Мисир карыз басымы астында

Басма сөз баянаты
Мисир карыз басымы астында:
үммөт алсыратылып, эгемендүүлүк тартып алынууда
Эл аралык каржы институту Мисирдин карызы жылдын акыркы чейрегинин аягында 316,5 миллиард долларга жеткенин жарыялады. Ал эми мурунку чейректе 302,5 миллиард болгон. Башкача айтканда үч айдын ичинде дээрлик 5% көбөйгөнүн билдирди. Миср жөн гана экономикалык бюллетендеги өтмө санга эмес, барган сайын муунтулуп жаткан экономикалык багыттын кооптуу көрсөткүчүнө туш болууда. Карыздын мындай тез өсүшү, анын ички дүң өнүмгө карата үлүшүнүн жогорулашы менен кошо, мамлекетти каржылоонун туруктуу негизи катары карыз алууга канчалык деңгээлде таянуу бар экенин ачып берет.
Мисирде карыз мындан ары экономикалык баяндамаларда талкууланган финансылык сан болбой калды. Тескерисинче элдин мойнуна илинген кылычка, өлкөнүн байлыктарын талап-тоноо жана анын саясий чечимин баш ийдирүүчү куралга айланды. Эл аралык каржы институту Мисирдин ички жана тышкы карызы бир чейректин ичинде 316,5 миллиард долларга секирип, дээрлик 5% көбөйгөнүн белгилегенде, бул экономиканын оңолуу эмес, төмөндөөгө, көз карандысыздык эмес, баш ийүүгө карай баратканын айкын далилдейт.
Бул сандар режим айтып жаткандай “убактылуу кыйынчылыктарды” эмес, тескерисинче негизинен бузук экономикалык моделдин чыныгы жүзүн ачып берет. Бул модел рибага негизделген карыз алууга таянып, өлкөнү дүйнөлүк капиталисттик системанын дөңгөлөгүнө байлап коёт. Натыйжада мамлекет элдин иштерин көзөмөлдөбөй эле, эл аралык кредиторлордун пайдасына салык жыйноочу жана карыз ортомчусуна айланат. Карыз өндүрүштүк экономиканы курууга же чыныгы өнөр жай түзүүгө колдонулган жок, тескерисинче туруктуу тартыштыкты каржылоого, көрсөтмө долбоорлорго жана байлыкты башкарууга жөндөмсүз системанын тешиктерин бүтөөгө жумшалды. Мамлекеттик бюджет карызды тейлөө туткунуна айланды. Жыл сайын миллиарддаган каражаттар рибага негизделген карыздарга сарпталууда, ал каражаттар бааларды көтөрүү, салык жыйноо ыкмаларын жана түрлөрүн көбөйтүү, негизги муктаждыктарга кеткен чыгымдарды кыскартуу аркылуу байлардан мурда жакырлардын чөнтөгүнөн алынат. Ошентип эл өздөрү катышпаган чечимдердин чыгымын көтөрүүгө мажбурланууда. Ал эми бул саясаттар “зарыл реформалар” катары көрсөтүлүп, аларга альтернатива жоктой сунушталууда, бирок чындыгында алар кредитор таңуулаган баш ийүү шарттары болуп саналат.
Тышкы карыз бул адилетсиз эл аралык система шартында бейтарап каражат эмес, ал финансылык милдеттенме болуудан мурда саясий кишен болуп саналат. Ар бир жаңы карыз дагы көбүрөөк шарттар, саясатка көбүрөөк кийлигишүү жана эгемендүүлүктөн дагы көбүрөөк баш тартуу дегенди билдирет. “Экономикалык реформа” деп аталган нерсе болсо, чындыгында экономиканы үммөттүн эмес, колонизатордук каржы мекемелеринин кызыкчылыгына ылайык кайра түзүүдөн башка нерсе эмес. Ал эми ички карыз банк системасын өкмөттү каржылоо куралына айлантты, натыйжада жеке сектор муунуп, өнөр жай артка кетти, жана чыныгы өнүгүүгө эч кандай реалдуу мүмкүнчүлүк калбады.
Карыз ички дүң өнүмдүн дээрлик төрттөн үч бөлүгүнө жетиши ишендирерлик көрсөткүч эмес, тескерисинче кооптуу эскертүү. Бул кандай гана тышкы силкинүү болбосун (дүйнөлүк деңгээлде риба пайызынын өсүшү, чет элдик валютанын тартыштыгы, азык-түлүк жана энергия бааларынын туруксуздугу) жаңы инфляция толкундарын пайда кылууга, улуттук валютанын баасын түшүрүүгө жана жакырчылыкты тереңдетүүгө жетиштүү экенин билдирет. Мындай учурда чечим катары кайра эле көбүрөөк карыз алуу калат, ошентип экономика кризистерди чечүүнүн ордуна аларды топтогон рибага негизделген жабык айлампага кирип кетет.
Негизги маселе айрым башкаруу кемчиликтеринде эмес, тескерисинче рибага негизделген экономикалык системаны кабыл алууда жатат. Бул система акчаны соода алмашууну жеңилдетүүчү курал эмес, акчадан акча өндүргөн товарга айлантат. Табияты боюнча мындай система байлыкты элдерден соруп алып, аны аз сандагы адамдардын колуна топтойт жана алсыз мамлекеттерди көз каранды базарларга жана үзгүлтүксүз төлөм булактарына айландырат. Мисир ушул алкакка байланган бойдон турганда, “жакшыртуу” же “калыбына келүү” тууралуу ар кандай сөздөр жана сан көрсөткүчтөр бат эле ашкерелеген маалыматтык элес гана болуп калат.
Бул багыттын улануусу мындан да оор кризистерге, элге болгон кысымдын күчөшүнө, умумий мүлктөрдүн дагы көбүрөөк сатылышына, калган инфраструктуранын менчиктештирилишине, балким кризистерди тереңдеткен шарттар менен таңууланган карыздарды мажбурлап кайра түзүүгө алып келиши мүмкүн. Мунун баары элге качып кутула алгыс тагдыр катары сунушталууда, бирок чындыгында ал бузук экономикалык системага көз каранды болуунун түз натыйжасы болуп саналат.
О Мисир калкы, силер башыңардан өткөрүп жаткан кымбатчылык жана тартыштык кокустук окуя эмес, тескерисинче карызга, рибага жана менчик эркиндигине негизделген системанын жемиши экенин билип алгыла! Бөлүп алынган сандарга жана кийин аткарылат деген жакшыртуу убадаларына алданбагыла. Турмуштук кадыр-баркыңарды кайтаруу маселени майда-баратынан эмес, анын түпкү негизинде экенин түшүнүүдөн башталат. Кутулуу бузук системаны жамап-жасоодо эмес, аны тамырынан өзгөртүп, силердин иштериңерди караган, силерди талап-тоноого жол бербеген экономиканы курууда.
О Мисир аскерлери, силер үммөттүн күчүсүңөр жана анын калканысыңар. Силер ушул элдин этинен жана канынан жаралгансыңар, эл тарткан азапты силер да тартып, анын кайгысын силер да сезесиңер. Армиянын күчү куралдын саны же жабдуунун көптүгү менен өлчөнбөйт, тескерисинче өз акыйдасынын күчү, үммөтүнө канчалык жан тартары, анын жүгүн көтөрүшү жана ага таңууланмакчы болгон долбоорду аңдап түшүнүшү менен өлчөнөт. Карызга байланган экономиканы коргогон, көз карандылыкка алып баруучу багытты камсыздаган армия өлкөнү коргобойт, тескерисинче аны кризиске батырып, андан чыгышына тоскоол болот.
Өлкөнү коргоо чек араларды гана кайтаруу менен чектелбейт, өлкөнү коргоо анын эгемендүүлүгүн сактоодо, аны кредиторлордун колундагы туткунга айлантууга жол бербөөдө, чечимдери сырттан башкарылып, ресурстары бүтпөс риба карыздарды төлөөгө жумшалбашын камсыз кылууда жатат. Өлкөнүн байлыктарын Батышка берген жана рибага негизделген экономика мамлекетти ичинен алсыратат, анын чечимин чектейт жана аскердик күчтү рухсуз куралга айлантат. Ошентип ал сырткы туруктуулукту сактоо үчүн колдонулуп, үммөт тереңинен алсыратылат.
Үммөтүңөрдүн үстүндө эмес, аны менен бирге болгула. Андан обочодо эмес, анын кайгысы менен бирге болгула. Күчтү акыйкатка кызмат кылдырган, куралды кадыр-баркты коргоого жумшаган, чечимди каржылоочулардын шартынан эмес, үммөттүн эркинен чыгарган хазарий долбоорду көтөргүлө. Үммөт силерден жөн гана тартипти эмес, аң-сезимди күтөт. Силердин милдетиңерден баш тартууну эмес, аны жогорулатууну талап кылат, ал милдет акыйкатты колдоодо, эгемендүүлүктү сактоодо жана келечек муундардын келечегин коргоодо.
Эсиңерде болсун, үммөт тарыхында даңкталган армиялар эң күчтүү куралданганы үчүн эмес, эң чынчыл позициясы, эң ачык көз карашы жана адамдарды зулумдуктан адилеттикке, көз карандылыктан боштондукка, системалардын караңгылыгынан Исламдын нуруна жана анын камкордугуна алып чыккан хазарий долбоорго эң бекем байланышы үчүн даңкталган. Ошондуктан бул жоопкерчиликке татыктуу болгула! Үммөттүн жүгүн оорлоткон жол сакчылары болбогула, тескерисинче Ислам жана анын мамлекети, пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык көлөкөсүндө анын улуулугун, чечимин жана кадыр-баркын кайтарууга жардамчы болгула!
﴿إِنَّ اللَّهَ يَأْمُرُكُمْ أَن تُؤَدُّوا الْأَمَانَاتِ إِلَىٰ أَهْلِهَا وَإِذَا حَكَمْتُم بَيْنَ النَّاسِ أَن تَحْكُمُوا بِالْعَدْلِ﴾
“Албетте Алла силерди аманаттарды өз ээлерине тапшырууга жана адамдар арасында өкүм кылганыңарда адилет өкүм кылууга буюрат. Албетте Алла жакшы насыяттар кылат. Албетте Алла угуучу жана көрүүчү Зат”. (Ниса: 58).
Хизб ут-Тахрирди Мисир вилаятындагы маалымат бөлүмү
28.02.26




