
Путиндин Кыргызстанга сапары
25-ноябрда Россиянын президенти Путин мамлекеттик сапары менен өлкөбүзгө келди. Ал эми, 26-ноябрда «Ынтымак Ордо» резиденциясында Жапаров менен Путиндин расмий аземи өтүп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталды.
Жапаров Кыргызстан инфраструктура, энергетика, өнөр жай жана гуманитардык тармактардагы Россиянын колдоосун жогору бааларын билдирди. Ал илим-билим, маданият жана миграциялык саясат жаатындагы өз ара аракеттешүү кызматташуунун маанилүү багыты болуп жатканын айтты. Жапаровдун сөзүнө ылайык, Кыргызстандын тышкы соодасынын дээрлик төрттөн бири Россияга туура келет, Россиянын түз инвестициялары үстүбүздөгү жылдын алты айында 110 миллион долларды түзгөн, өлкөдө Россия катышкан 1800дөн ашуун компания иштейт.
Жапаров Россиядагы кыргызстандык мигранттардын маселеси тууралуу айтып жатып, Россиянын аймагында мекендештерибиздин мыйзамдуу түрдө болушун камсыздоого, аларга татыктуу эмгек шарттарын жана каралган социалдык кепилдиктерди берүүгө эки тарап тең кызыкдар экени ырастады.
Өз кезегинде, Путин Кыргызстанга салынган Россиянын инвестициясынын көлөмү дээрлик 2 млрд долларга жеткенин белгиледи. Ал: «Биз эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерин жеке көзөмөлдө кармап турабыз», – деди. Путин Кыргызстанда орус тили эркин колдонулуп жатканын жана расмий макамга ээ экенин баса белгиледи. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.
25-ноябрда башталган Путиндин сапары 27-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитинен соң жыйынтыкталат.
Путиндин бул сапары жоон топ менен коштолду. Бул жагдай Россия Кыргызстанга, деги эле Борбор Азияга өзгөчө көңүл буруп жатканын көрсөтүүдө. Санкцияларга кабылып, Украина согушуна малынган бүгүнкү Россиянын абалынан улам, ири державалар ортосунда Борбор Азия үчүн күрөш күчөп барууда. Ошондуктан, Россия да салттуу «колониясы», «арткы короосу» деп эсептеген аймакты колдон чыгарбоо үчүн аракетин күчөтүүгө мажбур. Себеби, АКШ С5+1 форматында Борбор Азияга жылжып кирип, таасирин жаюу аракетин баштады. АКШда жакында эле болуп өткөн бул саммитте миллиарддаган долларлык келишимдер (негизинен Казахстан жана Өзбекстан менен) түзүлдү.
Ал эми Борбор Азияга чектеш Кытай аймактагы өлкөлөрдө экономикалык, саясий таасирин кеңейтип бара жатат. Маселен, Кыргызстан Кытайга 1,58 млрд доолар карыз, Казакстан 10,2 млрд доллар карыз, Өзбекстан бул көрсөткүчтү ачыктабай келет, бирок ал да Кытайдан үлкөн карыздарды алган, Тажикстан 1 млрд долларга жакын карыз, Түркмөнстан да тышкы карызын ачыктабайт.
Андан тышкары, тышкы соода жаатында да Кытай биринчи орунда турат. 2024-жылы Кытай менен Кыргызстандын соодасы 5,6 млрд долларга жеткен, ал эми Россия менен Кыргызстандын соодасы 3,9 млрд долларды түзгөн. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын алты айында Кытайдын Кыргызстанга түз инвестициясы 166,3 млн долларды түзгөн, ал эми Россиянын үлүшү 106,3 млн болгон. Ошондой эле, тоо кен тармагында кен казуу лицензияларынын дээрлик 80 %ы Кытайга таандык.
Көрүнүп тургандай, Россия Кыргызстандагы экономикалык позицияларын Кытайга алдырып бара жатат. Кытай өлкөбүздө эң чоң экономикалык таасирге ээ мамлекетке айланды. Бул экономикалык таасир саясий таасирге алып келиши шек-күмөнсүз. Ушул себептер жана Трамптын тушундагы АКШнын Борбор Азияга кескин аралашуу аракети Россияны Кыргызстандагы таасирин бекемдөөгө түртүүдө.
Россия «жумшак күчкө» да көңүл бура баштады. Россиячыл «Номад» телекеналынын ачылышы, 9 орус тилдүү мектептин курулушу, «Евразия» деп аталган орус тили жана маданиятынын борбору – булардын баары Россиянын таасирин күчөткөн «жумшак күч». Бул нерселер Россияны мактап көрсөтүп, анын позициясын, пикирлерин кабыл алууга алып келет. Ошол эле учурда, биз дагы эле өлкөбүзгө түз таасир кылган Россиянын «рычагдарынан» арылган эмеспиз. Биринчи «рычаг» бул мунай продукциялары. Мунай продукцияларынын дээрлик баарын Россиядан импорттойбуз.
Экинчи «рычаг» бул Россияда миграцияда жүргөн мекендештерибиз. Учурда Россияда жарым миллионго жакын мекендештерибиз бар. Анын үстүнө Россия мигранттарга карата мыйзамдарды катаалдатып, мекендештерибиз ар кандай кордуктарды көрүшүүдө. Быйыл Россияда мигрант балдардын 20 %ы гана мектепке алынган.
Ошондой эле, Россия менен болгон экономикалык байланыш да Россиянын таасир этүү куралы болууда. Маселен, тигүүчүлүк менен алектенген ишкерлер көп, анын артынан канчалаган үй-бүлөлөр көр оокатын өткөрүп келишет. Жакында эле – Евразия экономикалык биримдигине мүчө экенибизге карабастан – Россия санитардык абалды шылтоолоп импорт товарларына чектөө киргизди. Анын артынан башка товарлар менен кошо тигүүчүлөрдүн Россияга экспорту токтотулду. Бул жагдай айыл чарба продукцияларында да болуп турат. Негизи Россия менен Кыргызстандын соода байланышын алып карасак, терс сальдо өтө жогору. 2025-жылдын жети айынын жыйынтыгына ылайык, эки өлкөнүн тышкы соодасы 1,9 млрд долларды түзгөн. Кыргызстан Россияга 326,4 млн доллар көлөмүндө товар экспорт кылган болсо, Россиядан 1,6 млрд дооллар товар импорт кылган. Жалпысынан Кыргызстандын тышкы соодадагы терс сальдосу жылдан жылга көбөйүп барууда.
Негизи ири державалар ушундай колониялдык үстөмдүккө ээ болууну көздөшөт. Алар өз таасири астындагы өлкөлөрдүн кен байлыктарын талап-тоноп, өзүнүн товарларын бул өлкөлөргө сатышат. Бул үчүн алар «катаал», «жумшак» күчтөрүн ишке салышат, ар кандай аскерий, экономикалык, маданий уюмдарды түзүп, өлкөлөрдү кишендеп алат.
Андыктан, алардан, алардын ар кандай уюмдарынан арылуу кажет. Ансыз күчтүү мамлекет, бакубат жашоо куруу мүмкүн эмес. Колонизаторлордун кишендерин талкалап, мусулмандар Ислам негизинде биригип, бир мамлекетти тикелемейин мусулман өлкөлөрү ар кандай державалардын таландысында кала берет.
Харун Абдулхак




