Мисир режими вакыйлык менен драмадагы кыял-жоромолдор жана жалаалар ортосунда

Мисир режими вакыйлык менен драмадагы кыял-жоромолдор жана жалаалар ортосунда
Мисир режими элди коопсуздук органдарынын зомбулугуна кошумча, багытталган драмалык өндүрүш аркылуу адамдардын аң-сезимин калыптандыруу менен башкарууда. Бул драма окуяларга расмий билдирүү түзүп, түшүнүктөрдү кайрадан калыптандырып, Ислам жана аны көтөрүп чыккандар жөнүндө адамдардын аң-сезимине бурмаланган көрүнүштү сиңирет. Демек, драма жөн гана көркөм өнөрдөгү ырахат эмес, тескерисинче, өзгөчө саясий курал болуп эсептелет. Ал аркылуу залим режимди жылмалоо, темирдей башкарууну актоо жана исламий долбоор көтөргөн ар бир адамды коом үчүн кооптуу коркунуч катары көрсөтүү көздөлөт.
Бүгүнкү күрөш бир гана тиричилик, баалар же карыздар тууралуу эмес. Бул түшүнүктөрдүн күрөшү. Режим улуттук мамлекет түшүнүгүн, башкача айтканда колонизатор чийген чек араларга берилгендикти бекемдөөгө умтулууда. Ошондой эле башкаруучуга баш ийүүнү өзгөрүлбөс тагдыр катары көрсөтөт. Ал эми Ислам болсо, эгер ал башкарууга, саясатка, адамдардын иштерине жана өз ара мамилелерине аралашса, туруктуулукка коркунуч туудурган нерсе катары берилет. Мына ушунда чоң коркунуч жатат: Исламды жашоону толугу менен тартипке салган мабда болуу макамынан ажыратып, аны башкаруудан, саясаттан жана экономикадан бөлүнгөн жалаң гана жеке ибадаттар жана диний жөрөлгөлөр менен чектелген динге айландыруу максат кылынууда.
Ар бир драмалык мезгилде бир эле көрүнүш кайталанат: диндар адам же сабатсыз ашынган адам катары, же эки жүздүү айлакер катары, же тышкы күчтөрдүн куралы катары көрсөтүлөт. Ал эми коопсуздук органдары мекенди сактап калган куткаруучу, мекен үчүн курмандыкка барган сакчы катары сүрөттөлөт, ал тургай бул адам укуктарынын же кан төгүүнүн эсебинен болсо да. Ушундай жасалма эки тараптуу образ аркылуу жаңы муундардын аң-сезими кайра калыптандырылат. Натыйжада жаш жигит Исламга бекем кармануу менен аны турмушка колдонууга аракет кылууну башаламандык жана кыйроо менен байланыштырган түшүнүк менен өсөт.
Бирок Мисир эли экрандарда режим каалагандай кайрадан коюлуп жаткан окуялардан алыстагы көрүүчү эмес. Алар бул окуяларды көзмө-көз башынан өткөрүшкөн. Алар мунун баасын өз балдарынын каны, өздөрүнүн абийири жана ырыскылары менен төлөшкөн. Алар болуп өткөн окуялардын тирүү күбөлөрү. Алар анын майда-чүйдөсүнө чейин билишет жана чыныгы вакыйлык менен сериалдарда тандалып көрсөтүлгөн, режимдин баянына кызмат кылган окуялардын айырмасын жакшы түшүнүшөт. Алар өздөрүнүн эс тутумун кимдир бирөөнүн кайра түшүндүрүп беришине муктаж эмес. Өз көздөрү менен көргөн нерселерин кимдир бирөө үйрөтүп беришине да керек жок. Алардын аң-сезими жана түздөн-түз башынан өткөргөн тажрыйбасы жасалма баяндардын жалгандыгын ачып, чындыктарды жашырып, саясатчыларды жоопкерчиликтен актоого багытталган манипуляциянын көлөмүн ачык көрсөтөт.
Бирок режим жашырууга аракет кылгандай Ислам жашыруун уюм да, сокурларча ээрчий турган нерсе эмес. Тескерисинче, ал башкаруу, экономика, коом жана эл аралык мамилелер тууралуу өзүнүн түшүнүгүнө ээ болгон толук кандуу цивилизациялык долбоор. Даъват көтөрүп чыккандарды агенттер же кутумчулар катары көрсөтүү саясий Исламды кылмыш катары көрсөтүү саясатынын уландысы болуп эсептелет. Ошондой эле анын фикрий булактарын кургатуу жана коомду бузук вакыйлыкка моюн сунуу сакофатына баш ийдирүү максатын көздөйт. Алар так эле оозунун деми менен күндүн нурун өчүргүсү келген адамга окшош! Сиси жана анын жазалоочу жоокерлери каалабаса да, Аллах Өз нурун толук кылат.
Сериалдарга миллиарддаган каражат сарпталып жаткан учурда, өлкө карыздарга байланууда, стратегиялык мүлктөр сатылууда жана Батыштын үстөмдүгүнө эшиктер ачылууда. Экономикалык көз карандылык эми жашыруун эмес. Эл аралык каржы мекемелери менен түзүлгөн келишимдер элдин жүгүн оорлоткон катаал үнөмдөө саясаттарын таңуулап, жергиликтүү экономиканы Батыштын кызыкчылыктарына байлап жатат. Натыйжада саясий чечимдер көз каранды болуп, мамлекеттин ролу Батыштын көрсөтмөлөрүн аткаруу менен гана чектелип калууда.
Көз карандылык адамдарга чыныгы жүзү менен сунушталбагандыгы – бул жерде эң кооптуу нерсе бар экенин билдирет. Тескерисинче, ал «реформа» жана «куткаруу» деген ат менен көрсөтүлөт. Ал эми чындыгында болсо бул — Мисирди өз алдынча миссиясы бар көз карандысыз мамлекет катары эмес, базар, өткөөл жол жана таасир аймагы катары гана көргөн глобалдык капитализмдин үстөмдүгүн бекемдөө. Мына ушундай жабуунун алдында исламий өздүк четке сүрүлүп, Ислам Батыштын көз карашына ылайык кайра аныкталып жатат.
Ал эми тышкы саясатта багыт ачык: үммөттүн чоң маселелеринин эсебинен болсо да, аймактагы америкалык саясаттарга практикалык түрдө ийкемдүүлүк кылуу жана баскынчы яхудий түзүмүнүн коопсуздугун сактаган аймактык тартиптер менен шайкеш жүрүү. Элден муну «саясий реализм» деп кабыл алуу талап кылынат. Бирок чындыгында бул — үммөттүн туруктуу негиздеринен баш тартуу жана Батыш кызыкчылыктарын үммөт кызыкчылыктарынан жогору коюу.
Режим өзүнүн медиа аппараты аркылуу диндарлыктын көрүнүштөрү менен гана күрөшпөйт. Ал Исламдын башкаруу тууралуу пикири болушу мүмкүн деген фикрат менен да күрөшөт. Ислам мечиттердин ичинде гана калсын, мыйзам чыгаруудан жана саясаттан алыс болсун деп каалашат. Даъват көтөргөндөр болсо жалаа, камак жана басым аркылуу курчоого алынсын деп аракет кылынат. Ошентип коомдук майданда вакыйлыкты актаган, бирок аны өзгөртпөгөн расмий баян гана калсын деген максат көздөлөт. Бирок үммөт алсыз эмес. Анын жүрөгүндө терең акыйдавий байлык бар. Ал Ислам жөн гана сакофат менен чектелбесин, тескерисинче мабда, жашоо таризи жана турмуштук манхаж экенин түшүнөт. Бүгүнкү күрөш эки долбоордун ортосунда жүрүп жатат: биринчиси — өлкөлөрдү Батышка байлап, аларды анын таасир чөйрөсүндө кармоону көздөгөн колонизатордук долбоор. Экинчиси — туура ойгонуу долбоору болуп, ал бийликти шариатка кайтарып, жетекчиликти үммөткө берип, чечим кабыл алууну Батыш үстөмдүгүнөн бошотууну көздөйт.
Эй Мисир жери, эй Кинана эли! Экрандарда көрсөтүлүп жаткан нерселер жөн жерден эмес. Бул силердин аң-сезимиңерди кайра калыптандыруу жана силерди оорунун түпкү себебинен алаксытуу аракети. Маселе диндарлыктын көрүнүштөрүндө да эмес, Ислам менен өкүм кылууга чакыргандарда да эмес. Маселе Ислам менен өкүм жүргүзбөгөн, өлкөнү карызга байлап, негизги мүлктөрдү сатып, Батыштын көрсөтмөлөрүнө баш ийген режимде. Андан соң ал силерди үммөтүңөрдүн өздүгү эң чоң коркунуч деп ишендирүүгө аракет кылат. Андыктан, сөздүн кооздугуна алданбагыла.
Эй Кинана жоокерлери! Биз силерге эскерте кетебиз, режим канчалык бийик көрүнбөсүн, Аллах андан да жогору. Ал канчалык күчтүү көрүнбөсүн, Аллах Күч-кубат Ээси. Ал канчалык көп түрмөлөргө жана тар камактарга ээ болбосун, алар силер бара турган кабырдан тар болбойт. Эгер анын бийлиги астына түшкөндөрдү кыйнаган жырткыч жазалоо аппараты бар болсо да, ал Жаханнам азабынан катуу боло албайт. Ал силерге берчү мал-мүлк жана жакындатуулар кеңдиги асмандар менен жердей болгон, такыбалар үчүн даярдалган Бейиштин алдында эч нерсеге арзыбайт.
Периштелер баарын жазып турушат. Аллах Таала сөзсүз сурайт: Ислам бурмаланганда, анын даъваты курчоого алынып, өлкө көз каранды кылынганда силер кайда элеңер? Анын элин жана даъватын көтөргөндөрдү колдоо, аны ишке ашыруучу мамлекетти тикелөө силерге милдет болгон учурда кайда элеңер? Үммөт менен бирге болуу туруктуулукка каршы чыгуу эмес. Тескерисинче, бул туруктуулукту Батышка жана анын саясатына баш ийүүгө эмес, адилеттикке жана шариаттын бийлигине негиздеп кайра аныктоо.
Режим экрандарды ээлеши мүмкүн, бирок аң-сезим ойгонгондо жүрөктөрдү ээлей албайт. Ал басым жасоочу куралдарды кармап турушу мүмкүн, бирок үммөт өз долбоорун аң-сезим жана туруктуулук менен көтөрсө, келечекти ээлей албайт. Бүгүнкү учур жалганды ачыкка чыгарууну, алдамчылыкты ашкерелөөнү жана Исламды өзүнүн табигый ордуна кайтарууну т.а. Исламды жүрүп жаткан жашоо үстүнөн күбө кылуу эмес, аны жетектеген жетекчи кылып кайтаруу үчүн аракет кылууну талап кылат. Бул болсо Ислам көлөкөсүндө жана анын мамлекети болгон пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкта гана ишке ашат.
Роя гезити
Махмуд Аль-Лайси




