Марк Карни эл аралык түзүмдүн чоң жалган экенин тастыктады

Марк Карни эл аралык түзүмдүн чоң жалган экенин тастыктады
Канада премьер-министри Марк Карни Америка түзүп, Канада андан пайда көрүп келген эл аралык түзүм жалгандар негизинде курулганын моюнга алды. Ал орто күчтөгү мамлекеттерди биримдикке чакырып, мындан ары «жалгандын ичинде жашоо мүмкүн эмес» экенин билдирди. Бул тарыхый сөз 2026-жылдын 21-январында Швейцариянын Давос шаарында өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында айтылып, ачык көз караштарды жана курч сындарды камтыды.
Карнини козгогон нерсе — Трамптын «Канада Америка эсебинен жашап жатат» дегени жана Канаданы басып алып, Америкага кошуп алам деген коркутуусу болду. А бирок, Америка өзүнүн кара тарыхында кылган иштери, эл аралык түзүм жана эл аралык укукту колдонобуз деген ат менен 20 жыл бою Афганистанда миллиондогон адамдарды өлтүрүп-кырып, жер котортуп, өлкөнү кыйратканы аны козгогон эмес. Анткени Канада НАТОнун кресттүү альянсынын мүчөсү катары бул кылмыштарга Америка менен бирге катышкан. Ошондой эле Американын Ирак, Сомали, Азия, Африка жана Латын Америкасындагы көптөгөн өлкөлөрдө кылган кылмыштары да аны тынчсыздандырган жок. Тескерисинче, эл аралык түзүмдү жетектеген Америка менен өлкөсү бирге аракеттенгенин ачык мойнуна алып: «Ошондуктан биз терезеге ураан илип, ырым-жырымдарга (эл аралык укукка) катышып, чакырык менен чындык ортосундагы айтпай келдик, бирок бул келишим мындан ары иштебей калды», — деди. Анткени Америка кармап турган бычак жана аны колдогон Канаданын колу Трамптын сөздөрү жана коркутуулары менен алардын өз моюнуна жетти, болбосо, келишим иштей бермек. Ал ошондой эле Канада Америка менен катар жүргөнүн, анткени дүйнөдөгү америкалык үстөмдүктөн пайда көргөнүн моюнга алып: «Айрыкча америкалык үстөмдүк коомдук пайдалардын камсыз болушуна, ачык өткөөлдөргө, туруктуу каржы тутумуна, жамааттык коопсуздукка жана талаштарды чечүү алкактарын колдоого жардам берди», — деди. Мунун баары Америка менен анын союздаштарынын, анын ичинде Канаданын пайдасына болуп, алсыз мамлекеттердин эсебинен болду.
Ошол эле учурда ал эркиндик, адам укуктары жана элдерге жардам берүү тууралуу риторикасында эки жүздүүлүк бар экенин да мойнуна алды. Адамдын кадыр-баркын жана укуктарын тебелеп-тепсөө, элдердин байлыктарын талап-тоноо чындыгы болсо аларды төгүндөйт. Анткени Канада дүйнөнүн каржылык жана саясий маселелерин талкуулап, чечимдерин башка мамлекеттерге таңуулоону көздөгөн колонизатордук «Чоң жети» (G7) тобунун мүчөсү.
Булардын баары ууру капиталисттер бири-бири менен келишпей калганда, бири-бирин ашкерелеп коюшун, бирок бул алардын чынчылдыгынан же алсыз мамлекеттердин тагдырына күйгөнүнөн эмес. Тескерисинче, ал орто күчтөгү мамлекеттерге бет алып, Американын өз өлкөсүнө коркунуч туудурганына каршы жардам алыш үчүн аларды биригүүгө чакырып: «Орто күчтөгү мамлекеттер бирге аракет кылышы керек, анткени эгер алар столдун жанында отурбаса, анда тамактын тизмесинде болушат», — деди, башкача айтканда, аларды Америка жеп коёт.
Ал ошондой эле эл аралык түзүмдөгү жалганды жана бузукулукту мойнуна алып, өз өлкөсүнүн элдерге жасалган зулумга катышканын ырастады. «Биз эрежелерге негизделген эл аралык түзүм тууралуу баян жарым-жартылай жалган экенин, ал эми күчтүүлөргө ыңгайлуу болгондо өздөрүн бул эрежелерден четтетип алышканын, соода эрежелери болсо тең эмес түрдө таңууланганын билчүбүз. Эл аралык укук айыпталуучунун же жабырлануучунун ким экенине жараша ар башка катуулукта колдонулганын түшүнчүбүз», — деди.
Анткени айыпталуучу алсыз мамлекет же Ислам өлкөсү болгондо, эл аралык укук катуу колдонулат. Афганистанга, Иракка, Сомалиге, Суданга жана башка өлкөлөргө колдонулгандай.
Бул эл аралык түзүмдү Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Америка түзүп, Бириккен Улуттар Уюму, Коопсуздук кеңеши жана бардык тармактардагы көптөгөн эл аралык уюмдар аркылуу дүйнөгө үстөмдүк кылуу, өз бийлигин таңуулоо жана анын байлыктарын талап-тоноо үчүн калыптандырган. Эми аны кайрадан түзүп, анда өзүнчө үстөм болуп, катышкан мамлекеттерди өзүнө жана өз чечимдерине көз каранды кылып, аларга аткаруу жана Америкага кызмат көрсөтүү милдетин жүктөөнү каалап жатканы көрүнүүдө. Ошондуктан ал Газа үчүн «Тынчтык кеңешин» түзүп, аны өз төрагалыгы алдында, эч кимге вето укугун бербеген эл аралык кеңешке айландырууга киришти. Бул — беш ири мамлекет вето укугуна ээ болгон Эл аралык Коопсуздук кеңешине альтернатива. Ал жерде аларга каршы эч ким чечим чыгара албайт, ошондой эле Америка алардын макулдугусуз эч бир чечимди өткөрө албайт.
Карни эл аралык түзүм жалган эрежелерге негизделгенин мойнуна алды, бирок ал айткандай бул жалгандык жарым-жартылай эмес, толук жана башынан эле жалган. Анткени аны 1648-жылы Вестфалия конференциясында христиан европа мамлекеттери өз ара мамилелерин жөнгө салуу жана Ислам мамлекетине каршы туруу үчүн түзүшкөн. Ошол аркылуу эл аралык укукту колдончу «мамлекеттер үй-бүлөсүн» пайда кылышкан. Бирок бул түзүм Биринчи дүйнөлүк согуш менен кулап, андан кийин 1919-жылы Улуттар Лигасын негиздешкен. Бул лига да бир аз убакыттан кийин кыйрап, күчтүү мамлекеттер эл аралык укукту бузуп, башка өлкөлөрдү басып ала баштаган, натыйжада Экинчи дүйнөлүк согуш чыккан. Согуштан кийин Америка менен Британия Бириккен Улуттар Уюмун жана анын ичиндеги Коопсуздук кеңешин түзүп, эл аралык укукту жеңилген жана алсыз мамлекеттерге колдонуу үчүн жарыялашкан.
Ошол себептен улам Ислам өлкөлөрүндөгү прагматиктер жана Батышка суктанган, ага сиңип кеткен адамдар көпкө чейин ушул түзүмгө алданып келишти. Алар «эл аралык түзүм», «эл аралык коомчулук», «эл аралык укук» деген обонду кайталашып, дароо ошолорго кайрылып, өз маселелерине адилеттик болот деп үмүт кылышты же Палестинанын басып алынган бир бөлүгүн кайтарып берет, же болбосо аты болсо да «Палестина мамлекетин» куруп берет деп күтүштү. Ал эми яхудий түзүмү мунун баарына такыр көңүл бурбай, Американын колдоосу менен ага каршы чыгып, Газада геноцид жүргүзүп, ачарчылык саясатын колдонду. Канада болсо аны курал-жарак жана акча менен колдоду.
Бул эл аралык түзүм бүгүн солгундап, анын бузукулугу менен жалгандыгы ачыкка чыкты. Көптөгөн мамлекеттер анын зулумдугуна жана кысымына нааразы болуп жатышат, анткени ал күчтүүлөргө алсыздар үстүнөн үстөмдүк кылууга шарт түзүп, аларды эзип-жанчууга жол ачат. Көрүнүп тургандай, эл аралык түзүмдү кургандар эми аны өз колдору менен кыйратып жатышат. Эгер алардын курулушу куласа, бул бүткүл адамзат үчүн кубанычтуу кабар болот, анткени адамзат бул улуу жалгандан жана анын жамандыктарынан кутулат.
Хизб ут-Тахрир өзүнүн «Саясий түшүнүктөр» китебинде дүйнөнүн бактысыз болушунун себептеринин бири деп аталган «эл аралык укук» экенин так жана көрөгөчтүк менен түшүндүрүп берген. Анткени эл аралык укук деген нерсенин өзү туура эмес. Ал бир күчтүү бийликтин болушун талап кылат, ошол бийлик өз кызыкчылыгын башкаларга үстөмдүк кылып колдонот. Ошондой эле негизи жараксыз, эрежелери жалган болгон «эл аралык үй-бүлө» түшүнүгү да, ири державалардын блоктору да тынчтыкка жана башка мамлекеттерге коркунуч туудурары айтылган. Бул себептерди жоюу үчүн иш алып баруу керектиги, ошондо гана дүйнө үчүн чыныгы бакытка жетүү мүмкүн экени так жана ачык көрсөтүлгөн. Ошондой эле дүйнөнү жетектеп, бул жамандыктардан куткара турган бир да мамлекет жок экени, анткени алардын баары ушул системанын ичине кирип кеткендиги баяндалган.
Дүйнөнү бул бактысыздыктан, ушул улуу жалгандан жана анын жамандыктарынан куткара ала турган жалгыз гана талапкер — рашид Халифалык мамлекети. Анткени анын мабдасы туура. Ал дүйнөнү он үч кылым бою башкарган мезгилинде элдерди зулумдан жана азаптан бошотуп, адилеттикти орнотту, адамдын кадыр-баркын сактады, укуктарын берди жана муктаждыктарын камсыз кылды. Ал эч бир өлкөнү колония кылган эмес, байлыктарын талап-тоногон эмес, тескерисинче, аны ошол элдерге сактап берген. Ошондуктан бул иш үчүн мусулмандарга да, мусулман эмес адамдарга да аракет кылуу жана аны жүзөгө ашыруучуларга жардам берүү милдет. Анткени ал дүйнөнү «күчтүү укуктун ээси, алсыз күчтүүгө баш ийип, моюн сунууга тийиш» деп эсептеген ошол жаман адамдардан куткарат. Алардын өкүмү кандай жаман!
Роя гезити
Асъад Мансур




