
Тяньцзиндеги ШКУ саммитинин жыйынтыктары
2025-жылдын 1–3-сентябрында Тяньцзинде өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити, Батыштын аралашуусусуз дүйнөлүк жаңы тартипти тартуулоого көздөлгөн, Кытай жана уюмдун мүчөлөрүнүн кезектеги аракети катары бааланды. Расмий түрдө иш-чара кызматташууну кеңейтүү, транспорттук байланыштарды өнүктүрүү жана Азиядагы туруктуулукту чыңдоо урааны менен өтсө да, саясий маанайы жана лидерлердин сөзү учурдагы системага каршы каратылган мүнөзгө ээ болду. Саммит көбүрөөк АКШ менен Европа биримдигинин күчөп жаткан басымына жооп катары көрүнүштө болуп өттү.
Саммиттин кожоюну катары Кытай өзүн расмий эмес «антикризистик блоктун» лидери катары биротоло бекемделүүгө ниеттенгенин көрсөттү. Си Цзиньпиндин сөзүндө «гегемонияга» жана «суук согуш менталитетине» каршы багытталган билдирүүлөр көп болуп, бул кайрылуулардын кимге арналганы түшүнүктүү болду. Ал «глобалдык башкарууну» тең укуктуулук жана туруктуу өнүгүү негизинде куруу концепциясын сунуштады. Бул идеялар көптөгөн миллиарддык колдоо, жаңы өнүктүрүү банкы сыяктуу түзүмдөр жана санариптик кызматташуу платформалары менен коштолду.
Саммитте өзгөчө көңүл Индияга бурулду. Буга чейин Кытай менен чыңалган мамилелер фонунда премьер-министр Нарендра Моди Си Цзиньпин менен жолугушуп, түз авиакаттамды калыбына келтирүү жана туристтик виза боюнча бир катар келишимдерге кол койду. Ошол эле учурда анын сөзү абдан этият болуп, союздашууга караганда көз карандысыз курсун көрсөтүүгө окшошту. Моди суверенитетти урматтоонун маанилүүлүгүн, терроризмге каршы күрөштө кош стандарттарга жол бербөөнү жана тыштан таңууланбаган транспорттук маршруттардын артыкчылыгын баса белгиледи. Бул ачык эле Кытайдын «Бир алкак — бир жол» демилгесине (BRI) ишарат болду.
Кытайдын активдүүлүгү күчөгөн шартта Россия бул жолу экинчи планга чыгып калды. Владимир Путин айрым өнөктөштүк белгилерин бергенине карабастан, негизинен эки тараптуу жолугушууларга жана «руханий жакындык» жөнүндө билдирүүлөргө токтолду. Санкциялык басым жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелиши шартында Россиянын ролу символикалык деңгээлде гана калды.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан өзүнчө көңүлгө ээ болду. Ал ШКУга кийинки жылдын төрагалыгын кабыл алуу менен бирге, транс улуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча аймактык борборду түзүүнү жана Бишкекте санариптик форум өткөрүүнү сунуштады. Кыргызстанга болгон өзгөчө көңүл бурулгандыгынын дагы бир себеби — Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоору болду. Кытайдан бул долбоорго канча каражат бөлүнөөрү так айтылган жок, бирок жалпы регионго көрсөтүлө турган каржылык колдоонун бир бөлүгү дал ушул багытка жумшалат деп күтүлүүдө. Кытай саммитте ШКУ өлкөлөрүнө 280 млн доллар грант, 10 млрд юань кредит жана Борбор Азияга өзүнчө 289 млн доллар грант бөлөрүн жарыялады. Бул каражаттардын бир бөлүгү Кыргызыстанга да тиешелүү.
Жыйынтык:
Саммит ШКУнун жаңы абалга келгенин тактады. Уюм Батыштын глобалдык тартибине нааразы өлкөлөрдү бириктирген болсо да, бирок аскердик эмес платформа бойдон калууда. Ошол эле учурда ал толук кандуу стратегиялык блокко айланган жок. Аткени мүчөлөрдүн максаттары жана геосаясий кызыкчылыктары ар түрдүү болууда. Индия дагы эле Батышка жакын, бирок Чыгыш менен байланышты кеңейтип жатат. Борбор Азия өлкөлөрү кепилденген пайда издеп жатышат, ал эми Кытай лидерлик амбициясын илгерилетүүдө. Бирок бул лидерликти сөзсүз түрдө баары кабыл ала элек.
ШКУ акырындап милдеттендирбеген союздук форматтан көрө, Кытай «деми» менен альтернативдүү глобалдашуунун саясий көргөзмөсүнө айланып баратат.
Биз эске салуу шарт болгон жайы: ШКУ тең укуктуулукка, суверенитетти урматтоого жана ички иштерге кийлигишпөөгө негизделген “адилеттүү” дүйнөлүк тартипти түзө турган платформа катары өзүн тааныштырганы менен, иш жүзүндө уюм көп учурда көп полярдуулуктун символу гана бойдон калууда. «Бирдиктүү тагдыр» жана өз ара ишеним тууралуу билдирүүлөргө карабай, ШКУ күч балансына олуттуу таасир эте ала турган күч жана катышуучулар үчүн ишенимдүү коопсуздук же өнүгүүнүн кепилдиги боло элек.
Мусулман өлкөлөрү үчүн Кытайдын лидерлиги алардын өз алдынча өнүгүшүнүн милдеттүү шарты эмес. Мусулман өлкөлөрү үчүн Кытай өз жергесиндеги мусулмандарды кысымга алууну токтотсо, бул мүмкүнчүлүккө үмүт жаратмак. Тарыхый тажрыйба көрсөткөндөй, ислам дүйнөсү Кытайсыз деле бекем байланыштарды түзүп, ички биримдиги аркылуу туруктуулукту сактап келген. Бүгүн да мусулмандар өздөрүнүн ислам баалуулуктарына таянышы мүмкүн. Ошондой эле, Исламдын негизинде биримдик түзүп, өз күчүн көрсөтүп, эл аралык мамилелерде урмат-сый талап кылууга жана тең укуктуу кызматташууга тийиш.
Абду Шукур