Макала

Суу көйгөйүн чечүү үчүн Россиянын «зыяндуу жардамы» керек эмес!

Суу көйгөйүн чечүү үчүн Россиянын «зыяндуу жардамы» керек эмес!

Мамлекеттер ортосундагы суу ресурстарын башкаруу боюнча аймактын негизги органы — МСККнын (Мамлекеттер аралык суу чарбасын координациялоо комиссиясынын) жыйыны болуп өттү. Жыйында суу көйгөйү кайрадан алдынкы планга коюлду.

Казакстан вице-премьер министри Канат Бозумбаев белгилегендей, агроклиматтык абал начарлап, суу запастары тез азайып, мамлекеттер ортосундагы келишимдер жай аткарылууда. Ал эми суу сактагычтардын көлөмү көп жылдан бери орточо көрсөткүчтөн төмөндөп кеткен.

Аймактагы абалдын көрсөткүчтөрү тынчсыздандырууну туудурат. Мурда туруктуу деп эсептелген муз тоңдору ылдам эрип баратат. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, 2018-жылдан баштап бул кырдаал «кайтарылгыс чекке» жетти. Тез эрүү процессин токтотууга чара жок. Бул абал аймактагы суу коопсуздугун коркунучка учуратууда. Анткени дээрлик баардык дарыялардын башталышы негизинен муз тоңдорунан келип чыгат.

Бирок климаттык факторлорду эске алганда да, окумуштуулардын айтымында, суу жетишсиздигинин негизги себептери башка. Негизги себеп катары ресурстарды туура эмес пайдалануу, эскирген сугат системаларынын начар абалы, суу ресурстарын бөлүштүрүүдөгү макулдашуулардын жоктугу жана аймактагы мамлекеттердин бири-бирине ишенбестиги саналат. Ортодо суунун жок болуп кетиши 50%га жетет, ал эми суунун азайышы бардык тараптар үчүн тең чоң жоготуу болуп эсептелет.

Мындай фондо Москва кайрадан өз чечимин сунуштаганга аракеттенүүдө. Россия Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Координациялык энергетика кеңешинин толук укуктуу мүчөсү болууга даяр экенин билдирди. Фёдор Опадчий белгилегендей, Россиянын Бирдиктүү энергосистемасынын оператору аймактык энерготүзүмдөрдү жөнгө салууга салым кошо алат. Россия энергетикалык тартыштыкты, суунун балансын бузбастан көйгөйдү чечүүгө жардам бере алат. Кыргызстан жана Тажикстан кыш мезгилинде сууну агызбастан сактай алышат, ал эми ылдыйкы кошуналар жайында керектүү көлөмдөгү сууну ала алышат.

Бирок бул кадам техникалык чечим катары сунушталса да, терең саясий анализди талап кылат. Россия ЕАЭБ, ЖККУ уюмдарында жана эки тараптуу энергетикалык келишимдерде тең укуктуу иштебегендигин көп жолу далилдеген. Россия тартуулап жаткан жардамы үчүн дайыма, жашыруун же ачык, төлөм талап кылат. Багынуу, көзөмөлдү тапшыруу, таасир астына алуу, саясий лоялдуулукту көрсөтүү сыяктуу жооп кайтарууларды күтөт. Бүгүнкү күнгө чейин Тажикстан да, Кыргызстан да Россия убада кылган «жардам» үчүн кандай акы берип жаткандары ачык эмес. Мына ушул негизги суроо болуп жатат.

Россия эч качан бекер иштебейт. Москва саясий жана инфраструктуралык таасир орнотууга мүмкүн болгон жерлерге кирүүгө аракеттенет жана аймактын системалык алсыздыктарын «жайгашуу эшиги» катары колдонот. Бул иштери сыртынан — жардам катары көрүнсө да, чынында — өз көзөмөлүн күчөтүү үчүн ишке ашырылат. Бажы жана темир жол түйүндөрүн башкаруу, газ менен камсыздоо аркылуу интеграциялык долбоорлор жана аскердик кызматташуу келишимдери Россиянын кызыкчылыгында. Ал эми энергетикалык кызматташуу өз таасирин бекемдөөгө карай кийинки кадам болуп саналат.

Аймактык кызматташуу механизмдери бузулуп, ар бир өлкө өз кызыкчылыгын көздөп жатканда, Россия азыркы интеграцияга өзүнүн тышкы башкаруусун сунуштап жатат. Бирок чындыгында бул чечим эмес, азыркы кулап жаткан «биримдиктин» (интеграциянын) толук жок болушун кечиктирүү аракети.

Кризистен чыгуунун жолу жаңы союздарга шериктешүүдө эмес, келишимдерде же координациялык кеңештерде эмес. «Россияны кошууда» да эмес! Чыныгы чечим — бардык табигый ресурстарды — суу, нефть, газды — жалпы калктын кызыкчылыгында сарптай турган мамлекетти түзүүдө.

Ар тараптуу кызматташуунун жападан жалгыз жолу адилеттүүлүк. Бирок Борбор Азия мүмкүнчүлүктөрү тең эмес болгон аймак. Бирөөнүн суусу көп болсо, башканыкы азыраак, бирөөнүн мунайы көп болсо, башкалардыкы жок, бирөөнүн айыл чарба потенциалы чоң болсо башкалардыкы кыйла начар абалда. Андыктан узак мөөнөттүү жана туруктуу планды иштеп чыгуу үчүн бирдиктүү башкаруу түзүмү жана бир мамлекет гана чечим боло алат. Муну менен суу, энергия жана ресурстар туура бөлүштүрүлөт.

Россиянын бүгүн лидер ролун ойноого аракети өнөктөш катары эмес, колонизаторлук жол. Ал аймактагы алсыздыктарды пайдаланып, тышкы күч катары кирип келүүдө. Бул мамиле теңсиздикти жаратып, ишенимди жокко чыгарып, туруктуу интеграцияны мүмкүн эмес кылат.

Ошондуктан, бирдиктүү башкаруу Исламдын адилеттүү идеологиясына негизделген мамлекет тарабынан болушу керек. Ансыз Борбор Азия тынчсыздануу, туруксуздук жана тышкы таасирдин астында кала берет. Ислам идеологиясынын механизмине ылайык гана суу ресурстары соода буюмуна эмес, жалпы үммөттүн мурасына айланат. Ошондо гана дыйкандардын, энергетиктердин жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктары бир чекитте борборлошот.

Демек, чыныгы чечим — Борбор Азиядагы бардык өлкөлөрдү, анын ичинде Россиянын бир бөлүгүн камтыган бирдиктүү Халифалык мамлекетин түзүүдө! Халифалык туруктуу өнүгүүнү, ресурстарды адилеттүү бөлүштүрүүнү жана ар бир тамчы суу, ар бир киловатт энергия, ар бир адам үчүн жоопкерчиликти камсыздай алат. Мына ушул жерде Борбор Азия үчүн саясий чечим камтылган!

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button