Фикхий

Медресе жана зиммийлер 

Медресе жана зиммийлер 

Сахих Бухариде “Жизья китеби – Араб жарым аралынан яхудийлерди чыгаруу” бөлүмүндө Абу Хурайра (р.а.)дан риваят кылынат:

بينما نحن في المسجد، خرج النبي صلى الله عليه وسلم فقال: “انطلقوا إلى يهود”، فخرجنا حتى جئنا بيت المدراس فقال: ” أسلموا تسلموا، واعلموا أن الأرض لله ورسوله، وإني أريد أن أجليكم من هذه الأرض، فمن يجد منكم بماله شيئا فليبعه، وإلا فاعلموا أن الأرض لله ورسوله”.

«Биз мечитте олтурган элек. Пайгамбар ﷺ чыгып: “Яхудийлерге баргыла”, – деди. Биз чыгып, Байтул-мадраска чейин бардык. Анан айтты: “Исламды кабыл алгыла, аман каласыңар. Билип койгула, жер Аллахка жана Анын Расулуна таандык. Мен силерди бул жерден көчүрүүнү каалап жатам. Ким силерден мал-мүлкүнө ээ болуп, аны сатып жибере алса — сатсын. Болбосо, билгиле, жер Аллахка жана Анын Элчисине таандык». 

Бул хадис бизге түшүнүксүз болду. Анткени, андан яхудийлердин өзүнчө мадрасалары (окуу жайлары) болгон деген түшүнүк чыгат. Айрымдарыбыз хадис Бани Курайза же Хайбар яхудийлери сыяктуу өзүнчө яхудий түзүмдөрү тууралуу деп түшүндү, анда аларда өзүнчө мадрасалар болушунда маселе жок. Айрымдарыбыз болсо, булар Бани Курайза жана Хайбар окуяларынан кийин калган яхудийлерден болуп, зиммий болгон деген пикирге ооду. Бул болсо, зиммийлерге өзүнчө мектептерди ачууга уруксат берилет дегенди билдирет. Мына ушул жерде маселе жаралууда. Ошондуктан, бул маселени түшүндүрүп беришиңиздерди сурайбыз.

Жооп: 

Силер бул маселени анын зиммийлерге тиешелүү же яхудий түзүмдөрүнө тиешелүү экендиги жагынан кеңейтип жиберипсиңер. Ошол себептен, эгер алар зиммий болсо, анда зиммийлерге өзүнчө мектептерге уруксат берилет деп жыйынтык чыгарып, өкүм силерге татаал көрүнүп калган.

Чынында маселе мындан жеңилирээк. Бул маселе мектептер тууралуу эмес, зиммийлердин өз диндерин үйрөнүшү тууралуу. Мадрас деген нерсе — алардын ибадат жайларына кошулган жай болуп, анда алар Таураттарын жана диний ырым-жырымдарын окушат. Зиммийлерге өз диндерин өз ара изилдеп-үйрөнүүгө уруксат берилет. Бул болсо, бүгүнкү белгилүү маанидеги мектептерден таптакыр башка нерсе. Маселени тактоо үчүн, Камус ал-Мухит сөздүгүндө мадрас сөзүнүн эки мааниси келтирилген:

  1. Яхудийлер Тауратты окуй турган жай.
  2. Алар майрамдарында чогулуп, жеп-иче турган жер.

Ошондой эле Лисан ал-Арабда да эки мааниси келтирилген:

  1. Алар майрам күнү чогулуп, ибадат кылчу жай.
  2. Алар жеп-иче турган күн.

Көрүнүп тургандай, бул алардын ибадат жайларына кошулган, өз ара диндерин үйрөнүүчү жай же жеп-иче турган күн гана. Эки учурда тең бул нерсенин бүгүнкү белгилүү маанидеги мектептерге эч кандай тиешеси жок.

12-Рамазан 1430-х.

01.09.2009-м.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button