Спортчулар үчүн жүрүм-турум эрежесин киргизүү — динден кооптонууну жашыруу аракети

Спортчулар үчүн жүрүм-турум эрежесин киргизүү — динден кооптонууну жашыруу аракети
2025-жылдын 27-июнунда Казакстанда туризм жана спорт министри Ербол Мырзабосынов «Спорттук этиканы бекитүү жөнүндө» буйрукка кол койгон. Бул документ спортчулар, машыктыруучулар жана спорттук калыстар үчүн жүрүм-турум эрежелерин белгилейт. Ага ылайык, уят сөздөрдү колдонууга, машыгуулар тууралуу маалыматты таратууга, өлкөнүн аброюна шек келтирген жүрүм-турумга, ошондой эле диний ишенимдерди ачык көрсөтүүгө жана миссионердик иш жүргүзүүгө тыюу салынат. Бул буйрук өзгөчө дин тутуу эркиндиги жана жеке ишенимдер укугу боюнча кызуу талкуу жаратты.
Үстүртөн караганда бул демилге тартипти чыңдоого жана казакстандык спортчулардын эл аралык аброюн көтөрүүгө багытталгандай көрүнөт. Бирок, буйруктагы көптөгөн нормалар учурдагы мыйзамдарда буга чейин эле каралган. Уят сөздөрдү колдонуу, коомго каршы жүрүм-турум, динге мажбурлоо жана диний ишенимдерди жайылтуу мунун баары административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла турган жагдайлар. Бул эреже Административдик укук бузуулар кодексинде, Эмгек кодексинде жана Диний ишмердик жөнүндө мыйзамда камтылган. Мындан улам, жогоруда айтылган чектөөлөр жалпы жарандык деңгээлде мурунтан бар болгон болсо, атайын тар чөйрөдөгү кесиптик топ үчүн кошумча нормативдик документти кабыл алуунун канчалык зарылдыгы бар эле? Албетте, бул демилге шек жаратпай койбойт.
Бул жерде тынчсыздануу жараткан нерсе диний көз карашты, анын баалуулуктарын көрсөтүүгө тыюу салуу, өзүнүн ишенимин ачык билдирүүнү чектөө. Мисалы, диний символдорду тагынуу, жеңиштен кийин манжа көтөрүү же Жаратканга ыраазычылык билдирүү сыяктуу жөнөкөй кыймылдар — мыйзам бузуу катары кабыл алынышы мүмкүн. Бул болсо, Казакстан Республикасынын Конституциясында кепилденген ар бир жарандын ишеним эркиндигине түздөн-түз доо кетирет. Мындай аракеттерди жасоону кайсы бир кесип ээлерине карата чектөө мыйзамдагы бардык жарандардын тең укуктуулугу принцибине каршы келет жана дискриминация катары бааланат.
Мындан тышкары, буга окшогон чектөөлөрдү атайын бир топторго карата тандалма түрдө колдонуу маселеси да бар. Эгер буйрук – спортчулар коомго таанымал таасирлүү адамдар – деген негизге таянган болсо, анда эмне үчүн ушундай эле нормалар артисттерге, теле алып баруучуларга, блогерлерге, мугалимдерге жана башка коомго таасирдүү кесип өкүлдөрүнө колдонулбайт? Алардын айткандары жана кылгандары көп учурда жаштарга жана коомдук пикирге андан да күчтүү таасир берет. Чектөөлөрдү тандалма колдонуу кайсы бир жарандык топту катуураак эрежелерге баш ийдирип, ал эми башкаларга боштук берүүгө алып келет. Бул болсо кооптуу прецедент болуп калат. Ошондой эле, буйруктагы түшүнүктөр өтө жалпыланган жана так эмес. «Казакстандын аброюна шек келтирүү», «коомго каршы жүрүм-турум», «ЖМК менен урмат-сый мамиле» сыяктуу терминдер өтө кеңири жана ар кандай чечмелениши мүмкүн. Бул болсо өз оюн ачык билдирген спортчуларга кысым көрсөтүүгө шарт түзөт. Мындай эрежелер юридикалык жактан алсыз жана ачык, жоопкерчиликтүү кесиптик чөйрөнүн өнүгүшүнө тоскоол болот.
Эгер максат чындап эле коомго таасирдүү адамдардын этикалык жана жоопкерчиликтүү жүрүм-турумун камсыз кылуу болсо, анда мындай иш тариздүү жана калыс алып барылышы керек. Мунун ордуна бардык жарандарга тиешелүү, жалпыга бирдей этика кодексин кабыл алуу туура болмок. Мындай документ буга чейин кабыл алынган мыйзамдарга таянып, адам укуктарын урматтап, цензурага жана кысымга алып келбеши керек эле. Ашачапкан, өйдө-төмөн мыйзам ченемдерин чыгаргандын ордуна, учурдагы мыйзамдардын ишке ашырылышын жакшыртууга, укуктук сабаттуулукка жана ички маданиятты өнүктүрүүгө багыт алышы абзел болмок. Мына ошондо этика маселесинде алдыга жылуу болуп, ошол эле учурда, жарандардын конституциялык укуктары бузулмак эмес.
Жогоруда айтылгандарга негизделип, бул мыйзам мусулман спортчулардын жаштарга тийгизген таасирине болгон тынчсыздануудан улам пайда болуп жатат десек болот. Анын үстүнө, учурда казак жаштарынын динге болгон кызыгуусу абдан өсүп жаткан учуру. Спортчулардын өз чөйрөсүндө диний ишенимин ачык аткаруусу исламий жүрүм-турум жөрөлгөлөрү, Жаратканга жалбаруулары такыбалыктын жана Жаратуучусуна болгон ыраазычылыктын белгиси болсо да, коомго таасир этүүчү адамдардын диний баалуулуктарды жайылтуусун чектөө аракети катары бааласак болот. Ал эми жалпы жүрүм-турумга, сүйлөө маданиятына жана умумий тартип нормаларына тиешелүү чаралар диний таасирди көзөмөлдөө жана аны чектөө максатын жаап жашыруу үчүн жасалып жаткан чүмбөттөрдөн.
Латыфул Расых