
Санариптик көзөмөл — авторитаризмге карай кийинки кадам
2025-жылдын август айынан тарта Кыргызстанда эл аралык интернет-трафикке мамлекеттик монополия киргизилип, ал “ЭлКат” аттуу компаниянын көзөмөлүнө берилет. Расмий түрдө бул кадам улуттук коопсуздукту камсыздоо, санариптик эгемендүүлүк жана зыяндуу контент менен күрөшүү максатында жасалып жатканы айтылууда. Бирок бул расмий жүйөлөрдүн артында өлкөнүн авторитардык режимин калыптануусун күчөткөн терең саясий себептер жашынып жатат. Интернетти монополиялаштыруу — бул жөн гана техникалык чечим эмес, 2026–2027-жылдардагы шайлоолордун алдында маалымат мейкиндигине көзөмөл орнотуунун негизги элементи болуп эсептелет.
Мамлекеттик бир гана компанияга өзгөчө укуктун берилиши — атаандаштыктын жоюлушу, трафиктин борборлошуусу жана маалымат агымдарын толук көзөмөлдөөгө шарт түзөт дегенди билдирет. Эми бардык кирүүчү жана чыгуучу интернет-трафик бирдиктүү мамлекеттик шлюз аркылуу өтөт. Бул болсо бийликке каалаган учурда маалыматты көзөмөлдөөгө, чыпкалоого, жайлатууга же таптакыр тосууга мүмкүнчүлүк берет. Порнография, киберкоопсуздук же деструктивдүү контент менен күрөшүү деген шылтоо менен бийлик саясий цензураны жана альтернативдүү пикирлерди басууну техникалык жактан камсыз кылып жатат.
Алардан да мурда соккуга кабылышы мүмкүн болгон тарап — бул секулярдык оппозиция эле эмес, коомдук исламий саясий аракеттер. Учурда мурдагы оппозициялык механизмдер жоюлгандыктан медиага кысым, митингдерге тыюу, жарандык сектор алсыратылды. Мындан улам, исламий интеллектуалдык чөйрө бийликти жана капитализм системасын сынга алган саналуу аянтчалардын бири бойдон калууда. Баардык исламий кыймылдар, билим берүү демилгелери, диний мазмундагы каналдар коомдук пикирге таасир бере алган альтернативдүү дүйнө карашын пайда кылууга кудуреттүү. Авторитардык система үчүн бул олуттуу коркунуч. Анткени ал Ислам дүйнө караш деңгээлине атаандаша албайт.
Санариптик монополия исламий альтернативага каршы обочолонуу шартын түзөт. Мамлекет тарабынан жактырылбаган сайттар, ислам сабактары, видеолор, блогдор жана таалим платформалары техникалык жактан бөгөттөлүшү мүмкүн. Радикализм менен күрөш деген шылтоо менен, эч кандай чыныгы коркунуч жаратпаган, бирок бийликтен көз каранды эмес алтернативдүү коомдук моделди сунуштаган мазмундар жабылышы мүмкүн.
Бул экстремизмге каршы күрөш эмес, идеялык майданды тазалоо. Мындан тышкары, бул аракет шайлоолорго да багытталган. Бийлик коом менен мыйзамдуу диалог орното албай, эл менен туура маек кура албаган соң, элдин бийликке болгон ишеними азайган сайын элди көзөмөлгө алууга аракеттенип баштайт.
Интернетти монополиялаштыруу керектүү учурда байланышты жоюуга же жайлатууга шарт түзүп берет. Ошол эле Telegram каналдарды бөгөттөө, постторду өчүрүү, видеолорду таратууга тоскоол болуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул жарандардын коомдук жашоодо өнүгүүсүн чектөө максатында санариптик обочолонууга алып келүү үчүн түзүлгөн механизм. Мунун баары юридикалык процедураларсыз эле инфраструктуралык көзөмөл мекемелерине кайрылбастан ишке ашырылат.
Бул кадамдын кесепеттери айкын көрүнүп турат. Кыргызстан санариптик эркиндиктин соңку калдыктарынан ажырайт. Мурда кыргызстан аймакта эркин интернети менен айырмаланып турса, эми IT тармагындагы эркиндикти сүйгөн жаштардын жана адистердин башка өлкөлөргө кетүүсү күчөйт. Коомдук кайдыгерлик жана бийликке болгон ишенимсиздик тереңдейт. Эң негизгиси, бийлик вертикалдуулугун күчөтөт. Бийликке каршы пикирлерди айтуу техникалык жактан айласыз болуп калат. Бийлик өзүн толук жоопкерсиз сезип эл менен маектешпей калат.
Интернеттеги монополия — бул жөн гана экономикалык реформа эмес. Бул саясий чек (сызык). Анын аркасында санариптик автократия жатат. Альтернативдүү ой-пикирлер ошол дубал аркылуу тосулат жана башка көз караш менен алмаштырылат. Эгер коом муну азыр түшүнбөсө, анда эртең маалыматка жетүү укугу коргоо астында эмес, кулпуланган абалда калат.
Латыфул Расых