Макала
Trending

Үрөй учурган оор кылмыштар жана ага карата Исламдагы чечим

Үрөй учурган оор кылмыштар жана ага карата Исламдагы чечим

Ысык-Көлдө өлтүрүлгөн 17 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү жаран дагы жети оор кылмышка тиешеси бар экени айтылды. Бул тууралуу ЭлТР телеканалынын укук коргоо органдары менен бирге жасаган иликтөөсүндө баяндалды. Иликтөөгө таянсак, аталган жаран 2011-жылдан бери төрт кыздын зордукталып өлтүрүлүшүнө, дагы эки кызды зордуктоого айыпталып жатат.

Ички иштер министрлигинин эсебинде, Кыргызстанда адам өлтүрүү, зордуктоо фактыларынын саны жыл сайын өсүп жатат. Жакында эле Ак-Ордо конушунда эки адамдын үйүнөн өлтүрүлүшү коомдук резонанс жаратты жана жарандардын коопсуздугу корголбогонун ачыкка чыгарды. Расмий бийлик бул сыяктуу үрөй учурган окуяларды коомдук пикирди башкаруу ыкмасы катары да колдонуп жатканын айта кетүү керек.

Түпкүлүгүндө, мындай кылмыштардын арбып жатышы кыргыз коомуна таңууланып келген демократиялык мыйзам жана баалуулуктары экени талашсыз. Анткени, капиталисттик системада жарандардын коопсуздугу сакталбаган жана жазалар да кылмыштарды алдын алууга каратылган эмес.  Муну БУУ жарыялаган расмий докладда көрсөтүлгөн маалыматтар да тастыктап турат. Анда бир жыл ичинде атайын өлтүрүлгөн адамдардын саны 458 миңге жеткени айтылган. Бул жер бетинде согуш болуп жаткан аймактарда курман болгондордун санынан беш эсе көптүк кылат. Мисалы, америкалык 78 жаштагы Сэмюэл Литтл 35 жылда 90 адамды өлтүргөнүн мойнуна алган.

Эл аралык изилдөөлөр көрсөткөндөй, дүйнөдө аялдардын 35 пайызга жакыны зомбулуктун сексуалдык жана башка түрлөрүнө кабылган. Бул санга сексуалдык асылуулардын статистикасы камтылган эмес.

Мунун каршысында, Исламда жазыксыз адам өлтүрүрүү эң чоң кылмыш эсептелип, ага карата катаал жаза берилет. Атайлап адам өлтүргөн кылмышкердин өкүмү – эгер өлгөн адамдын туугандары кечиришпесе – касас болот т.а. ал да өлтүрүлөт. Кечиришсе, өлгөн адамдын туугандарына кун акысы төлөнөт. Кечип жиберишсе гана төлөнбөшү мүмкүн. Демек, жогоруда бейкүнөө адамдарды өлтүрүүгө аракет кылгандар жана адам өлтүргөндөрдүн кылмышы казы тарабынан аныкталса, эч качан кайрадан адамды өлтүрүшүнө мүмкүнчүлүк берилбейт.

Алла Таала айтат: «Эй момундар, силерге өлтүрүлгөн кишилер үчүн касас алуу фарз кылынды… Эй, акыл ээлери! Силер үчүн өч алууда – жашоо бар. Балким силер коркоорсуңар» [2:178-179].

Бухарий Абу Хурайрадан риваят кылышынча, Пайгамбар (с.а.в) мындай деген:

«Өлтүрүлгөндүн ээси эки нерсенин жакшыраагын алууга акылуу: же кун акысы төлөнөт, же катыл өлтүрүлөт».

Буга кошумча, зомбулук Ислам коомунда эң өөн учураган көрүнүш. Айрыкча, бизге ар намыс катары берилген аялдарга карата зомбулук кылуу кабыл алынгыс кылмыш.

Ошондой эле, махрам эркектер өз карамагындагы аялдарды сапарга жалгыз чыгарбастан ар тараптуу коргоого алышы фарз. Айрыкча, бүгүнкү бузук капитализмдин булганычтары кең жайылган учурда кыздарыбызды ар кандай кылмыштуу аракеттерден коргоп алууга бардык мүмкүнчүлүгүбүздү сарпташыбыз зарыл.

Мумтаз Маверанахрий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button