
Салт аркылуу мажбурлоо: өзбек бийлиги имамдарга кандай кысым көрсөтүп жатат?
Августтун башында Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Наманган шаарында көрүнүшү да, мазмуну да ачууланткан жолугушуу болуп өттү. Бийликтегилер жергиликтүү бардык имамдардын жубайларын чогултуп, аларга жоолукту кантип салып жүрүш керек экендигин «түшүндүрүштү». Жоолукту «арабча» моюнга ороп байлоо тыюу салынган форма экени айтылды. Аялдар «салттуу жергиликтүү» ыкма менен, башкача айтканда, жоолукту арткы жагынан түйүп байлоого милдеттендирилди. Болбосо, мечиттерде кызмат кылган күйөөлөрү кызматынан ажырай турганы эскертилди.
Бул көрсөтмөнү облустук дин жана коомдук уюмдар менен байланыш башкармалыгынын башчысынын жардамчысы Сайёра Исакова айтты. Журналисттердин колуна түшкөн аудио жазууга ылайык, Исакова: эгер ички иштер органдары имамдын жубайын «туура эмес» жоолукчан кармаса, «анын күйөөсүн эч ким коргой албаштыгын» билдирген. Мындай сөздөр акыркы жылдары диний чөйрөгө жасалып жаткан басымдын жаңы ыкмасына айланды. Аткаминерлер сүйлөшүү аркылуу түшүндүрбөй, коркутуу жана шантаж менен ыплас максаттарына жетишип жатышат.
Өзбекстан мыйзамдарында хижаб кийүүгө түздөн-түз тыюу жок. Бирок атка минерлер мыйзамды өздөрүнчө чечмелеп жатышат. Административдик жаза кодексиндеги «адамдын жүзүн таанууга тоскоол болгон кийимге» каршы беренеси шылтоо катары колдонулуп, аялдардын диний ишенимине каршы келген талаптар коюлууда. Чындыгында болсо, «арабча эмес, өзбекче» жоолук байлоо талабы салтты сактоо максатын да көздөбөйт — тагыраагы бул исламдын сырткы көрүнүштөрүн тыю аракеттери!
Кысым аялдарга гана эмес, имамдардын өздөрүнө да багытталды. Жада калса илгертен бийликке лоялдуу болгон, Өзбекстан мусулмандарынын башкармалыгынын расмий түзүмүнө кирген имамдар ички «тазалоонун» бутасына кирди. Акыркы эки жылда жергиликтүү дин кызматчыларынын айтымында, облустук башкармалыктын башчысы Мусахон Аббосиддинов 40тан ашык имамды кызматтан алган. Себептери ар кандай болгону менен, негизги фактор алардын «туура эмес» позициясы же администрациянын көрсөтмөлөрүн аткаруудан баш тартуусу болду. Бирөөсү — аялы хижаб кийген үчүн, экинчиси — бийлике «лоялдуу эмес» болгону үчүн, үчүнчүсү — атка минер менен пикир келишпестиктен улам кызматтан бошотулган.
“Расмий түрдө” дин иштери Конституциянын негизинде жөнгө салынышы керек эле. Конституцияда мамлекеттин «секулярдык» мүнөзү жана абийир эркиндиги кепилденген. Бирок иш жүзүндө кеп секулярдуулукта эмес, барган сайын агрессивдүү көзөмөлдө болуп жатат. Мусулмандар башкармалыгы ар аптада мечиттерге жума хутбасын бир үлгүдө таркатып, андан ар кандай өзгөртүүлөргө тыюу салууда. Бийлик «туура ыйманды» эмес, «түз баш ийүүнү» талап кылууда. Ошондуктан, аналитиктердин айтымында, хижабга каршы кампания имамдардын аялдарынан башталды. Мамлекетке «үлгү мисалдар» керек. Имамдын жубайы хижабсыз чыкса — демек, бул «боло берет», башка аялдар да ошону кайталашы керек деген ойду жайылтуу максат кылынууда.
Журналисттер белгилегендей, Фергана өрөөнүндө бийлик канча жылдан бери хижабга каршы күрөшсө да, аялдарды андан баш тарттыра алган жок. Ошондуктан, бийликтегилер аргасыздыктан жаңы ыкманы колдонушуп, имамдардын аялдары аркылуу “үлгү кылуу” максатында «коомдук басым» тактикасын колдонуп жатат. Эгер урматтуу имамдын, Куранды жакшы билген диний лидердин жубайы көчөгө хижабсыз чыкса, демек бул «норма» катары кабыл алынат. Натыйжада калгандар да ошол жолду кармоого тийиш болот. Бул жөн гана административдик чара эмес, мамлекеттин кол алдында формалдуу кызмат кылып жаткан мусулмандардын колу менен жүргүзүлүп жаткан деисламизация кампаниясынын белгиси.
Тарыхта, мамлекет көзөмөл куралы катары пайдаланган диний жетекчилер кийин анын курмандыгына айланып калгандары тууралу көп мисалдар бар. Өзбекстанда 2020-жылдардын башында либералдаштыруу аракеттери болуп өткөнү менен, бүгүн биз тескери процессти көрүп жатабыз. Ислам Каримовдун доорун эске салган — цензура, көзөмөл, кызматтан алуу, коркутуу, үй-бүлөлөрдү «кайра тарбиялоо» ыкмалары кайра кайтып келди.
Өзбек коомунун диний деңгээли жогору экенин эске алсак, бул айрыкча кооптуу көрүнүш болот. Фергана өрөөнү өлкөдөгү эң диндар аймактардын бири. Бул жерде диний жана маданий норманы административдик ыкма менен таңуулоо — бул провокация, ишенимдүү мусулмандар менен мамлекеттин ортосунда ажырым жаратышы мүмкүн. Бул жөн гана укуктун бузулушу эмес, коомдун социалдык туруктуулугуна коркунуч.
Үстүртөн караганда маселе “жоолук маселесинде” көрүнүшү мүмкүн, бирок чындыгында кеп мусулмандын акыйдасына ылайык жашоого болгон укугунда болуп жатат. Имамдын атка минерге эмес, акыйдасы буйругандай, бир гана Аллахка жана Анын шариятына баш ийип жумуштан айдалып кетүү коркунучусуз жашоосунда. Аялдын өз ишеними негизинде күйөөсүнүн тагдыры үчүн коркпостон, өз милдеттерин аткаруу укугу жөнүндө болуп жатат.
Ошондой эле түшүнүү зарыл болгон жайы, бул чаралар имамдардын жубайлары аркылуу мусулмандардын диндарлыгын сырттан көзөмөлдөө аракети! Бул чаралар мурдагы саясий басымдын уландысы. Мыйзам аркылуу чектөөлөр натыйжа бербегенден кийин, басым «расмий болбогон» жолугушуу, маек, көрсөтмөлөр, коркутуу жана администрациялык басым ыкмаларына өттү. Бул формалдуу түрдө мыйзамдуулукту сактагандай көрүнгөнү менен, акыйкатта эркиндикти чектөөнү көздөйт.
Бул көрүнүш исламдын туруктуулугу жана популярдуулугу күчөп жатканын көрсөтүп турат. Бул болсо бийлик үчүн «коркунуч» туудурууда. Анткени “диний өздүк” барган сайын бийлик тарабынан таңууланып жаткан жүрүм-турум моделдери менен кагылышууда. Ислам коомунун тилектештиги жана биримдиги, мусулмандардын коомдук көз карандысыздыгы бийликти барган сайын кооптондурууда.
Исламга ккршы кампания имамдардан башталганы менен, бул акыркы чек эмес. Бул иш чаралар бийликтин чыныгы ниетин көрсөтүп жатат. Эгер абал ушул бойдон уланса, кийинки кадамдар мындан да катуу болушу мүмкүн. Ал тургай мыйзам чегинен чыгып кетет. Бийлик, имамдарды жаңы нормаларды коомго таңуулоочу курал катары колдонууну көздөп жатат. Бирок бул кадамдар тескерисинче, эл арасында бийликке карата ишенимдин азайышына, нааразычылыктын өсүшүнө алып келүүдө.
Жыйынтыктап айтканда,
Өзбек бийлиги көзөмөлгө тойбой, диний өздүккө каршы чабуулду улантып, жеке жашоого, ишенимге, абийирге терең аралашууда. Күрөш экстремизм менен эмес, мыйзам бузуу менен да эмес, исламды жашоо образы катары туткан адамдардын ыктыяры менен жүрүп жатат. Тарых көрсөткөндөй, динге болгон басым эч качан жоопсуз калган эмес. Кысым канчалык күчтүү болсо, ишеним ошончолук бекемдей берет. Натыйжада бийлик менен коомдун ортосунда жарака пайда болот жана элдин бийликке болгон ишеними калбай калат. Алла Таала айтат:
Алар Алланын нурун (Исламды) ооздору (бекерпоз, пайдасыз сөздөрү) менен өчүрмөкчү болушат. Алла болсо, (каапырлар) жаман көрсө да, Өз нурун толо (чар тарапка) жаят.
(Тообо:32)
Хужжат Жамиа