жада калса коомдор өзгөргөндө да алар өз жеринде мурункудай жашай берген. Маселен, өткөн кылымдын 90-жылдарына чейин социалисттик болгон коомдор учурда капиталисттик коомго өзгөрдү, бирок инсандар ошол бойдон калышты, алмаштырылган жок.

Социализмдин т.а. коммунисттердин коом туурасындагы аныктамасы да ката, реалдуулукка туура келбейт. Алар коом инсандар жана инсандардын табият менен болгон алакаларынан турган бир бүтүн бирикме, табият өзгөрсө инсан да автоматтык түрдө өзгөрөт дешип, негизги этибарды табиятты өзгөртүүгө каратышат. Башкача айтканда, алар табияттын өнүгүшү менен инсандардын жашоосу жогорулайт, бакубатчылыгы камсыздалат деп, адамдарга болгон этибарды экинчи даражага түшүрүшөт.

Түпкүлүгүндө коом инсандар, пикирлер, туйгулар жана мыйзамдардан турат. Эгер, адамдар кабыл алган пикирлер, туйгулар жана мыйзамдар социалисттик болсо, ал социалисттик коом болот. Маселен, соодагер чайкоочу деген пикир менен аларды жаман көрсөткөн туйгу болсо, аларды узак мөөнөткө камакка алуу мыйзамдары өкүмдар болсо жана башка ушул сыяктуу пикирлер, туйгулар жана мыйзамдар болсо, ал социалисттик коом болот. Ал эми адамдардын соодагер жөнүндө пикири өзгөрүп, ал бизнесмен, ишбилги деп каралып, ага суктануу туйгусу күчөсө жана аларга бардык шарттар берилип, мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү менен мыйзамдар да өзгөрсө, мындай коом капитализм коомуна өзгөргөн болот. Ал адамдар башка адамдар же башка табият эмес, алар ошол бойдон жана ошол табиятта башка коомго өзгөрүүдө,.

Коомдо кандай пикирлер, туйгулар өкүмдар болсо жана ошол пикирлерди жүзөгө чыгарып берген, пикир-туйгуларга ылайык болгон мыйзамдар коомду тартипке салып жаткан болсо, демек ал коом ошондой сыпаттагы коом болот. Демек, коом кандай болушу, эмне үчүн начар, оорулуу болушу адамдар кабыл алган же ыраазы болуп жаткан өкүмдар пикирлерге, туйгуларга байланыштуу. Анткени мыйзам ошол пикир-туйгулардын негизинде болот. Ошондуктан коомдогу өкүмдар пикирлерди текшерип, алардын каталарын оңдоо менен коом оңдолот, жогорулайт. Коомдогу пикир-туйгуларды үйрөнүү менен коомго баа берүүгө жана оорулуу болсо оңдоого мүмкүнчүлүк болот. Ар кимди өз абалына таштап коюу менен коом бузулат. Адамдар кабыл алган пикирлер негизиндеги мыйзамдар болушу зарыл, анткени көңүл каалоолорго кулак салып, коомдун бузулушуна себепчи болгон айрым бузгунчуларды мыйзам тартипке салат. Натыйжада баары ыраазы болгон, баарын кадыржам кылган коом болот.

Бул исламий пикир, ал тууралуу Расулуллах (соллалоху алайхи ва саллам) ушул хадиси менен таалим берген: Нуъмон ибн Башир (р.а.) риваят кылат:

مَثَلُ القَائِمِ في حُدودِ اللَّه، والْوَاقِعِ فِيهَا كَمَثَلِ قَومٍ اسْتَهَمُوا عَلَى سفينةٍ، فصارَ بعضُهم أعلاهَا، وبعضُهم أسفلَها، وكانَ الذينَ في أَسْفَلِهَا إِذَا اسْتَقَوْا مِنَ الماءِ مَرُّوا عَلَى مَنْ فَوْقَهُمْ، فَقَالُوا: لَوْ أَنَّا خَرَقْنَا في نَصيبِنا خَرْقًا وَلَمْ نُؤْذِ مَنْ فَوْقَنَا. فَإِنْ تَرَكُوهُمْ وَمَا أَرادُوا هَلكُوا جَمِيعًا، وإِنْ أَخَذُوا عَلَى أَيْدِيهِم نَجَوْا ونَجَوْا جَمِيعًا

«Аллахтын мыйзамдарына баш ийген инсан менен аларга амал кылбаган киши кемеде шерик болгон бир топ адамдарга окшойт, айрымдары кеменин жогорку бөлүгүнөн, айрымдары болсо төмөнкү бөлүгүнөн орун алышты. Кеменин төмөнкү бөлүгүнөн орун алгандар суу ичмекчи болушса, жогорудагыларды басып өтүшөт эле. Ошондо алар жогорудагыларды тынчсыздантпастан, ушул жерден тешип алсакчы, деп калышты… Кемедеги шериктери аларды өз абалына таштап коюшса, баары набыт болот. Эгер, аларды колунан кармап токтотуп калышса, өзүлөрү да, кемедеги шериктеринин баары да аман калышат».

Кемедеги адамдардын ой-пикири белгиленген дарекке сак-саламат, батыраак жетүү. Алардын ыраазылыгы жана нааразылыгы да, кубаныч жана кайгысы да дарекке жетүүгө байланыштуу. Эгер, мыйзам да ошол максатты жүзөгө чыгарууга кызмат кылса эч кимден каршылык болбойт, тескерисинче анын ишке ашырылышына кемедегилер жардам берет. Ушул сыяктуу бир коомдо жашаган адамдар да бир пикирге келишишсе, ошондо бул пикирди жүзөгө чыгара турган ар кандай аракетти эл жакшы кабыл алат, колдойт, мыйзамдардын аткарылышына баары ыраазы болот.

(уландысы бар).

Муфаккир Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button