Эмнеге Ислам академиясынын ачылышы кубантпастан, тынчсыздандырат?

Эмнеге Ислам академиясынын ачылышы кубантпастан, тынчсыздандырат?
Токмок шаарында жакынкы күндөрдө Ислам академиясынын ачылуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн диний лидерлери менен жолугушууда билдирди. Расмий маалыматка ылайык, академия диний сабаттуулукту жогорулатуу, диний кызматкерлерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу максатында түзүлүүдө.
Биринчи көз карашта бул демилге коомдун талаптарына жооп бергендей көрүнөт. Бирок тереңирээк караганда, кубануунун ордуна күмөн саноону жаратат. Анткени бул долбоор, руханий жана билим берүү тармагындагы өнүгүүдөн мурда, диний чөйрөнү саясий жана идеологиялык көзөмөлгө алуу механизмин ачыгыраак көрсөтүп жатат.
Президент акыркы жылдары өлкөнүн диний саясаты боюнча бир катар реформалар жүргүзүлгөнүн айтты. Анын ичинде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия президенттин көзөмөлүндө болгон улуттук агенттикке берилгенин белгиледи. Бул жөн гана техникалык чечим эмес, тагыраагы өлкөдөгү мусулмандардын жашоосун көзөмөлгө алууну күчөтүү. Президент өзү түздөн-түз диний чөйрөгө жооп берген түзүмдү көзөмөлдөп жатканы диний мекемелерди гана эмес, динди түшүндүрүү процесстерин жана диндин өзүн да көзөмөлдөгөнгө урунуп жатканын ачыктайт.
Айрыкча, мечиттер, медреселер, жеке курстар жабылып жаткан учурда, жаңы диний академиянын ачылуусу, чоң карама-каршылыктарды жаратат. Бүгүнкү күндө, билим берүүчү дипломго ээ болгондор дагы диний коммиссиянын уруксатысыз таалим берүү иштери менен алектене алышпайт. Формалдуу түрдө мындай жеке ишмердүүлүк «мамлекеттик стандартка жооп бербейт» же «радикалдашууга» алып барат деп акталат. Бирок чынында, маселе алардын саясий эрки болушунда же мамлекеттик түзүмдөрдөн көз карандысыздыгында жатат. Жаңы академияны түзүлүшү, диний мейкиндикти кеңейтпейт, тескерисинче, системадан тышкары калгандарды четтетип коёт.
Жапаровдун сөзүндө өзгөчө көңүл интернет аркылуу жаштарга болгон диний агымдардын таасири жөнүндө айтылды. Ал жаш муунду салттуу баалуулуктарга негиздеп тарбиялоо зарыл экенин баса белгиледи. Бирок бул мамлекеттик саясаттын контекстинде «лоялдуу» мусулманды калыптандыруу чакырыгы катары угулуп жатат. Идеологиялык электен өткөрүүгө негизделген билим берүү — таалим берүүгө, көзөмөлдөөчү профилактикага айланат.
Жолугушуунун соңунда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн муфтияттары атынан Садыр Жапаровго Дин башкармалыгынын «Айкөл» ордени ыйгарылды. Бул иш диний кызмат үчүн сый катары көрсөтүлсө да, чынында жеке берилгендиктин белгиси болуп калды. Саясий колдоого ыраазылык билдирүү — шарият негиздеринен баш тартуу болот. Бул иш-аракет менен дин башкармалыктын ээлери, өзүлөрүнүн мамлекетке болгон лоялдуулуктарын билдирди.
Исламды түрк дүйнөсүнүн улуттук салттары менен айкалыштыруусунун зарылдыгы жөнүндө билдирүүлөр өзүнчө көңүл бурууга татыктуу. Бул формулировка дин, өлкө ичинде руханий негиз болбой, тышкы саясаттын жана геосаясий долбоорлордун бир бөлүгүнө айланып жатканын билдирет. Ислам — түрк мамлекеттери уюмунун алкагында, маданий интеграциянын куралына айланат. Ошондой эле ислам – улуттук идеологияны куруу максатында анын бир элементи катары колдонулууда.
Кыргызстандагы реформалар, ачылыштар жана салтанаттуу билдирүүлөрдүн фонунда, азыркы болуп жаткан абал барган сайын айкын болууда. Кыргызстанда дин менен мамлекеттин ортосунда колонизаторлор орноткон модел кайрадан күч алып жатат. Бул моделде руханийлик экинчи планга сүрүлүп, анын ордуна көзөмөл жана башкаруу биринчи планга чыгып жатат. Билим берүү коопсуздуктун алкагында болуп, ал эми “коопсуздук” — коомдун чыныгы муктаждыгынан эмес, Кытай менен Россия таңуулаган администрациялык көзөмөлдөн келип чыгууда. Булар, жада калса пикир таркатууга да монополия кылууга урунуп жатышат.
Ошондуктан Токмоктогу Ислам академиясы жөн гана билим берүү мекемеси эмес, тагыраагы мамлекетке жана колонизаторлордун кызыкчылыктарына кызмат кылуучу долбоор. Руханий өнүгүүгө кам көрүү көз карандылык маселесине айланып, дин болсо көзөмөл механизми катары пайдаланылууда.
Абду Шукур