Макала
Trending

Ар бир адам өзүнө тиешелүү шарий өкүмдү кармануусу шарт

Ар бир адам өзүнө тиешелүү шарий өкүмдү кармануусу шарт

Ош облустук ички иштер башкармалагынын кызматкерлери апрель айынан бери рейд өткөрүп, коомдук жайларда никаб кийип жүргөн 22 муслимага Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде 20 миң сомдон айып пул салды. Андан тышкары 140 эже-карындашыбызга эскертүү берилди.

Буга чейин Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалагы да жети муслимага 20 миң сомдон айып салган.

Ушул орунда Ислам динибиз ар бир тармактагы мусулмандарга жүктөгөн шарий өкүмдөрдү эстетип өтүү зарыл.

Биринчиден, мамлекет башчылар Ислам баалуулуктарын чектөөнүн ордуна ага кеңири шарттарды түзүп берүүсү, куфр өкүмдөрү менен эмес, шарий өкүм негизинде башкаруусу шарт. Аллах Таала айтат:

﴿وَأَنِ احْكُم بَيْنَهُم بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَن يَفْتِنُوكَ عَن بَعْضٍ مَا أَنزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ فَإِن تَوَلَّوْا فَاعْلَمْ أَنَّمَا يُرِيدُ اللهُ أَن يُصِيبَهُم بِبَعْضٍ ذُنُوبِهِمْ وَإِنَّ كَثِيراً مِّنَ النَّاسِ لَفَاسِقُونَ ۝ أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللَّهِ حُكْمًا لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ

«(Эй Мухаммад), алардын арасында Алла түшүргөн нерсе (дин) менен өкүм кылгын, алардын көңүл-кушу каалаган нерселерге ээрчибе жана да Алла сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени буруп фитна-эки анжылыкка салып коюуларынан этият бол! Эгер сенин өкүмүңдөн баш тартышса, билип кой, Алла аларга айры күнөөлөрү себептүү кайгы келтирүүнү каалоодо. Албетте, адамдардан көптөрү баш ийбегендер. Динсиздик үстөмдүк кылуусун каалашабы?! Ыйманы толо болгон коом үчүн Алладан да чырайлуураак, адилирээк өкүм кылуучу ким бар?!» (Маида сүрөсү, 49-50-аяттар).

Экинчиден, шарият никабга каршы мыйзамды ишке ашыруучу күч кызматкерлерине да амал кылуу шарт болгон өкүмдөрдү баяндап берген. Бул орунда коопсуздук кызматкерлери шариятка ылайык амалдан муслималарды  тыйып, айыппулдарды салбашы керек. Тескерисинче, жетекчилеринин өкүмүн шарият өкүмүнөн жогору койбоосу шарт. Аллах Таала айтат:

﴿اتَّبِعُوا مَا أُنزِلَ إِلَيْكُم مِّن رَّبِّكُمْ وَلَا تَتَّبِعُوا مِن دُونِهِ أَوْلِيَاءَ قَلِيلًا مَّا تَذَكَّرُونَ

«Эй инсандар), cилерге Раббиңерден түшүрүлгөн нерсеге (Китепке) ээрчигиле, андан өзгө «досторду» ээрчибегиле! Абдан аз гана насыят аласыңар» (Аъраф: 3). Дагы айтат:

«Өкүм жалгыз Аллага гана таандык». [12:67].

Ал эми, мусулмандардын жолун жарык кылуучу аалымдар бийликтин ката ишин ачыктап, аларды туура жолго багыттоосу шарт. Анткени, Аллах Таала алардын коомдогу ордун өзгөчө белгилеп берген:
﴿قُلْ هَلْ يَسْتَوِي الَّذِينَ يَعْلَمُونَ وَالَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ ۗ إِنَّمَا يَتَذَكَّرُ أُولُو الْأَلْبَابِ

«Айткын: «Билгендер менен билбегендер тең болобу?!» Акыйкатта жалаң акыл ээлери гана үгүт насаат алышат». (Зумар: 9).

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деген:

«Эки топ бар: эгер алар оңолсо, коом да оңолот, эгер бузулса, коом да бузулат. Алар – аалымдар жана башкаруучулар» (Абу Нуайм «Хиля»да Ибн Аббастан риваят кылган, Суюти «Жами ас-Сагир»де келтирген).

Аалымдар зулумдукту токтотууга жана зулумга учурагандарга адилеттик кылууга эң биринчи жооптуу кишилер. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деген:

«Шахиддердин мырзасы – Хамза жана заалим башкаруучунун алдында акыйкатты айтып, ошол себептен өлтүрүлгөн киши» (Хаким, Байхаки). Дагы бир хадисте: «Эң улуу жихад – заалым башкаруучунун алдында айтылган акыйкат сөз» (Абу Дауд, Тирмизи).

Тилекке каршы, жогорудагы тайпалар никабга каршы мыйзамдын кабыл алынуусунда алсыздык кылышты. Ушундай болгон соң, негизги иш кыргыз коомундагы мусулмандарга жүктөлөт. Тагыраагы, мусулмандар биздин ар-намысыбыз болгон ар кандай аракетте күч кызматкерлерин жана бийлик ээлерин жамандыктан кайтарып жакшылыкка чакыруубуз шарт. А түгүл, мыйзам шылтоосу менен муслималарга айып пул салып жаткан кызматкерлер менен туугандык, коңшулук мамилелерди токтотуп, аларды бул жамандыктан кайтаруубуз керек. Анткени, пайгамбар (с.а.в) айткан: «Бани Исроилге эң оболу кирген кемчилик мындай эле, бир киши башка кишиге жолуккан кезде: «Эй баланча, Аллахтан корк, бул кылып жаткан ишиңди ташта, анткени, бул нерсени кылуу сен үчүн адал эмес» дейт эле. Эртеси күнү кайра аны менен учурашкан учурда аны дагы деле ошондой абалында көрөр эле. Бирок, бул нерсе аны менен бирге ичип-жештен, бирге олтуруудан кайтарбайт эле. Алар ушундай кылышкан соң, Аллах алардын айрымдарынын дилдерин айрымдары менен урду». Андан соң, Расулуллох (салаллаху алайхи вассалам) ушул аятты тилават кылды:

 وَكَانُوا يَعْتَدُونَ ۩ كَانُوا لاَ يَتَنَاهَوْنَ عَنْ مُنكَرٍ فَعَلُوهُ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ ۩ تَرَى كَثِيرًا مِنْهُمْ يَتَوَلَّوْنَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَبِئْسَ مَا قَدَّمَتْ لَهُمْ أَنفُسُهُمْ أَنْ سَخِطَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَفِي الْعَذَابِ هُمْ خَالِدُونَ ۩ وَلَوْ كَانُوا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالنَّبِيِّ وَمَا أُنزِلَ إِلَيْهِ مَا اتَّخَذُوهُمْ أَوْلِيَاءَ وَلَكِنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ فَاسِقُونَ ۩

„Бани Исроилден каафир болгон кишилер Даавуд жана Ийса ибни Марям тилинде лаанатталган. Буга себеп, кылган күнөөлөрү жана чектен чыккандыктары болду. Алар бири-бирин кылган ылайыксыз иштеринен кайтарышпайт эле. Бу кылмыштары кандай гана жаман иш! Алардан көптөрү кафир болгон кишилерди дос тутканын көрөсүң. Аларга нафистери кандай гана жаман нерсени – Аллахтын каарын алып келди. Эми алар түбөлүк-абадий азапта калуучулар. Эгер Аллахка, Пайгамбарына жана ага түшүрүлгөн Китепке ыйман келтиришкенде, аларды  дос тутпаган болушар эле. Бирок, алардан көптөрү фасык кимселер“. [5:78-81].

Андан соң мындай деди: «Жок, Аллахка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буюрасыңар жана жамандыктан кайтарасыңар. Силер албетте залимдин колунан кармайсыңар жана аны акыйкатка бурулууга мажбур кыласыңар жана албетте аны акыйкатка бекем байлап коёсуңар. Же албетте Аллах айрымдарыңарды айрымдарыңардын дили менен урат, анан аларды наалаттагандай, силерди да наалаттайт».

Андыктан, бийлик жана анын кызматкерлерин жамандыктан кайтарууну ар качан токтотпошубуз керек. Анткени, ижтихаддан келип чыгып никабды кийип жаткандарга Исламий райга ээрчүүчү катары карашыбыз керек. Демек, бул мужтахиддердин талкуусу болуп, аны Исламий баалуулук катары куфр мыйзамдарынын тебелендисинде калуусунан коргошубуз бардык мусулмандарга милдет!

Мумтаз Маверанахрий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button