
Экспертиза эми күч органдарынын көзөмөлүндө
Кыргызстандагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) ыйгарым укуктарын кеңейтүүчү мыйзам кабыл алынды. Бул өлкөнүн саясий-укуктук тармагында күч түзүмдөрүнүн ролун дагы да бекемдейт. Эми УКМК соттук-эксперттик, криминалдык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле бул кызматтарды келишимдик негизде көрсөтүү укугуна ээ болот. Президент Садыр Жапаров бул мыйзамга кол коюп, ал аркылуу Улуттук коопсуздук органдарынын ыйгарым укуктарын кыйла кеңейтти.
Бул кадам расмий түрдө, тергөө иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик кызматтарды жөндөө зарылычылыгы менен акталууда. Бирок укуктук жана саясий жагынан караганда, бул демилге тергөөнүн калыстыгына, айыпталуучулардын укуктарына жана сот процесиндеги күчтөрдүн тең салмактуу болуусуна олуттуу коркунуч жаратат.
Маселе тергөө органдарынын экспертиза жүргүзүү укугу менен кошо, айыптоо жана далилдерди баалоо функцияларын аткаруусунда болуп жатат. Бул ачык эле кызыкчылыктардын кагылышын пайда кылат. Айып коюп жаткан структура эми ошол эле айыптоону өзүнүн экспертиза жыйынтыктары аркылуу тастыктайт. Бул процесстеги ролдордун бөлүнүшүн жокко чыгарып, соттук экспертиза менен тергөөнүн позициясын «легитимдештирүүчү» куралга айландырат. Натыйжада айыптоочу тарап менен көз карандысыз эксперттик институттун ортосундагы формалдуу айырма да жоголот, бул болсо жаза процессинин системалуу түрдө бурмаланышына алып келет.
Буга чейин да соттук-эксперттик системаны толук көз карандысыз деп айтууга мүмкүн эмес эле. Айрым учурларда, бул түзүм күч органдарына баш ийиген абалда, мусулмандарды куугунтуктоочу куралга айланганы да белгилүү. Бирок ал жок дегенде, калыстыктын көрүнүшүн жаратып турган сырттагы көз карандысыз институт катары таанылып турчу. Эми болсо бул чек толугу менен өчүрүлдү.
Мындан ары УКМК жүргүзгөн ар бир иш, УКМК өзү чыгарган «эксперттик тыянак» менен коштолот. Бул сот процессинде атаандаштык мүнөзүн жоготот. Ошондой эле коргонуучу тараптын альтернативдүү экспертиза жасатуу укугун дээрлик жок кылат. Ал эми көз карандысыз адистер чыгарган корутундулар, сот тарабынан белгиленген УКМКнын «расмий» пикирине туура келбегендиги үчүн четке кагылуу коркунучуна туш болот.
Айрыкча мындай өзгөрүүлөр саясий же диний өңүттөгү иштерде чоң мааниге ээ болот. Ишмердүүлүгү коркунуч туудура турган активдүү мусулмандарга, оппозиция өкүлдөрүнө, же журналисттерге каршы күрөшүүдө УКМК, ар дайым өзгөчө ролго ээ болуп келген. Эми мындан ары, комитет тергөөдөн тартып, далил базасын түзүүгө чейинки экспертиза жүргүзүү укугу менен кошо, ишти толугу менен өз көзөмөлүнө алат. Бул тышкы көзөмөлдүн жоголушуна жана мындай иштердин жыйынтыгы алдын ала белгилүү болуп калышына алып келет.
Мындай модел күч органдарынын ишинде натыйжалуу жана ылдам элести пайда кылат. Анткени тергөөнүн тез жүрүшү жана «ачылган» иштердин пайызынын жогорулашы УКМКны чебер жана тартиптүү структура катары таанытат. Бирок бул көрсөткүчтөрдүн артында адилеттүүлүк стандарттарынан баш тартуу жана күнөөсүздүк презумпциясынын жоголушу күчөйт. Соттор, ошол эле мекемелер даярдаган «эксперттик жыйынтыктарга» таянып, айыптоо өкүмдөрүн көп чыгара баштайт. Мындай абал дароо айыптоолордун саны өсүшүнө жана соттун күч органдарына болгон көзөмөлүнүн алсырашына алып келет.
Саясий жактан алганда, бул демилге бийликтин позициясын бекемдеп, сот системасынын күч түзүмдөрүнө болгон көз карандылыгын күчөтөт. УКМК эми жөн гана оперативдүү орган эмес, далилдердин мазмунун жана алардын чечмеленишинин чегин аныктаган эксперттик борборго айланат. Башкача айтканда, «административдик реформа» деген шылтоо менен акыйкатты монополизациялоо иштери жүрүп жатат. Калыстыктын ордун лоялдуулук, укуктук процедуранын ордун саясий багыт басууда.
Жалпы жарандар үчүн жана өзүнүн көз карашы бар мусулмандар үчүн, бул сот системасынын начарлап жатканынын жана адилет сотко жетүү мүмкүнчүлүгүнүн азайганын билдирет. Айрыкча, бийликти сындоого же расмий идеологияга каршы пикир билдирүүгө келгенде, бул абал өзгөчө кооптуу болот.
Бул мыйзам күч түзүмдөрүнө эксперттик монополия кылуу укугун берип, соттук процесстердин атаандаштык мүнөзүн толугу менен жок кылышы мүмкүн. Мунун натыйжасында экспертиза саясий көзөмөлдүн куралына айланат.
Демек, УКМКнын «техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө» каралган мыйзам чындыгында күч структураларынын үстөмдүгүн бекемдеп, укуктук мамлекеттин пайдубалын солгундатып жатат. Сот системасы чындыкты издөөчү механизм эмес, көздөлгөн жыйынтыкты ырастоочу механизмге айланууда.
Абду Шүкүр




