Мусулман – бул – анын тилинен жана колунан башка мусулмандар зыян тартпаган адам

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Мусулман – бул – анын тилинен жана колунан башка мусулмандар зыян тартпаган адам
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Бул тууралуу Сахих аль-Бухаринин шархы Ибн Хажар аль-Аскаланинин “Фатх аль-Бари” китебинде, “Мусулман – бул- анын тилинен жана колунан башка мусулмандар зыян тартпаган адам” деген бөлүмдө айтылат:
حدثنا آدم بن أبي إياس قال: حدثنا شعبة عن عبد الله بن أبي السفر وإسماعيل بن أبي خالد عن الشعبي عن عبد الله بن عمرو رضي الله عنهما عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: ” المسلم من سلم المسلمون من لسانه ويده، والمهاجر من هجر ما نهى الله عنه
Бизге Адам бин Абу Ийас Абдулла бин Амрдан риваят кылды. Пайгамбар (ага Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) айтты: “Мусулман – бул тили жана колунан башка мусулмандар зыян тартпаган адам, ал эми мухаажир – бул Аллах тыюу салган нерсени таштаган адам”.
Урматтуу бир туугандар:
Бул хадисте мусулман кандай абалда болушу керектиги баяндалгандыктан, анын көптөгөн жакшылыктары бар экени шексиз. Бирок, айрым мусулмандар, ал тургай, спутниктик каналдарда миллиондогон адамдарга кайрылган айрым аалымдар бул хадиске кызыктай жана таң калычтуу мамиле кылышат. Мусулмандардын каны, айрыкча Шамда дарыядай агып жатканда, Бул аалымдардан айрымдары чыгып, ушул тилде жана диалектте сүйлөшөт: Мусулман – бул тилинен жана колунан башка мусулмандар зыян тартпаган адам, ал эми Ислам дини – сабырдуулуктун жана ырайымдуулуктун дини ж.б… Каапыр Батыш биздин жерлерибизде жасаган кылмыштарга карабастан, толеранттуулук жөнүндө кандай сөз болуп жатат? Түздөн-түз каапыр батыш өзү же анын малай мусулман акимдери аркылуубу, же эртели кеч мусулмандардын канына колу малынып жаткан жөөттөр менен кандай тынчтыкты талап кылып жатышат? Бирок, биз мусулмандардын каны төгүлүп жатканда, Исламдагы саясий жана экономикалык системанын өкүмдөрүн айтпай, айрым ибадаттарды гана талкуулоо мезгили өтүп кетти деп айтабыз. Мусулмандар ачкадан өлүп жатканда аскетизм жөнүндө сүйлөө убакытысы өттү. Аллах түшүргөндөн башка жол менен башкарган башкаруучуга баш ийүү жөнүндө сүйлөө мезгили өттү. Каракчы аким жана анын тобу үммөттүн байлыгын талап-тоноп, өлкө алардын эзүүсү менен зулумдугунан жапа чегүүсүнүн акыры жакындап калды деп айтабыз. Бүгүн үммөт өз жолун тапты, динин түшүндү жана бул алдамчылыкка мындан ары алданбайт. Бул революциялар биз айтып жаткан нерселердин эң жакшы далили. Ошондуктан, ушул сыяктуу аалымдар, ал тургай, бул Куранды жашоо чындыгына кайтаруу үчүн амал кылып жаткандардын катарына кошула электер да Аллахка тообо кылып, андан коркуулары керек. Алар азыр, дароо аракет кылууга шашылышсын, анткени бул, Аллахка ант болсун бул дүйнө үчүн да, акырет үчүн эң жакшы амал. Болбосо, алар чоң күнөөгө батышат. Оо, Аллахым, бизге Сенин мыйзамыңды жер бетинде өзүң каалагандай орнотууга мүмкүнчүлүк бер. Оомийин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 18-ражаб.
2026-ж, 7-январь.
