Мусулмандардын башкаруучулары Америка жана яхудий түзүмү менен жанаша туруп, алардын пландарын ишке ашырууда

Басма сөз баянаты
Мусулмандардын башкаруучулары Америка жана яхудий түзүмү менен жанаша туруп, алардын пландарын ишке ашырууда
Яхудий түзүмү Газага, Батыш жээкке, Ливанга жана Сирияга каршы кылмыштарын улантып, каалаганын өлтүрүп, каалаган жерин бомбалап, үйлөрдү жана мекемелерди талкалап, конуштарды куруп, адамдарды өз үйлөрүндө жана жерлеринде куугунтуктап жатат. Ошол эле учурда мусулмандардын башкаруучулары шерменделик позицияларын сактап, үммөткө каршы кутумга баруу жана яхудийлердин жолундагы тоскоолдуктарды жоюу менен алектенишүүдө. Алар жаңылыктарды жеткирген жана комментарий берген байкоочу-журналисттин ролун ойношуп, агрессияны токтотууга жана кутумду бузууга сөз да айта алышпады.
Катар шейшемби күнү, 16-декабрда АКШнын Борбордук командачылыгы (СЕНТКОМ) төрагалыгы алдында кеңири эл аралык форумду өткөрдү. Ага 25тен ашык мамлекеттин өкүлдөрү катышып, Газа үчүн “туруктуулук күчү” деп аныктала турган көп улуттуу күчтү түзүүнү пландаштыруу максаты коюлду. Бул күч эл аралык оккупациялык күч болуп, яхудий түзүмүнүн коопсуздугун сактоого жана Американын планын ишке ашыруу багытталмакчы. Ал эми Батыш жээктеги басып алынган аймакта 19 конушту курууну яхудий түзүмүнүн өкмөтү жактырды. Муну болсо айыптаган билдирүү менен гана чектелишип, “эл аралык чечимдерди одоно бузуу” деп аташты.
Түркиянын президенти Эрдоган болсо яхудий түзүмү жана Трамп уруксат бериши үчүн, ошол көп улуттуу күчтөрдүн курамына түрк аскерлерин жөнөтүүгө умтулуусун улантууда. Ал Газа жана Сириядагы яхудий кылмыштарын журналисттик мүнөздөгү сөздөр менен мындай деди: “израилдин Сирияга каршы агрессивдүү аракеттери учурда бул өлкөнүн узак мөөнөттүү коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн эң чоң тоскоолдук болуп турат”. Ал эми Газа тууралуу: “Алар Хиросимага ташталган бомбадан 14 эсе көп күчкө ээ бомбалар менен Газаны талкалашты. Анда адилетсиздикти токтото алган иштеп жаткан эл аралык тартип жөнүндө кантип сөз кыла алабыз?” — деди.
Египет болсо салмагы да, ролу да жок Польша менен болгон абалды талкуулоо менен алек. Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абдельати полшалык кесиптеши Радослав Сикорский менен Газа секторунда ок атышууну токтотууну бекемдөө жана гуманитардык жардамдын жеткирилишин камсыз кылуу боюнча аракеттерди БАЭде өткөн Сыр Бани Яс форумунун алкагында талкуулады. Бул тууралуу Египет ТИМинин билдирүүсүндө айтылды.
Ал эми Иорданияга келсек, анын тышкы иштер министри Айман ас-Сафади болуп жаткан окуяларды айыптоо жана четке кагуу, ошондой эле «эки мамлекет чечимин» талап кылуу менен гана чектелди. Ал дүйшөмбү күнү Батыш жээктеги басылып алынган аймакта коркунучтуу эскалацияны жана баскынчы түзүмдүн мыйзамсыз чараларын токтотуу, Иерусалимде жана анын ыйык жайларында тарыхый жана укуктук статус-квого каршы уланып жаткан бузукулуктарды токтотуу зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле туруктуулукка жетишүүнү 1967-жылдын 4-июнундагы чек аралардын негизинде, борбору Чыгыш Иерусалим болгон, эгемен Палестина мамлекетин жүзөгө ашыруучу ачык саясий келечекке байланыштыруу керектигин, эл аралык легитимдүүлүк чечимдерине жана Араб тынчтык демилгесине ылайык экенин айтты.
Ал эми Ислам кызматташтык уюму, Араб мамлекеттеринин лигасы жана Африка биримдигинин комиссиясы Жидда шаарында Ислам кызматташтык уюмунун штаб-квартирасында шейшемби күнү өткөн кеңешме жыйында кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө эл аралык коомчулукту баскынчы түзүмдү бардык кыргындары жана кылмыштары үчүн жоопко тартууну камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүгө, аны улуттук, аймактык жана эл аралык соттордо, айрыкча Эл аралык кылмыш сотунда жана Эл аралык адилет сотунда жоопко тартууга, жазасыз калуу абалын жоюуга жана Палестина элине эл аралык коргоону камсыздоого чакырды.
Ошентип, мусулмандардын башкаруучулары яхудий түзүмү жана Трамп менен жанаша туруп, алардын пландарын ишке ашырып берүүгө жана кылмыштарын жаап-жашырууга аракет кылып жатканын көрөбүз. Ошол эле учурда алар яхудий түзүмүнүн кылмыштарына карата айыптоо жана журналисттик сүрөттөмө сөздөр менен гана чектелишет. Бул коомдук пикирди уктатуучу укол сыяктуу, акылдар ой жүгүртүп, куткарылуу жолун табып кетпесин деген коркуу менен жасалууда.
Яхудий түзүмүнүн агрессиясына жана Трамптын пландарына каршы туруу — баскынчы долбоорлорду өткөрүү же эл аралык институттар жана легитимдүүлүк аркылуу «чатакты жөнгө салууга» аракет кылуу менен болбойт. Анткени бул институттар мурда да, азыр да баскынчылыктын таянычы болуп келген. Яхудий түзүмүнүн агрессиясы жана текебердигине айыптоо, нааразылык жана журналисттик сүрөттөмө сөздөр жарашпайт. Палестинаны бошотуу, Ливанды, Сирияны жана аймактагы башка өлкөлөрдү яхудий түзүмүнүн жамандыктарынан арылтуу үчүн аскерлерди кыймылга келтирүү зарыл. Болбосо, үммөттүн каны төгүлө берет, ал эми яхудий түзүмүнүн жана Трамптын текебердиги улам күчөй берет.
Аллах Таала айтат:
﴿قَاتِلُوهُمْ يُعَذِّبْهُمُ اللّهُ بِأَيْدِيكُمْ وَيُخْزِهِمْ وَيَنصُرْكُمْ عَلَيْهِمْ وَيَشْفِ صُدُورَ قَوْمٍ مُّؤْمِنِينَ﴾
“Алар менен согушкула, (ошоңдо) Алла аларды силердин колуңар менет азаптайт, кор кылат жана силерди алардын үсгүнөн женишке ээ кылат, ошондой эле момун коомдун дилдерин кандырьш, көңүлдөрүндөгү кам-кайгыны кетирет”. (Тообо: 14).
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
19.12.25




