Макала
Trending

Ташкент жыйыны: Алиевдин Исламды өз кызыкчылыгына колдонуу стратегиясы

Ташкент жыйыны: Алиевдин Исламды өз кызыкчылыгына колдонуу стратегиясы

Өткөн аптада, Ташкентте болуп өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн консультативдик жолугушуусу, аймактагы эң ири саясий окуя болуп калды. Өзбекстандын демилгеси менен түзүлгөн Борбор Азия мамлекеттеринин кеңешмеси, акырындык менен өз алдынча саясий биримдикке айланып барууда. Бул кызматташуу куралына Азербайжандын кошулуусу анын геосаясий салмагын күчөтүп, энергетикалык жана экономикалык багытында биргелешкен өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Учурдагы каржылоо, коопсуздук жана башка көйгөйлөргө тийиштүү маселелер талкууланып жатканда, Илхам Алиевдин сөздөрү өзгөчө мааниге ээ болду. Ал өзүнүн сөзүндө аймактын жалпы руханий негиздерине, ислам цивилизациясына жана кылымдык тарыхына басым жасады.

Анын сөзүнүн бул бөлүгү өзгөчө талдоону талап кылат. Анткени көпчүлүк мындай сөздөрдү диний мүнөздөгү билдирүү катары кабыл алышы мүмкүн. Бул сөздөр диний же идеологиялык маанини камтыбайт, бул жөн гана саясий ыкма. Азербайжан, капиталисттик түзүмгө негизделген улуттук кызыкчылыктарын көздөгөн светтик мамлекет. Ал тургай Исламга душманчылык кылып келген өлкөлөр менен тыгыз мамиле кылат. Андыктан, ал эч кандай исламий саясатты жүргүзүүгө, ислам негизиндеги экономиканы курууга жана исламий коом тартибин түзүүгө кызыкдар эмес. Алиев өзү ислам баалуулуктарын колдобойт, ислам шариятынын негизиндеги чечимдерди коомго сунуштабайт жана ислам негизиндеги башкаруу түзүмүн көтөрүп чыкпайт. Ал өзүнүн позициясын бекемдөө үчүн  коомдун туйгулары менен ойной турган капиталисттик лидер.

Ислам бул жөнөкөй символикалык же руханий мурас эмес. Ал саясий, экономикалык жана социалдык тармактарды камтыган толук кандуу жашоо системасы. Бирок Алиевдин сөздөрүндө бул тууралуу эч нерсе эскерилген жок. Ал ислам идеологиясы, экономикасы, ислам укугуна негизделген коомдук түзүлүш, жалпы ислам үммөтүнүн саясий биримдиги же фикх негизиндеги башкаруу жөнүндө кеп кылган жок. Демек, ислам сөзүнө толгон Алиевдин кайрылуусу, ислам долбоорун ишке ашырууга эмес, Азербайжандын аймактык форматка катышуусун мыйзамдаштыруу үчүн саясий курал катары колдонулууда.

Баку үчүн мындай билдирүүлөр бир нече милдеттерди аткарат:

Биринчиден, Азербайжандын Борбор Азия мейкиндигине кирүүсүн жеңилдетет, анткени бул ыкма аймактагы өлкөлөрдүн маданий өздүгүнө туура келет.

Экинчиден, мындай мүнөздөгү кайрылуу Азербайжандын түрк дүйнөсүндөгү ролун бекемдеп, идеологиялык көз карандысыздыктын элесин жаратат. О.э Батышка Азербайжандын аралашуусусуз, аймактын тарыхый-маданий багытын аныкташына жол бербейт.

Үчүнчүдөн, бул экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду талкуулоо үчүн ыңгайлуу шарт түзөт жана тараптар ортосундагы аралыкты кыскартат. Бул милдеттердин баардыгы саясий жана прагматикалык мүнөзгө ээ жана алардын бири да ислам саясаты менен түздөн-түз алакасы жок.

Мындай кырдаал аймактагы мусулмандарды алдап койбошу керек. Тактап айтканда, мындай билдирүүлөр аркылуу исламдын өнүгүүсү жана жандануусу көздөлүп жатат деп түшүнүү ката. Анткени диний темага негизделген саясий кооз сөздөр, көбүнчө диний баалуулуктарды, же руханий долбоорлорду козгоо элесин гана пайда кылат. Бирок иш жүзүнө келгенде учурдагы саясий түзүмдү алмаштырууга каратылбастан, дипломатиялык курал катары колдонулууда. Эгер бул айырмачылык эске алынбаса, ислам чечимдери жок жерде коом бул чечимдерди үмүт кылып кала берет.

Ташкентте болуп өткөн жолугушуулардын жыйынтыгын айта кетсек: аймак туруктуу уюмга айланууга аракеттенүүдө, бирдиктүү экономикалык аянтты түзүү жана жаңы кызматташтык жолдорун өнүктүрүү багыттарын көздөөдө. Ал эми Азербайжан бул процесстердин бир бөлүгүнө айланууга жана өзүнүн геосаясий мейкиндигин кеңейтүүгө умтулууда. Алиевдин ислам темасын колдонушу, бул келечектеги ислам моделиндеги түзүмдү куруу аракети эмес, тагыраагы маданий биригүүгө, таасирди күчөтүүгө жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган прагматикалык ыкма.

Андыктан, аймактагы мусулмандар акыл-эсин тунук сактап, аң сезимдүү болуусу зарыл. Куранда Аллах Таала көп жолу сырткы көрүнүшкө алданбоону жана маалыматты текшерүүнү эскертет.

Ас-Сафф сүрөсүндө мындай делет:

Эй момундар, силер эмнеге өзүңөр кылбай турган нерсени (кылабыз деп) айтасыңар?!  Силердин өзүңөр кылбай турган ишти (кылабыз деп) айтууңар Алла алдында өтө жаман көрүлгөн (иш). (61:2–3).

Мындан тышкары, Аллах Таала момундарга жалган же шектүү кабарды этияттык менен кабыл алууну эскертет:

 Эй момундар, эгер силерге бир фасык (бузуку) кимсе бирээр кабар келтирсе, ал  алып келген кабарды аныктап-текшергиле! ( 49:6).

Бул аяттар Ташкент жолугушуулары менен түздөн-түз байланышат жана мусулмандарга Алла Тааланын эскертүүсүе камтыйт. Мусулмандар кооз сөздөргө эмес, мамлекеттердин чыныгы саясатына, алардын башкаруу моделине, экономикалык багытына жана иш жүзүнө ашырып жаткан кадамдарына карап сын берүүлөрү зарыл! Ислам куру сөз менен туйгуга оролгон ураандарга эмес, ачыктыка жана жоопкерчиликти көтөрүүгө чакырат. Демек, качан ислам тууралуу же исламды жамынган адамдар жалпы маданий жана тарыхый негиздер жөнүндө сүйлөп жатканда, биз чыныгы ислам чечимдери менен алардын чакырыктарын айырмалай билүүбүз зарыл! Мына бул динибиз үйрөтүп жаткан ыкма.

Абду Шукур

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button