Сакофат
Trending

Мекке фатхы

Рамазан жеңиштеринен: Мекке фатхы, Табук казаты, Бувайб жеңиши

Мекке фатхы

Мусулмандар Муътада көп мыкты аскерлеринен айрылгандан кийин, Курайш мушриктери мусулмандар таптакыр эле алдан тайды деп ойлошту. Курайш өз союздашы болгон Бану Бакрды мусулмандардын союздашы болгон Хузоага каршы тукуруп, курал-жарак менен жардам берди. Бану Бакр Хузоага чабуул кылып, анын адамдарын өлтүрдү. Хузоа Меккеге качты. Амр ибн Салим Хузоий шашылыш Мединага барып, жардам сурады. Расулулла (с.а.в) ага: «Эй Амр ибн Салим, жардам алдың», – деди. Расулулла (с.а.в) «Курайштын келишимди бузушуна жооп Меккени фатх кылуу болот» деп пландады. Курайш болсо убаданы өзү бузуп алганынан коркуп, Абу Суфянды Мединага убаданы бекемдөө жана мөөнөтүн узартып келүү үчүн элчи кылып жөнөттү. Бирок, ал мунун өтөсүнөн чыга албады. Расулулла (с.а.в) болсо адамдарды даярданууга буюрду жана алар менен Меккеге карай жөнөдү. Мусулмандардын кошууну Мединадан Меккеге карай жолго түштү. Кошуун Меккеге жакын Марру-з-Захрон деген жерге жетти. Кошуундун саны он миң эле. Мындан Курайш кабарсыз эле. Курайштыктар Мухаммад келип калса эмне кылабыз деп талкуулашып жаткан. Абу Суфян коркунучтун канчалык экендигин билүү үчүн Меккеден чыкты. Ага жолдо мусулман болгон Аббас ибн Абдулмутталиб туш келип калды. Аббас (р.а) аны мусулмандар турагына алып барды. Бир күн, бир түн ичинде көп талаш-талкуулар болуп өттү. Таң эрте Абу Суфян Исламга кирди. Расулулла  (с.а.в): «Ким Абу Суфяндын үйүнө кирсе, аман калат, ким эшигин кулптап отурса аман калат, ким мечитке кирип алса, ал да аман калат», – деди. Абу Суфян Меккеге барып, бар үнү менен: «Эй Курайш жамааты, мына Мухаммад силер каршы тура албай турган кошуун менен келди, демек, ким Абу Суфяндын үйүнө кирсе аман калат, ким эшигин илип отурса аман калат, ким мечитке кирип алса аман калат», – деп кыйкырды. Меккеге кирер алдында Набий (с.а.в)  бир тизме жарыялаган эле, анда өлүмгө өкүм кылынган адамдардын ысымдары аталган болчу. Алар: Икрима ибн Амр (Абу Жахлдын уулу), Сафван ибн Умайя, Вахший, Хаббар ибн Асвад, муртад Абдуллах ибн Абу Сарх, Микйас ибн Субаба, шааир-акын ибн Хатал жана анын эки күңү ж.б. Булар Каъбанын жамынчысына жабышып-жашырынып алышса да өлтүрүлө турган болду. Лекин, алардын айрымдары качып кетип, кийин амандык алышты жана Исламга зор кызматтар кылышты.

Ошентип, хижрий 8-жылы Рамазандын 23-күнүндө, Мекке фатх кылынды жана ушуну менен дааватка каршы аракеттин ок-негизи жоготулду.

Табук казаты

Хижрий 9-жылы Расулуллага  (с.а.в) Рум өлкөсүнөн бир кабар келди. Анда Рум катуу чабуулга даярданып жатканы айтылган эле. Расулулла (с.а.в)  душманга каршы өзү барууга токтом кылды. Мүмкүн болушунча көбүрөөк аскер топтоо максатында бардык урууларды бул жүрүшкө даярданууга чакырып, элчилерин жиберди. Саны көп, даярдыгы көңүлдөгүдөй болгон кошуун даярдоо үчүн мусулмандардын байларын Алла өз жоомарттыгы менен берген мал-дүйнөлөрүнөн сарптоого чакырды. Мусулмандарды бул кошуунга келип кошулууга үгүттөй баштады. Мусулмандар бул чакырыкка ар түрдүү жооп беришти. Исламга жүрөктөрү хидаят жана нур менен толук абалда киргендер Расулулланын (с.а.в) чакырыгына дароо «лаббей» деп жооп беришти. Алардын ичинде мине турган улоосу жок кембагалдары да, мал-дүйнөлөрүн ыраазылык жана кадыржамдык менен Алла жолунда Расулулла (с.а.в)га берген байлары да бар эле. Ал эми Алланын динине олжолорго кызыгып же мусулмандардын күчүнөн коркуп киргендер бул согушка баруудан баш тартышты. Шылтоолорду айта башташты. Өз ара күбүр-шыбыр кылышып, Расулулланын (с.а.в) бул алыстагы казатка мына ушундай ысык мезгилде чакыргандыгын шылдыңдап күлө башташты. Булар мунафыктар эле.

Кошуун топтолуп бүттү. Абу Бакр (р.а) Расулулла (с.а.в) Мединада жогунда адамдарга намазда имамдык кылуу үчүн калды. Расулулла (с.а.в) Мединага Мухаммад ибн Масламаны башчы кылып калтырды. Али ибн Абу Талибге үй-бүлөсүнөн кабар алып турууну дайындады. Зарыл болгон буйруктарды берди. Андан кийин кошуунга баш болуп жолго түштү. Алдында бара жаткан 10 миң атчан бул чоң кошуундун кудуретин көрсөтүп турду. Согушка баруудан баш тарткан кээ бир адамдар бул көрүнүштөн таасирленип, кошуундун артынан ээрчигенин өздөрү да билбей калышты. Кошуун Табукту болжоп жолго түштү. Рум кошуундары ал жерде мусулмандарды күтүп турган болчу. Аларга мусулмандардын кошууну келе жатканы, санынын көптүгү жана күч-кубатынын кабары жеткен убакта – Муътада мусулмандар азыркыдай күч жана санга ээ болбой туруп – алар көрсөткөн согушту, эрдикти эстешти. Расулулла (с.а.в)дын кошуун башында келе жатканы алардын үрөйүн ого бетер учурду жана өз кошуундарын алып Шам ичкерисине кирип, чептерде коргонууну макул көрүштү. Расулулла (с.а.в) Рум кошуундарынын ичкериге кирип кеткенин жана алардын катуу коркуп калганын билгенден кийин, Табукка жеткенге чейин жолун улантты жана ал жерге жайгашты. Табукта бир айга жакын турду. Бул убакыт ичинде Румга баш ийген уруу жана шаарлардын амирлерине каттарды жиберди. Айла акими Яхна ибн Руяга, Жарба жана Азрах калкына – моюн сунууга чакырып, болбосо чабуул кыларын айтып – кат жазды. Алар моюн сунууга ыраазы болушту жана Расулулла  (с.а.в) менен келишим түзүп, жизя төлөштү. Кийин Расулулла  (с.а.в) Мединага кайтты. Келип мунаафыктардын жазасын берди. Ошентип, хижрий 9-жылы  Рамазанда Табук жеңишине жетишилди.

Табук казаты себептүү бүтүндөй Арабстан жарым аралында Алланын өкүмү үстөм болду. Араб урууларынын элчилери моюн сунушарын жана Исламга киргендиктерин жарыя кылып, Расулулланын (с.а.в) алдына келе башташты.

Аль-Бувайб жеңиши

Абу Бакрдын (р.а) халифалык доорунда, хижрий 13-жылдын 12-рамазанында аль-Бувайб жергесинде Ислам кошууну перстер кошууну үстүнөн жеңишке жетишти. Ал окуя мындайча болгон эле. Согуш майданына перстердин 150 миңдик кошуунун колбашчы Базан баштап келди. Мусулмандардын 12 миңдик кошуунун Мусанна ибн Харис жетектеп барды.

Бул Мусанна эсиңиздердеби? Расулуллах (с.а.в) уруулардан нусрат сурап жүргөндө, бану Шайбан уруусуна да кайрылган эле. Ошондо бул уруунун колбашчысы Мусанна ибн Хариса Набийди  (с.а.в) маанилүү тиктеп алып, мындай деп жооп берген эле: «Сөздөрүңдү уктум, оо Курайш бир тууган. Биз аль-Ямама жана ас-Самама деген эки суунун ортосунда турабыз». Расулуллах (с.а.в) «Алар кандай суулар?» деп сурады. Мусанна: «Алар Кисро (перс падышалыгы) дарыялары жана араб суулары. Ал суулар ортосунда айып кылган кечирилбейт. Кисро падышасы менен эч кандай жаңылык киргизбөөгө жана жаңылык киргизгенди коргообузга албоого келишим түзгөнбүз. А мен болсо сен чакырып жаткан нерсени көрүп, оо Курайш бир тууган, анын падышаларга жакпас иш экенин көрүп турам. Эгер кааласаң, биз сени араб суулары аккан жерлерден гана коргоп кала алабыз», – деди. Ошондо, Расулуллах  (с.а.в) айтты:

«ما أسأتم في الرد إذ أفصحتم بالصدق، وإن دين الله – عز وجل – لن ينصره إلا من حاطه من جميع جوانبه، أرأيتم إن لم تلبثوا إلا قليلًا حتى يورثكم الله تعالى أرضهم وديارهم ويفرشكم نساءهم، أتسبحون الله وتقدسونه؟»

«Чындыкты айтуу менен туура жооп кылдыңар. Акыйкатта, Аллах Азза ва Жалланын динине бардык тарабын камтып алуучулар гана нусрат бере алышат. Кыска убакыттан кийин Аллах Таала алардын жерлерин жана шаарларын силердин колуңарга, аялдарын силердин төшөгүңөргө салып бермек. Аллахты айып-кемчиликтерден аруулап, улуулайсыңарбы?» – деди.

Эми эстедиңизби, мына ошол Мусанна азыр Ислам кошуунун жетектеп келүүдө жана минтип айтууда: “Мен жахилият доорунда перстер менен да, арабдар менен да согушканмын. Аллахка ант, жахилиятта перстердин жүз аскери мен үчүн арабдардын миң аскеринен коркунучтуураак эле. А бүгүн мен үчүн жүз араб аскеринен көрө миң перс аскерин жеңүү жеңилирээк”. Бирок, албетте, согуш жүрүшүндө, перстердин кошууну көптүгү өз сөзүн айтпай койгон жок. Мына ошол кезде Мусанна (р.а) уруу башчыларды жыйнап, тандалма аскерлеринен бир топ түзүүнү буйруду жана аларга перс колбашчысын өлтүрүү тапшырмасын берди. Жана бул план ийгиликтүү ишке ашты. Перс аскерлери тым-тыракай түшүп качты, алардан өлгөндөрдүн саны 100 миң болду, мусулмандардан 4 миң мужаахид шахид кетти. Эми Ирак жерлеринен ары Иран жерлерин фатх кылууга дарбаза ачылды… (Тарыхчылар жана эксперттер бул жеңишти Ярмук жеңишине барабар деп эсептешкен).

Бурана

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button