Махрдын өкүмү тууралуу

Махрдын өкүмү тууралуу
Суроо:
«Ижтимаий түзүм» китебинин 113-бетинде никенин мыйзамдык күчкө кириши үчүн шарттар (шартул-инъикад) айтылган, алар аткарылбаса нике келишими жараксыз болот деп көрсөтүлгөн. Ал эми 114-бетинде никенин сахих туура болушу үчүн шарттар (шартус-сыхха) айтылган, алар аткарылбаса нике келишими бузук болот деп айтылган. Бирок булардын ичинде «махр» тууралуу айтылганын тапкан жокмун. Эгер ал инъикод да, сыхха шарты да болбосо, демек махрсыз да нике келишими туура болобу? Анда махр нике келишиминде кандай орунду ээлейт?
Жооп: Махрга келсек, ооба, ал никенин инъикод да, сыхха шарты да эмес. Башкача айтканда, эгер нике келишиминде инъикад шарттары жана сыхха шарттары толук аткарылса, махр аталбаса да нике туура болуп эсептелет. Бирок шарият өкүмдөрү эки түргө бөлүнөт:
Биринчиси, вадъий өкүмдөр — шарт, себеп ж.б.у.с;
Экинчиси, таклифий өкүмдөр — харам, важиб ж.б.
Шарият маселелеринин өкүмдөрү ушул эки түрдөн чыкпайт. Кээде өкүм таклифий өкүмдөрдүн катарына кирип, фарз (важиб), мандуб, мубах, макрух же харам болушу мүмкүн. Кээде вадъий өкүмдөрдүн катарына кирип, туура (сахих), жараксыз (батыл), бузук (фасид), шарт, себеп же тоскоолдук (маниъ) болушу мүмкүн.
Махр маселесин изилдегенде анын таклифий өкүмдөрдүн катарына кирери көрүнөт. Ал күйөө никелешип жаткан аялына берүүгө милдеттүү болгон фарз (важип) өкүм. Эгер махр аталып белгиленсе, ошол белгиленгендей болот. Ал эми аталбаса, анда «махруль-мисл» (ошого окшош аялдарга берилген орточо махр өлчөмү) важиб болот.
Анын важиб болушунун далили — имам Бухарий Сахл ибн Сааддан риваят кылган хадис:
«… فَقَالَ رَجُلٌ مِنْ أَصْحَابِ رسول الله صلى الله عليه وسلم زَوِّجْنِيهَا يَا رَسُولَ اللَّهِ قَالَ أَعِنْدَكَ مِنْ شَيْءٍ قَالَ مَا عِنْدِي مِنْ شَيْءٍ قَالَ وَلَا خَاتَمٌ مِنْ حَدِيدٍ قَالَ وَلَا خَاتَمٌ مِنْ حَدِيدٍ وَلَكِنْ أَشُقُّ بُرْدَتِي هَذِهِ فَأُعْطِيهَا النِّصْفَ وَآخُذُ النِّصْفَ قَالَ لَا هَلْ مَعَكَ مِنْ الْقُرْآنِ شَيْءٌ قَالَ نَعَمْ قَالَ اذْهَبْ فَقَدْ زَوَّجْتُكَهَا بِمَا مَعَكَ مِنْ الْقُرْآنِ».
«…Пайгамбарыбыз ﷺдын сахабаларынан бир киши: “Оо, Аллахтын Элчиси, аны мага никелеп бериңиз” деди. Ал ﷺ: «Сенде (махрга бере турган) бир нерсе барбы?» – деди. Ал: “Менде эч нерсе жок” деди. Ал ﷺ: «Темир шакек да жокпу?» – деди. Ал: “Темир шакек да жок, бирок мына бул кийимимди экиге бөлүп, жарымын ага берейин” деди. Ал ﷺ: «Жок. Курандан бир нерсе билесиңби?” деди. Ал: “Ооба” деди. Ал ﷺ: «Бар, мен аны сага Курандан билген (нерсеге) никелеп бердим” деди».
Ушуга окшош риваятты имам Насаи «Сунан аль-кубра» китебинде да келтирген. Андагы риваятта:
«…وَلَكِنْ هَذَا إِزَارِي قَالَ سَهْلٌ مَا لَهُ رِدَاءٌ فَلَهَا نِصْفُهُ فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مَا تَصْنَعُ بِإِزَارِكَ إِنْ لَبِسْتَهُ لَمْ يَكُنْ عَلَيْهَا مِنْهُ شَيْءٌ وَإِنْ لَبِسَتْهُ لَمْ يَكُنْ عَلَيْكَ مِنْهُ شَيْءٌ..».
«…Бирок менде ушул изарым (кийим) бар», — деген. Сахл айтат: анын үстүндө башка кийими жок эле, ошондо анын жарымы аялга берилмек. Ошондо Аллахтын Элчиси ﷺ: «Сен изарың менен эмне кыласың? Эгер аны өзүң кийсең, андан ага эч нерсе калбайт, ал эми ал кийсе, андан сага эч нерсе калбайт…» деди».
Пайгамбар ﷺ никелешүүнү каалаган эркектен аялга махр берүүнү талап кылган, темир шакек болсо да берүүсүн айткан. Ал изарынан башка эч нерсеси жок болгондуктан, изарын экиге бөлүп, жарымын аялга махр катары берүүнү сунуш кылган. Бирок ал кийим күйөө менен аялдын авратын жабууга жетишсиз болгондуктан, Пайгамбар ﷺ андан өзүндө бар Куранды аялга үйрөтүүсүн талап кылган жана ошол окутуунун акысы анын махры болсун деген. Мунун баары махрдын важиб экенине так далил болуп эсептелет.
Ал эми махр аталбаса да аялга өзүнө окшош аялдардын махры берилери тууралуу Тирмизи Абдуллах ибн Масъуддан риваят кылган (хадисти «хасан сахих» деген):
« أَنَّهُ سُئِلَ عَنْ رَجُلٍ تَزَوَّجَ امْرَأَةً وَلَمْ يَفْرِضْ لَهَا صَدَاقًا وَلَمْ يَدْخُلْ بِهَا حَتَّى مَاتَ فَقَالَ ابْنُ مَسْعُودٍ لَهَا مِثْلُ صَدَاقِ نِسَائِهَا لَا وَكْسَ وَلَا شَطَطَ وَعَلَيْهَا الْعِدَّةُ وَلَهَا الْمِيرَاثُ فَقَامَ مَعْقِلُ بْنُ سِنَانٍ الْأَشْجَعِيُّ فَقَالَ قَضَى رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِي بِرْوَعَ بِنْتِ وَاشِقٍ امْرَأَةٍ مِنَّا مِثْلَ الَّذِي قَضَيْتَ فَفَرِحَ بِهَا ابْنُ مَسْعُودٍ»
«Бир киши бир аялга үйлөнүп, ага махр белгилебестен жана аны менен жакындашпастан мурда каза болуп калганы тууралуу суралганда, Ибн Масъуд: “Ага өзүнө окшош аялдардын махры берилет, кем да эмес, ашык да эмес. Ошондой эле ага идда күтүүсү милдеттүү жана ага мурас да берилет” деди. Ошондо Маъкил ибн Синан аль-Ашжаъий ордунан туруп: “Аллахтын Элчиси ﷺ биздин аялдарыбыздын бири болгон Бируъа бинт Вашик тууралуу да сен чыгарган өкүмдөй өкүм чыгарган” деди. Ошондо Ибн Масъуд буга кубанды». Мындай риваятты Абу Дауд да «Сунанында» келтирген.
Демек, бул аял махр белгиленбестен турмушка чыккан болсо да, Пайгамбар ﷺ ага өзүнө окшош аялдардын махрын берүүнү өкүм кылган. Ошондуктан, махр никенин инъикад да, сыхха шарты да эмес, ал — күйөөнүн мойнунда аялына берүүгө милдеттүү болгон фарз акы. Аны берүү милдеттүү, эгер бербесе күнөөкөр болот. Ислам мамлекети башка важип укуктар сыяктуу эле махрды күйөөдөн мажбурлап алып, аялга берет. Эгер күйөө берүүгө кудурети жетип туруп создуктурса, аялды кысымга алуу же анын акысын жеп коюу үчүн кечиктирсе, мамлекет аны таазир жазасы менен жазалайт.
Жыйынтыктап айтканда, махр никенин шарты эмес, бирок күйөөнүн аялына карата фарз милдети болуп саналат. Башкача айтканда, ал вадъий өкүмдөрдүн эмес, таклифий өкүмдөрдүн катарына кирет.
23.04.2010.




