Басма сөз

Модини тосуп алуу: Ислам үммөтүнүн канына жана абийирине ачык чыккынчылык

Басма сөз баянаты

Модини тосуп алуу: Ислам үммөтүнүн канына жана абийирине ачык чыккынчылык

Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин 2026-жылдын 7–8-февралында Малайзияга иш сапары менен барары пландалууда жана ал жакта өкмөт жана индус жамааты тарабынан салтанаттуу тосуп алынаары күтүлүүдө. Американын бул агенти дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө даңазалуу тосуп алууларга ээ болуп, барган мамлекеттерден ар түрдүү сыйлыктарга татыктуу болууда. Анын ичинде өзү «наадан жана алсыз» деп мүнөздөгөн мусулмандардын башкаруучулары да бар. А түгүл, алардын айрымдары ушул мушрик лидерди ыраазы кылуу үчүн буттарды тургузууга да даяр!

Бүгүн дүйнөдөгү мусулмандар башкаруучулары Аллахка, Анын Элчисине ﷺ  жана момундарга болгон чыккынчылыгын Аллахтын душмандары менен кызматташуу аркылуу ачык көрсөтүп жатканын көрүүдө. Андан да өтүп, алар бул үммөткө канкор мамиле жасаган адамды өз жерлерине чакыруу менен мусулмандардын сезимдерине жана ар-намысына толук кайдыгер мамиле кылып жатышат. Модинин Индиядагы мусулмандарга каршы кылмыштары яхудийлердин Палестинадагы мусулмандарга каршы кылмыштарынан же Кытайдын уйгур мусулмандарына каршы кылмыштарынан айырмаланбайт. Бүт дүйнө бул кылмышкерлер жасаган өлтүрүү, кыйноо жана бардык зулумдуктарга күбө болууда. Бул алардын Исламга жана анын жолдоочуларына болгон катуу жек көрүүсүн көрсөтөт. Аллах Тааланын төмөнкү сөзү чындык:

﴿لَتَجِدَنَّ أَشَدَّ النَّاسِ عَدَاوَةً لِّلَّذِينَ آمَنُوا۟ الْيَهُودَ وَالَّذِينَ أَشْرَكُوا۟﴾

«Ыйман келтирген адамдарга эң катуу душмандык кылуучу адамдар жөөттөр жана мушрик (Аллага бир нерсени тең кылуучу) болгон кимселер экенин көрөсүң». (Маида: 82).

Хизб ут-Тахрир / Малайзия Модинин сапарына карата катуу каршылыгын билдирип, Малайзия өкмөтүнө өтө катуу эскертүү жолдойт. Моди жөн гана чет мамлекеттин башчысы эмес, ал — Исламдын ачык душманы. Ал Исламга жана Ислам үммөтүнө каршы турган ашынган индустук хиндутва акыйдасынын символу. Анын жетекчилиги алдында Индиядагы мусулмандар дагы эле куугунтукка кабылып, өлтүрүлүп, жырткычтык мамиле көрүп келишет. Мындан тышкары, ал мечиттерди бузууга жана мусулмандарды өз дининен алыстатуу аракетинде аларга каршы бардык түрдөгү басмырлоону таңуулоого катышкан. Мунун максаты Индияны Исламга болгон жек көрүүгө негизделген толук индустук мамлекетке айландыруу. Ошондой эле Кашмирдеги кыргындар жана куугунтуктар мусулмандардын каны менен булганган. Кыскасы, анын колдору бүгүнкү күнгө чейин мусулмандардын каны менен булганган бойдон калууда. Мындай адамды салтанаттуу тосуп алуу — шариятка каршы чыгуу, Ислам үммөтүнүн канына жана абийирине чыккынчылык кылуу, айрыкча Индия жана Кашмир мусулмандарынын жүрөгүнө терең жара салуу болуп эсептелет.

«Гужарат касабын» достук, дипломатиялык байланыштар жана экономикалык кызыкчылыктар деген жүйө менен тосуп алуу бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан башкаруучулар жана демократиялык түзүм динди саясаттан жана мамлекет башкаруудан ачык түрдө ажыратканын гана көрсөтөт. Алар үчүн Аллах Тааланын душмандары менен достук жана соода кызыкчылыгы Аллах Тааланын буйруктарына баш ийүүдөн да, өз бир туугандарынын жаны менен абийирин коргоодон да алда канча маанилүү. Аллах Тааланын төмөнкү сөзүн бузууда алардын канчалык тайманбас экенин карагыла:

﴿لَا يَتَّخِذِ الْمُؤْمِنُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِن دُونِ الْمُؤْمِنِينَ وَمَن يَفْعَلْ ذَٰلِكَ فَلَيْسَ مِنَ اللَّهِ فِي شَيْءٍ﴾

«(Бардык иш Алланын колунда болгон соң, демек) Момундар момундарды таштап коюп, каапырларды дос тутушпасын! Ким Ошондой кылса, анда ал Алла тарабынан эч нерседе эмес (Тагыраак айтканда Аллага чоочун)». (Али Имран: 28).

Чындыгында, мусулман башкаруучуларынын чыккынчылыгы жана Ислам үммөтүнүн алсыздыгы улуттук мамлекеттердин чек араларынан келип чыккан кесепеттер болуп, Аллах Тааланын душмандарын мусулман жерлерине кирүүгө гана эмес, өздөрүн алардан үстөм сезүүгө да шыктандырды. Алар Исламга ачык душмандык кылганына карабастан, мусулмандар аларды урматтоого мажбур болуп жатышат. Бүгүнкү мусулман жетекчилери чек аранын ары жагындагы бир туугандарынын азап-тозогун көз жаздымда калтырып, өз байлыктарын жана тар улуттук кызыкчылыктарын коргоого көбүрөөк даяр.

Биз дагы бир жолу Малайзия өкмөтү Модинин сапарын четке кагышы керек экенин баса белгилейбиз, тескерисинче мусулмандардын канын төгүп жаткан режим менен бардык байланыштарды үзүшү зарыл. Эсиңерде болсун, душман дос катары кабыл алынбайт, Аллах Тааланын душманы союздаш кылынбайт. Шариятты көз жаздымда калтырган жетекчиликтин тушунда Аллах Тааланын душмандары болгон Британия, Кытай жана Америка Малайзия жерине канча жолу келип кеткен, эми болсо Индияга да аны булгоого мүмкүнчүлүк берилүүдө. Бул башкаруучулар бийлик убактылуу экенин жана ким менен достошкону, кимге зулум кылганы үчүн Аллах Тааланын алдында жооп берерин унутуп жатышат.

Бул үммөт Аллахтан корккон, кайраттуу жана чечкиндүү халифтин жетекчилигине абдан муктаж. Ал душманды душман, досту дос катары карайт. Мындай халиф бир туугандарынын өлтүрүлүшүн четке кагуу менен гана чектелбестен, алардын абийирин эң кичине зыяндан да коргойт. Эгер душман буга батынса, анын жообу угула турган сөз эмес, көрүлө турган иш-аракет болот. Аллах Тааланын уруксаты менен мындай халифтин кайра кайтып келиши жакын.

Абдулхаким Усман

Хизб ут-Тахрирдин Малайзиядагы расмий өкүлү

05.02.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button