Макала

“Туура эмес арыз берүүчүлөр” менен күрөшүү коомдун аң-сезимин солгундатып жатат

“Туура эмес арыз берүүчүлөр” менен күрөшүү коомдун аң-сезимин солгундатып жатат

Жакында Жогорку Кеңеште кабыл алынган түзөтүүлөргө «туура эмес арыз берүүчү» түшүнүгү киргизилди. Жакын туугандары жок адамдарга сотто үчүнчү тарап аркылуу өкүлчүлүк кылуу укугу чектетилди. Бул – мамлекеттик көзөмөлдү системалуу түрдө күчөтүү жана калктын укуктарын, аң-сезимин чектөөнүн кезектеги кадамы.

Сунушталып жаткан демилге, жалган арыздар менен кылмыш иштерин козгоодогу кыянаттыкка каршы күрөш деп акталууда. Бийлик укук коргоо органдарын негизсиз «дооматтардан» жана текшерүүлөрдөн коргоо зарыл экенин билдирүүдө. Бирок чыныгы максат – жарандардын кайрылууларынын агымын азайтуу жана коомдун көзөмөлүн чектөө болуп жатат.

Мыйзам «туура эмес арыз берүүчү» деген бүдөмүк түшүнүктү киргизип жатат. Бул практикада ишке түздөн-түз тиешеси жок ар бир жаранга арыз кабыл албай коюуга жол ачат. Бул болсо кылмыштарды алдын алуу жана коргоо укугун олуттуу түрдө кыскартат. Анткени көп учурда жабырлануучу өзү арыз бере албаган же корккон учурларда дал күбөлөр, жарандык активисттер жана кайдыгер эмес адамдар иликтөөнүн демилгечиси болуп калышат.

Айрыкча, жакын туугандары жокторго сотто үчүнчү жактар аркылуу өкүл болууга тыюу салынганы чоң кооптонууну жаратат. Бул көптөгөн социалдык жактан алсыз топторду – жалгыз кары-картаң, майыптарды укуктарын коргоо мүмкүнчүлүгүнөн дээрлик ажыратат.

Бул өзгөрүүлөр жалпы агымдын контекстинде орун алып, дин негизинде кылмыш иши козголгондорго жана экстремизм айыптары менен соттолгондорго да түздөн-түз тийешелүү. Мындай иштер көп учурда чыныгы жабырлануучуларды көзгө илбестен, кылмыш иши укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын эркине жараша козголот. Бийлик укуктук системаны жарандарды коргоо үчүн эмес, “жат ойлорду” басуу жана коомду көзөмөлдөө үчүн көбүрөөк колдонууда.

Мыйзам чыгаруу демилгелери ачык эле тандалгандыкты жана карама-каршылыктарды көрсөтүп жатат. Мыйзамдар тең салмактуу колдонулбай, критерийлери оңдолбостон, укук коргоо органдарына кеңири ыйгарым укуктарды берет. Бийлик чыныгы максатын жашыруу үчүн юридикалык терминдер менен чебер ойноп жатат. Ал кызмат адамдарынын кылмыштарын ачыктачу көрүнүшү болгон калк укуктарын, коом көзөмөлүн чектеп жана алсыратууда.

Натыйжа айкын: бир жагынан күч органдары басым жана кыянаттык үчүн кошумча басым өткөрүү күчүнө ээ болушат, экинчи жагынан жарандар адилеттикте жана укуктарын коргоодо жаңы тоскоолдуктарга туш болушат. Чыныгы мыйзам бузууларга каршы күрөшүүнүн ордуна биз формалдуу чечимге күбө болуудабыз. Бул чечим атка минерлерди коргоп, аң-сезимдүү жарандарды чектейт.

Бул абал укуктук система деградация процессинде экенин көрсөтөт. Коом «тартипке кам көрүү» деген шылтоолор менен акталган демилгелерге каршы жандуу чыкпаса, репрессивдик аппарат күчтөнөт.

Исламда адилеттикке жетүү жолунда күбө же арыз берүү – ар бир мусулмандын ажыралгыс укугу. Эгер кайсы бир адам окуя тууралуу ишенимдүү маалыматка ээ болсо, күбөлүк берүү ал үчүн – коом жана Аллахтын алдында моралдык милдет болуп эсептелет. Албетте, мында чынчылдык, ихлас маанилүү. Бул шарттар Ыйык Куран жана Пайгамбарыбыздын ﷺ хадистери менен бекемделген.

«Силердин араңардан эки эркек күбө болсун…» (Бакара сүрөсү, 2:282)

«Күбөлүктү жашырбагыла. Ким (күбөлүктөн баш тартуу менен) аны жашырса, анда албетте ал күнөөкөр.» (Бакара сүрөсү, 2:283)

Демек, жарандардын кылмыштар тууралуу арыз берүү укугун чектөө ислам баалуулугуна да тескери келет. Универсалдуу укуктук принциптерге гана эмес, ар бир мусулмандын руханий милдетине да каршы келет.

Пайгамбар ﷺ:

«Силерден ким жаман ишке күбө болсо, аны колу менен токтотсун. Ал нерсе колунан келбесе, сөз менен токтотсун. Ал да колунан келбесе жүрөгү менен жек көрүп койсун – бул ыймандын эң алсыз көрүнүшү (даражасы)» деген.

(Сахих Муслим, №49)

Ошондой эле Пайгамбар ﷺ «Күбөлүк берүүдө чынчыл болгон адам, эң мыктыңар» деген.

Мыйзам кайдыгерлик менен унчукпай коюунун куралына айланбашы керек. Болбосо, коом жаманды жакшыдан ажыратуучу, жамандыкка каршы күрөшүү жөндөмүн жоготот.

Буга каршы, кыргыз мыйзамдарындагы жаңы түзөтүүлөр «туура эмес арыз берүүчү» түшүнүгүн киргизип, жарандардын жеке иликтөө укугун чектөөдө. Ошондой эле башка адамдардын укугун коргоо мүмкүнчүлүктөрүн жок кылууда. Айрыкча, ишке формалдуу «укуктук же түздөн-түз тиешеси» болбогон жарандар үчүн басым күчөмөкчү. Бул коомдун адилеттикке жетүүгө жана бийликти көзөмөлдөөгө активдүү катышуусуна олуттуу тоскоолдук жаратат.

Ислам шарттарына көрө, мындай тандалма чектөөлөр адилеттикке жана коомдук тилектештикке каршы келет. Адилеттүүлүктү изденген, кош көңүл эмес, жардамга шашылган адамдардын түшүнүгүнө карама-каршы келет. Адилеттүүлүк – формалдуу тоскоолдуктар менен эмес, чынчыл күбөлүк, ачык сот процесси жана ар бир адамдын укуктарын коргоо аркылуу камсыздалат.

Ошондуктан жарандардын арыз берүү жана сотко катышуу укуктарын чектеген диктатуралык мыйзам демилгелери универсалдуу адилеттүүлүк принциптерин тебелейт. Бул капиталисттик системадан жана анын мыйзам чыгаруу механизмдеринен баш тартуу керек экендигине дагы бир далил. Ошондой эле коомдук тартипти коргоп жана адилеттүүлүктү кепилдей турган Ислам системасын тандап алууга убакыт келгендигине ачык далил. Шариат адамдардын жана коомдун кызыкчылыгын толук эске алып, бийлик структураларына гана эмес бардык адамдарга тең кызмат кылат.

ИншаАллах, Аллахтын каалоосу менен, пайгамбарлык минхажы негизинде курулган ислам мамлекети – адилетүү башкаруу системасын мурункудай иш жүзүндө көрсөтөт.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button