Момундар энеси Умму Салама (р.а)
Момундар энеси Умму Салама (р.а)
Умму Салама (р.а). Сиз ал тууралуу эмнелерди билесиз? Анын атасы Махзум уруусунун абройлуу саййиддеринин бири жана саналуу араб жоомарттарынан болгон. Ал тургай, ал «жолоочулар азыгы» деген атакка жетишкен. Анткени, жолоочулар ал жакка барса же аны менен бирге жүрсө жол азык алышчу эмес эле. Анын эри Абдулла ибн Асад алгачкы Исламга кирген он сахабанын бири болчу. Анткени, андан мурда Абу Бакр Сыддык жана кол менен санаса боло турган аз сандуу гана адамдар Исламга кирген. Умму Саламанын өзүнүн аты Хинд болуп, Саламанын апасы болгондуктан, Умму Салама аталып калган.
Умму Салама эри менен чогуу Исламга кирди. Ал да алгачкы Исламга кирүүчүлөрдүн бири болду. Умму Салама жана эринин Исламга киргени тууралуу кабар жайылган соң, Курайштын каарданышы күчөдү. Алардын башына бекем аскаларды да козгоп жибере турган балээлерди жаадыра башташты. Алар бул балээлер каршысында алсырап, суздашып, түшкүндүккө түшүп калышпады. Азаптар күчөп, Расулулла (с.а.в) асхабдарына Хабашистанга хижрат кылууга уруксат бергенде, алар мухажирлердин алдыңкы сабында болушту.
Умму Салама жана анын эри Меккедеги кенен короо-жайы, бийик даражасы жана улуу насабын Алла үчүн таштап, башка өлкөгө көчүп өтүштү. Умму Салама жана анын шериктери Нажашийдин (Алла бейиште анын жүзүн жарык кылсын) коргоосунда болушуна карабастан, вахий түшкөн жер болгон Меккеге болгон каалоо жана хидаят булагы Расулулла (с.а.в)га болгон сагыныч алардын дилдерин өрттөйт эле. Хабашистандагы мухажирлерге «Меккеде мусулмандардын саны көбөйүп, Хамза ибн АбдулМутталиб жана Умар ибн Хаттабдардын Исламга кириши аларды күчөтүп, Курайштын мусулмандарга азары бошошуп калды» деген кабарлар арты-артынан келе баштады. Ошондуктан, мухажирлердин бир тобу Меккеге кайтууга токтом кылышты. Аларды бул ишке Расулулланы көрүүгө болгон каалоо жана сагыныч үндөгөн эле. Ошондо Умму Салама жана анын эри Меккеге кайтуучулардын алдыңкы сабына кошулушту. Бирок, кайтуучулар өздөрүнө келген кабарлардын жалган экенин тез эле түшүнүп жетишти. Мусулмандардын Хамза жана Умардын Исламга киришинен кийинки аракеттери Курайш тарабынан катуу чабуул менен кабыл алынган болчу. Мушриктер мусулмандарга азап берүү жана коркутууда бар болгон жөндөмдүүлүктөрүн ишке салышып, мурда аларга белгилүү болбогон карасанатайлыктарды колдонушту. Расулулла (с.а.в) асхабдарына Мединага хижрат кылуу үчүн уруксат бергенден кийин, Умму Салама жана анын эри диндерин сактап калуу жана Курайштын азарынан кутулуу үчүн мухажирлердин биринчилеринен болууну ниет кылышты. Бирок, Умму Салама жана эринин хижраты алар ойлогондой жеңил болбоду, балким, ушунчалык машакаттуу, ушунчалык кырсыктуу болду дейсиң, башка ар кандай кырсык жана машакат алардын алдында арзыбас болуп калды.
Умму Салама айтат: Абу Салама Мединага кетүүгө ниет кылгандан кийин, мен үчүн бир төө даярдады. Андан соң, мени төөгө мингизип, балабыз Саламаны мага берип, эч нерсеге карабастан төөнү жетелеп кетти. Меккеден чыгып кетерибизде менин коомум Бану Махзумдан бир нече киши биздин жолубузду тосту. Алар Абу Саламага: Эгер сен өзүңчө бизден үстөм экенсиң, биздин кызыбыз, бул аялыңа жол болсун же сен аны бизден алып кетип «шаардан шаарга алып жүрүшүңө таштап коюшат» деп ойлойсуңбу?! – дешти. Кийин алар Абу Саламага таштанышып, мени андан тартып алышты. Эримдин коому Бану Абдуласад мени жана баламды тартып алышканын көрүп, катуу каарданышты жана: «Жок, Аллага ант болсун, кызыңарды балабыздан тартып алганыңардан кийин, баланы кызыңарда калтырбайбыз. Ал биздин уулубуз, биз ага акылууракпыз», – дешти. Кийин алар көз алдымда баламды өз ара талаша башташты. Ал тургай, алар анын колун чыгарып алышты. Мен бир нече ирмемде өзүмдү талкаланган, жалгыз абалда көрдүм. Эрим динин жана жанын сактап калуу үчүн Мединага жүздөндү. Баламды Бану Абдуласад уруусу жараланган абалда тартып алды… Мени болсо коомум Бану Махзум уруусу өздөрү менен алып калышты. Ошентип, бир сааттын ичинде мен эрим жана баламдан ажыратылган абалда калдым. Ошол күндөн баштап ар күнү эртелеп өрөөнгө чыгып, кырсыгыбызга күбө болгон жерде эримди, баламды менден ажыратышкан ирмемдерди көз алдыма келтирип, тээ күн батканча ыйлап олтурчумун. Мен бир жыл же бир жылга жакын убакытты мына ушундай абалда өткөрдүм. Мына ошондой күндөрдүн биринде абамдын уруусунан бир киши алдыман өтүп калды. Ал менин абалыма ырайым кылып, коомумдагыларга: Аны эринен да, баласынан да ажыратыпсыңар, бул бечараны коё бербейсиңерби, – деди. Ал ушундай деп алардын дилин жумшартты, ал тургай, алар мага «эгер кааласаң эриңдин алдына бара бер» дешти. Бирок, мен баламды Меккедеги Бану Абдуласад уруусунда калтырып Мединага эримдин алдына кантип бармак элем?! Балам Меккеде калып, ал тууралуу бирер нерсе билбестен туруп, өзүм хижрат короосуна барып алсам, канткенде кайгым басылып жана көз жашым токтойт?! Менин кайгыдан азап чегип жатканымды көрүп кээ бир адамдар менин абалыма боору ооруду. Алар мен тууралуу Бану Абдуласад коому менен сүйлөшүп, мага ырайым кылуусун сурашты. Андан кийин, алар балам Саламаны кайтарып беришти.
Меккеде мени менен бирге сапарга чыга турган адамды күтүп турууну каалабадым. Анткени, күтүлбөгөн бирер окуя болуп, мени эримдин алдына баруудан бирөө жарымы тосуп калышынан корктум… Ошондуктан, шашылып төөмдү даярдап, баламды боорума алып эримдин алдына баруу үчүн Мединага карай жол алдым. Мени менен бирге бара жаткан эч ким жок болчу. «Танъим»ге (Меккеден 3 мил алыстыктагы жер) жеткенимде Усман ибн Талханы учураттым. Ал: «Эй жолоочулар азыгынын кызы кайда бара жатасың?!», – деди. Мен: «Мединага, эримдин алдына», – дедим. Ал: «Сени менен бирге бирөө-жарым барбы?», – деди. Мен: «Жок, Аллага ант болсун, Алла жана мына бул уулумдан башка эч ким жок», – дедим. Ал: «Аллага ант болсун, Мединага жетип алганга чейин мен сени жалгыз калтырбаймын», – деди. Кийин, ал төөнүн тизгининен кармап мени менен бирге жолго түштү. Аллага ант болсун, мен арабдар ичинде андан ак көңүл жана кичи пейил бирер адамды уккан эмесмин. Эгер бирер жерде токтосок, төөнү чөктүрүп, менден өзүн четке тартат болчу, мен төөнүн үстүнөн жерге түшкөнүмдөн кийин төөгө жакындашып комун түшүрүп, андан кийин менден алысыраакта башка дарактын көлөкөсүндө жатып дем алат болчу. Жолго чыгуу маалы болгондо, төөнү даярдап, аны мага алып келип, андан кийин менден өзүн четке алып: «Мин», – дейт эле. Мен төөгө минип, жайгашканымдан кийин аны тизгининен алып жетелеп алчу. Ал тээ Мединага жеткенге чейин мына ошентип барды. Ал Бани Амр ибн Авфтын Куба кыштагын көргөндө: «Эриң ушул кыштакта, Алланын берекеси менен ага кир», – деди. Андан кийин, Меккеге кайтып кетти.
Узакка созулган ажырымдан кийин талкаланган жүрөктөр дагы бирикти. Абу Саламанын көзү кубанычка толду. Ал аялы жана баласы менен бактылуу болду… Андан кийин окуялар көз ачып жумганча өтө баштады. Мунун арасында Абу Салама Бадр согушунда катышты. Бадрдан мусулмандар жеңиш менен кайтышты. Бадрдан кийин Ухуддун оор согушунда баатырларча согушту. Бирок, Ухуд согушунда оор жараат алды. Дарыланганда жарааты айыккандай болду го, бирок жарааты ириңдеп кетип, төшөккө жатууга мажбур болду. Абу Салама дарыланып жаткан күндөрүндө аялына айтты: «Эй Умму Салама мен Расулулла (с.а.в)дын мындай дегенин уктум:
«لا تُصِيْبُ أَحَداً مُصِيْبَةٌ، فَيَسْتَرْجِعَ عِنْدَ ذَلِكَ يَقُولُ: اَللُّهُمَّ عِنْدَكَ اِحْتَسَبْتُ مُصِيْبَتِيْ هَذِهِ. اَللَّهُمَّ أَخْلِفْنِيْ خَيْراً مِنْهَا، إِلَّا أَعْطَاهُ اللهُ عَزَّ وَجَلَّ…»
«Бирер адамга мусибат жеткен убакта: (Инна лиллахи ва инна илайхи рожиуун), деп истиржо айтса жана Эй Роббим, мен ушул мусибатым акысына Сенден сооп үмүт кыламын. Эй Роббим, мага бул мусибаттан жакшылык бер, десе, Алла Азза ва Жалла ага жакшылыкты берет».
Абу Салама бир нече күн кесел болуп жатты. Бир күнү эртелеп Расулулла (с.а.в) аны көргөнү келди. Аны зыярат кылып, короосунун эшигине жетиши менен Абу Салама көз жумду. Набий (с.а.в) берекелүү колдору менен досунун көзүн жапты жана асманга жүздөнүп:
«اَللَّهُمَّ اغْفِرْ لِأَبِيْ سَلَمَةَ، وَارْفَعْ دَرَجَتَهُ فِي الْمُقَرَّبِيْنَ. وَاَخْلِفْهُ فِيْ عَقْبِهِ فِي الْغَابِرِيْنَ. وَاغْفِرْ لَنَا وَلَهُ يَا رَبَّ الْعَالَمِينْ، وَأَفْسِحْ لَهُ فِي قَبْرِهِ، وَنَوِّرْ لَهُ فِيْهِ»
«Эй Роббим, Абу Саламаны магфират кылгын, аны жакындарыңдын даражасына көтөргүн, анын акыбети туурасында өткөн (жакшы адам)дарга кошкун. Эй бүт ааламдын Роббиси, бизди жана аны магфират кылгын, анын мүрзөсүн кең жана жарык кылгын».
Умму Салама Абу Саламанын Расулулла (с.а.в)дан кылган рыбаятын эстеп: «Эй Робби, бул мусибатыма Сенден сооп үмүт кыламын», – деди. Бирок, ал: «Эй Алла, бул мусибаттын ордуна мага андан жакшыраагын бер», – деп айта албады. Анткени, ал өзүнө «ким Абу Саламадан жакшы боло алат эле» деп суроо берет болчу.
Мусулмандар Умму Саламанын мусибатынан кайгыга түшүштү. Алар буга чейин бирер адамдын мусибатына мынчалык кайгырышкан эмес эле. Алар Умму Саламага «арабдар жесири» деген наам беришти. Анткени, Мединада анын кичине баласынан башка бирер жакыны жок болчу. Мухажир жана ансарлар өздөрүнүн үстүндөгү Умму Саламанын акысын сезишти. Абу Саламага туткан аза күндөрү бүтүшү менен Абу Бакр Сыддык (р.а) Умму Саламанын колун сурады. Умму Салама анын талабын четке какты… Андан кийин, Умар (р.а) анын колун сурады. Аны да кудум Абу Бакрды четке каккандай четке какты… Андан кийин, Расулулла (с.а.в) да анын колун сурады. Умму Салама Расулулла (с.а.в)га: «Эй Расулулла (с.а.в) менде үч сыпат бар: Мен кайраттуу аялмын, сиз менде сиздин каарыңызды келтире турган бирер нерсени көрүшүңүздөн жана ушул нерсе себептүү Алла мага азап беришинен коркомун, мен жашы өткөн жана перзенттүү аялмын», – деди. Набий (с.а.в):
«أَمَّا مَا ذَكَرْتِ مِنْ غَيْرَتِكِ فَإِنِّيْ أَدْعُو اللهَ عَزَّ وَجَلَّ أَنْ يُذْهِبَهَا عَنْكِ. وَأَمَّا مَا ذَكَرْتِ مِنَ السِّنِّ فَقَدْ أَصَابَنِيْ مِثْلُ الَّذِيْ أَصَابَكِ، وَأَمَّا مَا ذَكَرْتِ مِنَ الْعِيَالِ، فَإِنَّمَا عِيَالُكِ عِيَالِيْ»
«Сен айткан кайратыңа келсек, мен Алладан аны сенден кетиришин сураймын. Жашыңа келсек, сага жеткен нерсе мага да жеткен. Перзентиңе келсек, сенин перзентиң менин да перзентим», – деди. Андан кийин, Расулулла (с.а.в) Умму Саламага үйлөндү. Алла Таала Умму Саламанын дубасын кабыл кылды жана ага Абу Саламадан жакшыраагын калтырды. Мына ушул күндөн баштап махзумийлик Хинд жалгыз Саламанын эле эмес, балким, бардык момундардын энеси болуп калды. Алла Таала Умму Саламанын жүзүн бейиште жарык кылсын жана андан ыраазы болсун.

