Макала
Trending

Муфтияттын чакырыгы угулду, бирок аны ким аткарат?

Муфтияттын чакырыгы угулду, бирок аны ким аткарат?

Кыргызстандын муфтийи Абдулазиз кары Закиров берекелүү Ражаб, Шаабан жана Рамазан айларынын кирип келишине карата жасаган жумалык кайрылуусунда базардагы алып-сатарлыкты, монополияны жана негизги керектелүүчү товарлардын баасын негизсиз көтөрүүнү айыптады. Ал, өзгөчө экономикалык кыйынчылык учурунда ашыкча пайда табууга умтулуу шарият ченемдерине карама-каршы келерин, бул Куранда да, Мухаммад пайгамбардын ﷺ хадистеринде да айыпталарын баса белгиледи. Муфтий, Ислам соода кылууга жана пайда табууга уруксат берерин, бирок ал адилеттүүлүк, чынчылдык жана коом алдындагы жоопкерчилик алкагында гана болушу керектигин эскертти. Ошондой эле, эгер баалардын өсүшү табигый себептерден эмес, сатуучулардын ач көздүгүнөн улам келип чыкса, мамлекет бул маселеге кийлигишүүгө милдеттүү экенин эске салды.

Албетте, мындай кайрылуу коомдун адеп-ахлагы үчүн маанилүү жана исламдын социалдык багытты да камтый турганын көрсөтүүдө. Бирок, исламдын турмуштан четтетилгендиги, жада калса хадис-аяттар менен бекемделген хутбалар болсо да, алар терең системалык жана экономикалык укуктарда аша чабууларды ооздуктоого жетишсиз экенин ачыктоодо. Тилекке каршы, муфтият диний институт катары, аткаруу бийлигинин куралдарына ээ эмес жана рынокту көзөмөлдөөгө, монополияны ооздуктоого же алып-сатарларды жазалоого мүмкүнчүлүгү жок. Бул ыйгарым укуктар, анын жоопкерчилигинен тышкары жана муфтиятка карабайт.

Ошондуктан, мамлекеттик көзөмөл, бааларды жөнгө салуу, монополияга каршы саясат жана укуктук аша-чабуулар үчүн жоопкерчилик сыяктуу реалдуу административдик чараларсыз, мындай чакырыктар Аллахтан корккон коомдун бир бөлүгүнө гана таасир этет. Ал эми, пайданы тез көбөйтүүнү гана көздөгөндөргө, бул кайрылуу керектүү деңгээлде таасир бере албайт. Демек, бул хутба соодагерлерге олуттуу таасир тийгизбейт жана коом капитализмдин ишке ашырылышынын натыйжаларын мындан ары да көрө берет.

Ошол эле учурда, муфтийдин кайрылуусу, Ислам бир гана ибадат (сыйынуу) маселелери менен чектелет деген кеңири таралган түшүнүктү ачык жокко чыгарууда. Тескерисинче, Ислам, экономиканы билим берүү, саясат жана социалдык адилеттүүлүктү коомдук жашоонун негизги тармактарынын бири катары карайт. Шариятта, коомду экономикалык зулумдан жана баалардын жасалма өсүшүнөн коргоо – бул тек гана жеке адеп-ахлактын маселеси эмес, тагыраагы бийликтин түздөн-түз милдети экени так белгиленген.

Демек, көйгөй Исламий көз караштын жоктугунда эмес, анын толук ишке ашырылбай жаткандыгында болууда. Ислам – мамлекетин, коомдун жана жеке инсандын көйгөйлөрүн чече ала турган толук кандуу система. Ислам түзүмүндө, адеп-ахлактык принциптер институттук жана административдик механизмдер менен бекемделет. Андыктан, Ислам толук түрдө иш-жүзүнө ашырылбаса, мындай адеп-ахлактык чакырыктар тууралыгына карабастан, натыйжасыз бойдон кала берет!

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button