Мамлекеттердин коопсуздугуна жана элдердин эгемендигине кол салып жаткан Американы ким токтотот?!

Мамлекеттердин коопсуздугуна жана элдердин эгемендигине кол салып жаткан Американы ким токтотот?!
АКШ президенти Трамп 2026-жылдын 3-январы, ишемби күнү таң эрте, АКШ түн ичинде Венесуэлага чабуул жасап, өлкөнү узак убакыт башкарган президенти Николас Мадурону камакка алганын билдирди. Бул окуя ага карата баңгизат ташуу айыптоолору жана бийлигинин мыйзамсыздыгы себептүү бир нече ай бою жасалган кысымдардан кийин болду. (Рейтер).
Комментарий:
Америка Венесуэланын укуктарын одоно бузушу кокусунан болгон жок. Акыркы айларда ал баңгизат ташууга каршы күрөш деген шылтоо менен Венесуэлага карата чабуулдарын күчөттү. Акыркы чабуулга чейин, соңку апталарда жасалган он беш чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, алардын натыйжасында 62 адам каза тапкан.
Америка Латын Америка өлкөлөрүн өзүнүн аймактык таасир чөйрөсүнүн бир бөлүгү, башкача айтканда «арткы короосу» деп эсептеп, алардын ресурстарына өзүн укуктуу деп билет. Венесуэла табигый ресурстарга эң бай өлкөлөрдүн бири болуп, дүйнөдөгү эң ири мунай коруна ээ, анын көлөмү 300 миллиард баррелден ашык, ошондой эле дүйнөдө төртүнчү ири табигый газ коруна ээ, көлөмү 195 триллион куб футтан ашык. 2024-жылы Венесуэла менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү 6,5 миллиард долларга жетип, дагы өсүүдө. Мындай жакындашуу болсо Американын нааразылыгын күчөтүүдө.
Монро доктринасын калыбына келтирүү деген шылтоо менен Америка Түштүк Америкада агрессивдүү түрдө кеңейип, аймактагы, айрыкча Венесуэладагы материалдык жана саясий кызыкчылыктарын камсыздоого умтулууда. Муну менен ал аймактык коопсуздукту жана элдердин өз жетекчилерин тандап алуу укугун шылдың кылып келүүдө. Эгер Америкага чек коюлбаса, бул биринчи жолу да эмес, акыркысы да болбойт. Анын стратегиясы же өзүнүн чалгын кызматтары аркылуу ички төңкөрүштү козутууга, же болбосо аскердик оппозициянын ичинде жетекчилик боштугун жаратып, аны өз агенттеринин бири менен толтурууга негизделет. Бул учурда Американы колдогон венесуэлалык оппозициянын лидери Мария Корина Мачадо болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Ал жакында Нобель тынчтык сыйлыгына ээ болуп, бул анын саясий абалын бекемдеди.
Эй мусулмандар, эй дүйнө элдери!
Мамлекеттердин коопсуздугуна жана элдердин эгемендигине байланышкан эл аралык эрежелерди тебелеп-тепсеп, болуп көрбөгөндөй текебердик жана менминсенүү менен мамиле кылып жаткан Американы кантип дүйнөнүн жетекчи мамлекети катары кабыл алабыз? Анын зомбулугунан коркпошубуз керек, анткени бул зомбулук анын күчтүүлүгүнүн далили эмес, тескерисинче алсыздыгынын белгиси. Америка мындан ары дүйнөнү мабдаий саясаты болгон эркиндик, демократия же адам укуктары менен жетектебейт. Газадагы окуялар бул ураандардын жалгандыгын жана анын кош стандарттуулугун ашкереледи.
Трамптын доорунда Америка аскерий да, экономикалык да ачык колонизацияга кайра кайрылды. Бирок бул багыт анын кызыкчылыктарына түздөн-түз каршы чыгууларды көбөйтүүдөн башка натыйжа бербейт. Эй дүйнө элдери, француз ойчулу Эммануэль Тоддун «Империядан кийинки доор: Америка тартибинин кыйрашы (2001)» аттуу китебинде айткан сөздөрүнө жакшылап көңүл буруңуздар: “Америка өзүнүн үстөмдүгүн сактап калуу үчүн сөзсүз саясий жана аскерий күрөштөргө барууга мажбур болот, анткени бул үстөмдүк анын жашоо деңгээлин камсыз кылуу үчүн зарыл болуп калды”.
Бүгүн биз дал ушул оор божомолдун ишке ашып жатканын көрүп турабыз.
Эми эй мусулмандар, адамзатты Американын улам күчөп жаткан үстөмдүгүнүн караңгылыгынан Исламдын адилеттигине жана нуруна алып чыга ала турган силерден башка ким бар? Дүйнө мамлекеттерин ресурстары мол болсо да аларды жакырланткан бузук капитализмге хазарий альтернатива кимде бар? Исламдын ырайымын түшүнүп, аны үч континентке жайылган элдерге көтөрүп бара турган, бүгүн Ислам үммөтүнүн тирөөчтөрү болуп турган силерден башка ким бар?
Силердин Халифалыгыңардын 1342-хижрий жылдын Ражаб айында кулашы силер үчүн гана эмес, бүтүндөй адамзат үчүн чоң жоготуу болду. Күчкө таянган башкаруунун жана жаныбарлар да жасоодон корккон кылмыштардын үстөмдүгүнө бир кылымдан ашык убакыт өттү. Аллах Таала дүйнөлүк коомдук пикирди жана эл аралык шарттарды силердин адамзатка адилет жетекчилер болуп кайтышыңарга даярдап койду. Ошондуктан даярдангыла, аракет кылгыла, пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты кайра тикелөө үчүн олуттуу аракет кылгыла. Ошондо Аллах Таала силерге жардам берип, Америка жана батыш хазараты бузган нерселерди оңдойт.
Аллах Таала айтты:
﴿وَمَا كُنَّا مُهْلِكِي الْقُرَىٰ إِلَّا وَأَهْلُهَا ظَالِمُونَ﴾
«Биз кыштак – шаарларды жалаң алардын калкы заалим – каапыр болгондо гана жок кылуучубуз.» (Касас: 59).




