Кабар

Мунайдын баасы кымбаттоодо

Мунайдын баасы кымбаттоодо

АКШ жана «Израилдин» Иранга жасаган чабуулдарынан кийин Ормуз кысыгындагы кырдаал кескин курчуду. Дүйнөлүк мунай ташуучу негизги маршруттардын бири болгон бул аймак аркылуу танкерлердин агымы дээрлик 10 %га чейин кыскарды. Бул мунай бааларынын өсүшүнө жана рынокто тартыштык коркунучу жаралышына алып келди.

Ормуз кысыгы дүйнөлүк энергетика үчүн эң маанилүү транспорттук жолдордун бири болуп саналат. Кризис башталганга чейин бул кысык аркылуу күн сайын болжол менен 20 миллион баррель мунай өтүп турган, бул дүйнөлүк мунай соодасынын болжол менен бештен бир бөлүгүн түзөт.

Кырдаалды турукташтыруу үчүн Эл аралык энергетика агенттигине (IEA) мүчө өлкөлөр стратегиялык резервдерден базарга болжол менен 400 миллион баррель мунай чыгарууну чечишти. Бирок, эксперттердин айтымында, эгер Ормуз кысыгы аркылуу жүк өткөрүү жакын арада калыбына келбесе, бул чаралар жетишсиз болуп калышы мүмкүн.

Ирандагы жаңжал мунай жана газ базарында катуу силкинүү жаратты. Brent мунайынын баасы айрым учурларда бир баррелине дээрлик 120 долларга чейин көтөрүлдү (аскерий аракеттер башталгандан бери 60% дан ашык өсүш). Ошол эле учурда, Европада газдын баасы да кескин жогорулап, миң кубометри болжол менен 800 долларга чейин жетти (90% дан ашык өсүш).

Ушундай көрүнүштүн тушунда АКШнын Каржы министрлиги Орусиянын мунайын жана мунай продуктыларын сатууга байланышкан айрым санкциялык чектөөлөрдү убактылуу жумшартты. Бул мунай 12-мартка чейин танкерлерге жүктөлгөн болушу керек. Тиешелүү чечим ведомствонун башкы лицензиясында бекитилген.

Документке ылайык, бул уруксат 11-апрелге чейин күчүндө болот. Ал буга чейин жолдо бара жаткан жеткирүүлөргө гана тиешелүү жана жаңы экспорттук операцияларды камтыбайт.

АКШнын каржы министри Скотт Бессант бул чара дүйнөлүк энергетикалык базардагы мүмкүн болгон туруксуздукту алдын алуу максатында кабыл алынганын түшүндүрдү.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button