Фикхий

Муъжиза жана караматтар тууралуу

Муъжиза жана караматтар тууралуу

Суроо: Муъжизаадаттан тыш болгон иш жана ал пайгамбарлар менен элчилерге гана берилет. Бирок көп учурда аалымдар (карамат) деген сөздү айтып, аны ар кандай аныктамалар менен түшүндүрүшөт жана көптөгөн аяттар жана хадистер менен далилдөөгө аракет кылышат. Ошондо суроо туулат: карамат деген нерсе чындап барбы же жокпу? Эгер бар болсо, бул маселе боюнча жетиштүү түшүндүрмө берилишин каалайбыз. Эгер жок болсо, анда мисалы Үңкүр ээлеринин (Ахлул-Кахф), ошондой эле ухдуд (чуңкур) ээлеринин окуяларын, Умар ибн ал-Хаттабдын: «Эй, Сария, тоону көздө!» деген сөзүн, ошондой эле Саъд ибн Абу Ваккастын Дижла дарыясы тууралуу окуясын жана ушул сыяктуу көптөгөн мисалдарды кантип түшүндүрөбүз?

Жооп:

  1. Аллах Таала адам, аалам жана тирүүлүктү белгилүү мыйзамдар жана касиеттер менен жараткан. Адам баласы бул мыйзамдарды өзгөртүп да, бузуп өтө да албайт:

﴿لَا الشَّمْسُ يَنْبَغِي لَهَا أَنْ تُدْرِكَ الْقَمَرَ وَلَا اللَّيْلُ سَابِقُ النَّهَارِ وَكُلٌّ فِي فَلَكٍ يَسْبَحُونَ﴾

«Күн үчүн айга жетүү мүмкүн болбойт жана түн да күндүздөн ашып кете албайт. (Күн, ай жана жылдыздардын) бардыгы асман мейкиндигинде сүзүп жүрүшөт (учуп жүрүшөт)». (Йа Син: 40).

﴿وَفِي الْأَرْضِ آَيَاتٌ لِلْمُوقِنِينَ * وَفِي أَنْفُسِكُمْ أَفَلَا تُبْصِرُونَ﴾

«(Эй инсандар), жерде (андагы тоо таштар жана өрөөн-капчыгайларда, деңиздер жана дарыяларда, айбанат жана өсүмдүк ааламында), дагы өзүңөрдө (ушул тирүүлүккө келип-кетишиңерден тартып, ичиңердеги ар-бир мүчөңөрдө балким ар-бир хужайраңардын – түпкүлүгүңөрдүн канчалык назик тартип менен жаратылып, өз ордуна жайланыштырылганында, жана өз мойнундагы Жараткан буюрган тапшырманы, кулак какпастан аткарып барышында) Аллага ишенүүчү заттар үчүн (Алланын кудуретине далалат кыла турган) аят – белгилер бар. Акыры көрбөйсүңөрбү?!» (Зарият: 20–21).

﴿هُوَ الَّذِي جَعَلَ الشَّمْسَ ضِيَاءً وَالْقَمَرَ نُورًا وَقَدَّرَهُ مَنَازِلَ لِتَعْلَمُوا عَدَدَ السِّنِينَ وَالْحِسَابَ مَا خَلَقَ اللَّهُ ذَلِكَ إِلَّا بِالْحَقِّ يُفَصِّلُ الْآَيَاتِ لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ * إِنَّ فِي اخْتِلَافِ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ وَمَا خَلَقَ اللَّهُ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ لَآَيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَّقُونَ﴾

«Ал (Алла) Күндү нур чачуучу, айды жарык берүүчү кылган жана силер жылдардын санагын жана (убакыттардын) эсебин билишиңер үчүн аны (тактап айтканда, айды бир канча) орундарга бөлүп койгон Зат. Эч шек-күмөнсүз, Алла бул (барлык-ааламды) чыныгы (мыйзам жана максат) менен жаратты. Ал Зат биле турган коом үчүн Өз аяттарын иреттүү баян кылат. Албетте түн менен күндүн алмашып турушунда, ошондой эле Алла асмандар жана Жерде жаратып койгон нерселерде Алладан корко турган коом үчүн аят-белгилер бар». (Юнус: 5–6).

﴿إِنَّا زَيَّنَّا السَّمَاءَ الدُّنْيَا بِزِينَةٍ الْكَوَاكِبِ﴾

«Чындыгында, бул дүйнөнүн асманын жылдыздар менен кооздоп койдук». (Саффат: 6).

﴿وَلَقَدْ جَعَلْنَا فِي السَّمَاءِ بُرُوجًا وَزَيَّنَّاهَا لِلنَّاظِرِينَ﴾

«Акыйкатта, Биз асманда жылдыздар түркүмүн жараттык жана кароочулар үчүн аны (жылдыздар менен) кооздоп койдук». (Хижр: 16).

Жана башка аяттар да бар.

  1. Аллах Таала макулуктарды, аларга берилген табигый мүмкүнчүлүктөргө ылайык жашоого ыңгайлаштырды. Адам денеси менен куш сыяктуу абада уча албайт, деңиз жаныбарлары сыяктуу сууда баса албайт. Ал кургактыкта эки буту менен жашайт. Ошондуктан бул мыйзамды бузуп, буту менен сууда баса да, абада уча да албайт…

﴿وَمَا مِنْ دَابَّةٍ فِي الْأَرْضِ وَلَا طَائِرٍ يَطِيرُ بِجَنَاحَيْهِ إِلَّا أُمَمٌ أَمْثَالُكُمْ مَا فَرَّطْنَا فِي الْكِتَابِ مِنْ شَيْءٍ ثُمَّ إِلَى رَبِّهِمْ يُحْشَرُونَ﴾

«Жерде сойлоп жүргөн ар бир жаныбар, асманда канаттары менен учкан ар бир куш да силер сыяктуу (Биздин кол астыбыздагы) жамаат-топтор. Китепте (тагдыр китебинде) бир да нерсени койбой жазганбыз. Кийин бардыгы Раббисинин алдында жыйналышат». (Анъам: 38).

﴿وَاللَّهُ خَلَقَ كُلَّ دَابَّةٍ مِنْ مَاءٍ فَمِنْهُمْ مَنْ يَمْشِي عَلَى بَطْنِهِ وَمِنْهُمْ مَنْ يَمْشِي عَلَى رِجْلَيْنِ وَمِنْهُمْ مَنْ يَمْشِي عَلَى أَرْبَعٍ يَخْلُقُ اللَّهُ مَا يَشَاءُ إِنَّ اللَّهَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ﴾

«Алла бардык жаныбарларды суудан жаратты. Алардын курсагы менен (сүйрөлүп) жүрө тургандары да бар, эки буттап жүрө тургандары да бар, төрт (буттап) жүрө тургандары да бар. Алла Өзү каалаган нерсени жаратат. Албетте Алла бардык нерсеге кудуреттүү». (Нур: 45).

  1. Ошондой эле Аллах Таала нерселерге алар ашып өтө албаган касиеттерди салган. Мисалы, от от болуп турган учурда күйгүзөт, Аллах ага берген күйгүзүү касиетин Аллах Таала Өзү аны жок кылбаса эле, аны эч ким жокко чыгара албайт. Аллах Таала Ибрахим алайхис-саламды оттон куткарганда, андан күйгүзүү касиетин алып салган. Аллах Таала айтты:

{قُلْنَا يَا نَارُ كُونِي بَرْدًا وَسَلَامًا عَلَى إِبْرَاهِيمَ}

«Биз айттык: Эй, от, сен Ибрахим үчүн салкын жана аман бол!» (Анбия: 69).

Ушундай эле касиеттер башка заттарда да бар.

Андан соң Аллах Таала бул ааламды бизге табигый жана мыйзамдуу шарттарына ылайык жашашыбыз үчүн баш ийдирип берген. Бул мыйзамдардын кандайдыр бир бузулушу ушул баш ийдирүүгө каршы келет. Анткени муну кылууга бир гана Аллах Таала кудуреттүү. Эгер Аллах Таала бул мыйзамдардын убактылуу токтотулушу тууралуу бизге кабар берсе, биз ага ыйман келтиребиз, ал эми Аллах Таала бизге кабар бербесе, анда ал ааламдын бизге баш ийдирилип берилишинин алкагында калат.

{وَهُوَ الَّذِي سَخَّرَ الْبَحْرَ لِتَأْكُلُوا مِنْهُ لَحْمًا طَرِيًّا وَتَسْتَخْرِجُوا مِنْهُ حِلْيَةً تَلْبَسُونَهَا وَتَرَى الْفُلْكَ مَوَاخِرَ فِيهِ وَلِتَبْتَغُوا مِنْ فَضْلِهِ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ}

«Ал силер жаңы эт (атап айтканда, балык этин) жешиңер жана тагына турган тагынчактарды таап алып чыгууңар алууңар үчүн (силерге) деңизди да моюн сундуруп койгон Зат. Сен анда (сууну) жарып бара жаткан кемелерди көрөсүң. Ал Заттын берешен жоомарттыгынан (ырыскы) тилешиңер жана (берген нематтарына) шүгүр кылышыңар үчүн (силерге деңиздерди моюн сундуруп койду)». (Нахл: 14).

{أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ سَخَّرَ لَكُمْ مَا فِي الْأَرْضِ وَالْفُلْكَ تَجْرِي فِي الْبَحْرِ بِأَمْرِهِ وَيُمْسِكُ السَّمَاءَ أَنْ تَقَعَ عَلَى الْأَرْضِ إِلَّا بِإِذْنِهِ إِنَّ اللَّهَ بِالنَّاسِ لَرَءُوفٌ رَحِيمٌ}

«Алла силерге Жердеги нерселерди жана деңизде Анын амири менен сүзүп бара жаткан кемелерди моюн сундуруп койгонун, ошондой эле Өзү асмандан Жерге кулап түшүүсүнөн кармап турушун, бирок (асман) Анын ыктыяры менен гана (кулашы мүмкүн экендигин) көрбөдүңөрбү?! Чындыгында, Алла адамдарга мээримдүү жана ырайымдуу». (Хаж: 65).

{أَلَمْ تَرَوْا أَنَّ اللَّهَ سَخَّرَ لَكُمْ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَأَسْبَغَ عَلَيْكُمْ نِعَمَهُ ظَاهِرَةً وَبَاطِنَةً وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يُجَادِلُ فِي اللَّهِ بِغَيْرِ عِلْمٍ وَلَا هُدًى وَلَا كِتَابٍ مُنِيرٍ}

«(Эй инсандар) Алла асмандардагы жана Жердеги бардык нерселерди силерге моюн сундуруп койгонун, силерге бардык тышкы жана ички нематтарды толук кылып бергенин көрбөдүңөрбү? Адамдардын арасында ушундай кимселер да бар, алар өздөрү билбей, Туура Жол таппай жана жаркын Китеп – далилге ээ болбой туруп Алла туурасында талаш – тартыш кылышат». (Лукман: 20).

{وَالشَّمْسَ وَالْقَمَرَ وَالنُّجُومَ مُسَخَّرَاتٍ بِأَمْرِهِ أَلَا لَهُ الْخَلْقُ وَالْأَمْرُ تَبَارَكَ اللَّهُ رَبُّ الْعَالَمِينَ}

«Ал күн, ай жана жылдыздарды өз амирине моюн сундурулган абалда (жараткан). Байкагыла, жаратуу жана буйруу Ага гана таандык. Бардык ааламдардын Раббиси – Алла улук». (Аъраф: 54).

{وَسَخَّرَ لَكُمُ الْفُلْكَ لِتَجْرِيَ فِي الْبَحْرِ بِأَمْرِهِ وَسَخَّرَ لَكُمُ الْأَنْهَارَ * وَسَخَّرَ لَكُمُ الشَّمْسَ وَالْقَمَرَ دَائِبَيْنِ وَسَخَّرَ لَكُمُ اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ}

«Ал Өз амири менен деңизде сүзүп жүрүшү үчүн кемелерди силерге моюн сундурду. Ошондой эле дарыяларды да силерге моюн сундурду. Ал ар дайым айланып туруучу күн жана айды да силер үчүн моюн сундурду (тактап айтканда силер жакшы жашашыңар үчүн тартип-эрежеге салып койду). Дагы түн менен күндүздү силер үчүн моюн сундурду». (Ибрахим: 32-33).

  1. Аллах Таала элчилерди жиберип, алардын пайгамбарлык миссиясынын чындыгын далилдөө үчүн аларды муъжизалар менен, башкача айтканда, адаттан тыш көрүнүштөр менен колдоду. Аллах Таала кээ бир мыйзамдарды токтотуп, аларды Өз элчилеринин колу аркылуу ишке ашырат. Бул — Аллах тарабынан жиберилген пайгамбар экенине ыйман келтирүү үчүн, адамдарга чакырык болуп, мындай адаттан тыш иштер кимдин колунда көрүнсө, ал пайгамбар болот.

Ошентип, Аллах Таала катуу таякты чыныгы тирүү жыланга айландырды; бул адамдардын көзүнө гана көрүнгөн сыйкыр сыяктуу эмес эле. Ошондуктан сыйкырчылар таяктын чындап тирүү болуп калганын көргөндө, Муса алайхис-саламдын Аллах — ааламдардын Раббиси тарабынан жиберилген пайгамбар экенине биринчи болуп ыйман келтиришти. Анткени алар мындай адаттан тыш бузулууну адам баласы жасай албасын түшүнүштү. Ушундай эле адаттан тыш көрүнүш — Муса алайхис-саламдын өзү жана эли менен суунун үстү менен жүрүп, деңизди кесип өтүшү. Ошондой эле Иса алайхис-саламдын өлгөндөрдү тирилтиши. Ошондой эле Аллахтын Элчиси ﷺ  арабдар жаратпаган, жарата да албаган араб тилиндеги сөздөрдү сүйлөшү. Элчилер жана пайгамбарлар аркылуу болгон муъжизалар — белгилүү нерселер, жана алардын далилдери да белгилүү.

  1. Ал эми адамдар пайгамбарлар менен элчилерден башка адамдар үчүн “карамат” деп атап жүргөн нерсе, бул — Аллах Тааланын Өз пенделеринин бирине белгилүү бир иште өзгөчө көзгө урунган түрдө ийгилик (тавфик) бериши. Бул ийгилик адаттан тыш, башкача айтканда ааламдын мыйзамдарына каршы болушу мүмкүн же адаттан тыш болбостон, бул ийгиликтин күчтүүлүгүнөн адамга ошондой көрүнүшү да мүмкүн.

Эгер ал адаттан тыш болсо, анда Аллах Таала бизге ал тууралуу сөзсүз кабар берет. Анткени насстар ааламдын адам үчүн баш ийдирилиши жалпы түрдө, башкача айтканда ааламдын мыйзамдарынын алкагында экенин билдирет. Демек, белгилүү бир учурда бул баш ийдирүүнү жокко чыгаруу, башкача айтканда аалам мыйзамдарын өзгөчө бир абалда бузуу — атайын белгиленген нассты талап кылат.

Эгер Аллах Таала бул пендесине берилген ийгилик адаттан тыш экенин билдирген насс келген болсо, биз ага ыйман келтиребиз. Ал эми адатты бузуу тууралуу насс болбосо, анда бул Аллах Таала жараткан аалам мыйзамдарынын алкагындагы жөн гана Аллахтан берилген ийгилик болуп эсептелет.

Ошондуктан Марьям алайхас-саламга өз убагынан тыш жана эч ким алып келбестен келип турган ырыскы — адаттан тыш ырыскы болгон. Биз буга ыйман келтиребиз, анткени Аллах Таала бул тууралуу Өзү кабар берген:

{كُلَّمَا دَخَلَ عَلَيْهَا زَكَرِيَّا الْمِحْرَابَ وَجَدَ عِنْدَهَا رِزْقًا قَالَ يَا مَرْيَمُ أَنَّى لَكِ هَذَا قَالَتْ هُوَ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ إِنَّ اللَّهَ يَرْزُقُ مَنْ يَشَاءُ بِغَيْرِ حِسَابٍ}

«Ар дайым Закария (Мариямдын) жанына-үжүрөгө киргенде анын алдында бир ырыскы-үлүштү көрчү. Ал: «Эй Мариям, бул нерселер сага кайдан келди?»деп сураганда, (Мариям) жооп кылды: «Булар Алланын даргөйүнөн. Албетте Алла өзү каалаган кишисине эсепсиз ырыскы берет». (Мариям: 37).

Ошондой эле Китепте жана Сүннөттө пайгамбарлар менен элчилерден башка адамдарга байланыштуу адаттан тыш окуялар тууралуу келген насс бар болсо, биз аларга өз маңызына жараша ыйман келтиребиз. Башкача айтканда, эгер алар катъий түрдө жеткен болсо (قطعي الثبوت) жана далалат кылуусу катъий (قطعي الدلالة) болсо — анык түрдө ишенебиз; эгер жетүүсү жана  далалат кылуусу катъий болбосо — анык эмес түрдө ишенүү менен кабыл алабыз.

Мына ушундайча сен айткан адаттан тыш окуяларга жооп берилет. Мисалы, Үңкүр ээлеринин окуясы, Ухдуд ээлеринин окуясы, Марьям алайхас-саламдын окуясы жана башкалар. Булардын баары Куранда келгендиктен, биз аларга ыйман келтиребиз.

Ал эми Пайгамбарыбыз ﷺ  дүйнөдөн өткөндөн кийин, риваят кылынган жаңы насстар токтогон. Мындан тышкары, сахабалардын ижмасы гана бар — ал Пайгамбарыбыз ﷺдан уккан, бирок риваят кылбаган далилди ачып берет. Ошондой эле Пайгамбарыбыз ﷺ  өз өмүрүндө айрым сахабаларды ысымдары менен атап, алардын колунан белгилүү сөздөр же иштер чыгып, бул иштер адаттан тыш ийгилик менен аткарыларын мактаган хадистер бар. Эгер белгилүү адамдар тууралуу белгилүү шарттарда алардан чыккан сөздөр же иштер адаттан тыш экенин билдирген насстар болсо, анда биз аларды да өз деңгээлине жараша — катъий же катъий эмес түрдө — кабыл алабыз.

Ал эми Китепте жана Сүннөттө конкреттүү адамдарга карата эч кандай насс жок туруп, айрым мусулмандардын колунан чыккан башка иштерге жана сөздөргө келсек, алардын бардыгы адаттан тыш эмес. Алар аалам мыйзамдарынын алкагында болот жана бул — Аллах Тааланын такыба пенделерине иштеринде ийгилик берүү, душмандардын жамандыгынан сактоо жана ушул сыяктуу Аллахтан болгон жардам гана.

  1. Ал эми Умар разияллоху анхунун тилинен чыккан «Эй Сария, тоого (барып жашынгыла)!» деген сөзгө жана Аллах Таала аны ошол жоокерлерге жеткирип, алардын душманын жеңишине себеп кылганына келсек, анда Пайгамбар ﷺ Умар тууралуу Абу Дауд Абу Зарр разияллоху анху аркылуу риваят кылган хадисте мындай дегенин укканбыз:

«سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ إِنَّ اللَّهَ وَضَعَ الْحَقَّ عَلَى لِسَانِ عُمَرَ يَقُولُ بِهِ».

«Мен Аллахтын Элчисинин  мындай деп айтканын уктум: Чынында Аллах чындыкты Умардын тилине салган, ал ошол чындык менен сүйлөйт».

 Тирмизи Ибн Умар разияллоху анху аркылуу Пайгамбар ﷺ  мындай дегенин риваят кылган:

«إِنَّ اللَّهَ جَعَلَ الْحَقَّ عَلَى لِسَانِ عُمَرَ وَقَلْبِهِ».

«Чынында Аллах чындыкты Умардын тилине жана жүрөгүнө салып койгон».

Ошондой эле Имам Ахмад Ибн Умар رضي الله عنه аркылуу Пайгамбар ﷺ  мындай дегенин риваят кылган:

«إِنَّ اللَّهَ تَعَالَى جَعَلَ الْحَقَّ عَلَى لِسَانِ عُمَرَ وَقَلْبِهِ».

«Чынында Аллах чындыкты Умардын тилине жана жүрөгүнө салып койгон».

Ошондуктан биз ушул хадистерге таянып, Умар разияллоху анхунун «Эй Сария, тоого!» деген сөзүн өз маңызы менен кабыл алабыз жана риваяттын далилдүүлүгүнө жараша аны бекем (жазим) ишеним менен же бекем эмес түрдө тастыктайбыз. Бул — жогоруда айтылган Пайгамбар ﷺдын хадистерине негизделет.

  1. Ал эми Саъд ибн Абу Ваккас разияллоху анху тууралуу дарыядан өтүү окуясына келсек, биз аны да риваяттын далилдүүлүгүнө жараша, бекем же бекем эмес түрдө өз маанисине жараша кабыл алабыз. Анткени Пайгамбар ﷺ Саъдды өзүнүн жеке аты менен мактаган. Имам Ахмад «Муснадында» Абдуллах ибн Амр разияллоху анху аркылуу риваят кылган хадисте Пайгамбар ﷺ мындай деген:

«Бул эшиктен биринчи болуп кирген адам, Жаннат ээлеринен болгон адам», — деди. Ошондо Саъд ибн Абу Ваккас кирди.

«أَوَّلُ مَنْ يَدْخُلُ مِنْ هَذَا الْبَابِ رَجُلٌ مِنْ أَهْلِ الْجَنَّةِ فَدَخَلَ سَعْدُ بْنُ أَبِي وَقَّاصٍ».

Ошондой эле Ибн Хиббан Ибн Умар разияллоху анху аркылуу мындай деп риваят кылган:

«كنا قعودا عند رسول الله صلى الله عليه وسلم، قال: يدخل عليكم من ذا الباب رجل من أهل الجنة، قال: فإذا سعد بن أبي وقاص قد طلع».

«Биз Аллахтын Элчисинин  жанында отурган элек. Ал айтты: “Бул эшиктен силерге Жаннат ээлеринен болгон бир адам кирет”. Анан Саъд ибн Абу Ваккас  кирип келди».

Мындан тышкары, Пайгамбар ﷺ Аллах Тааладан Саъддын дубасын кабыл кылышын тилеген. Бул хадис Хакимдин «Мустадрак» эмгегинде, Байхакинин «Далаил ан-нубуввасында» жана Ибн Хиббандын жыйнагында Кайс ибн Аби Хазим аркылуу риваят кылынган. Анда Саъд разияллоху анху мындай дейт:

«قال لي رسول الله صلى الله عليه وسلم: اللهم استجب له إذا دعاك».

Аллахтын Элчиси  мага мындай деди: «Оо, Аллах! Ал Сага дуба кылганда, анын дубасын кабыл кыл».

Ал эми Хаким бул хадис тууралуу: «Бул хадистин иснады сахих», — деген.

Мадаинди фатх кылуу маалында дарыядан өтүү риваятына келсек, анда Саъд разияллоху анху жоокерлерди чогултуп, мындай деген:

«Менин пикиримде, силерди дүйнө оруп кетүүдөн мурда душман менен жихад кылуу керек. Мен бул деңизди кесип өтүп, аларга барууну чечтим».

Андан соң Аллах Тааладан жардам сурап, жоокерлерге мындай деген:

«Айткыла: Аллахтан жардам сурайбыз жана Ага таянабыз. Бизге Аллах жетиштүү, Ал эң жакшы Жардамчы. Аллах Өз динин колдойт, Өз досуна сөзсүз жардам берет жана душманын жеңет. Күч да, кудурет да Улуу, Азим Аллахтан гана».

Андан кийин өзү өттү, эл да артынан бири-бирине кошулуп өтө баштады, алардын аттары сууда сүзүп өтүштү.

Ал эми айрым риваяттарда дарыяда мухазаттар (тайыз өтмөктөр) болгондугу айтылат, анда суу тартылган учурда аттын көкүрөгүнө чейин гана жетчү. Ал эми ташкын маалында суу абдан көтөрүлчү, айрыкча Саъд дарыяга кирип барган учурда. Балким, алар белгилүү бир тайыз жерлер аркылуу өткөн болушу мүмкүн. Ошого карабастан, Мадаинди фатх кылуу тууралуу риваяттан түшүнүлгөнү — Саъд жана жоокерлер дарыяны суусу мол абалда кечип өткөн.

Айрым риваяттарда өткөн учурда бир адам чөгүп кеткендиги да айтылат. Ибн ал-Калаби Салил ибн Зайд тууралуу мындай дейт: ал Ирак фатхтарына катышкан жана мусулмандар Дижла аркылуу Мадаинге өтүп жаткан күнү чөгүп кеткен, андан башка эч ким чөкпөгөн. Ал эми Табари өз тарыхында: мусулмандар Дижладан өтүп жатканда баары аман өткөнүн, болгону Барик уруусунан Гаргада аттуу бир адам боз атынан тайып түшкөнүн, ошондо Каъкаъ ибн Амр ага өз атын жиберип, колунан кармап өтүп кетишине жардам бергенин баяндайт

Демек, айрымдары чөгүп кеткен, айрымдары атынан тайып түшүп, Каъкаъ колунан кармап жардам берген учурлар болгон.

Бирок бардык учурларда да — бул окуя адаттан тыш болгонбу же жөндөм-ыкмага байланыштуубу — Саъддын дубасы кабыл болгондугу, анын жеңиши жана душмандын жеңилиши үчүн дуба кылгандыгы, ошондой эле Пайгамбарыбыз ﷺ Саъдды Жаннат ээлеринен деп атап, ага кабыл болгон дуба тилеп бергендиги эске алынат. Ошондуктан биз ушул хадистерге таянып, риваятты өз маңызына, анын далилдүүлүгүнө жараша бекем же бекем эмес  түрдө кабыл алабыз.

Жыйынтык:

  • Аалам адам үчүн өзүнүн мыйзамдары жана касиеттери менен баш ийдирилген.
  • Бул мыйзамдар менен касиеттердин кайсы бирин токтотуу — ааламдын адамга баш ийдирилиши тууралуу жалпы насстарды өзгөчө учур менен чектөө болуп эсептелет.
  • Ошондуктан адаттан тыш бузулууну тастыктоо үчүн насс керек.
  • Эгер насс болбосо, анда иштер Аллах жараткан табияттык мыйзамдардын алкагында жүрөт.
  • Эгер насс бар болсо, анда биз ага өз маңызына жараша ыйман келтиребиз — пайгамбарлардын муъжизалары сыяктуу, ошондой эле пайгамбарлардан башка адамдар тууралуу келген, насс менен далилденген караматтар сыяктуу.
  • Ал эми насс келбеген бардык башка учурларда — такыбалыгы канчалык жогору болбосун, мусулмандын колунан чыккан улуу жана көзгө урунган иштер адаттан тыш да, аалам мыйзамдарын бузган да болбойт. Алар — Аллах Тааланын Өз пенделерине берген ийгилик-тавфиги, иштеринде ийгиликке жеткирүүсү же душмандардын жамандыгынан сактоосу гана.

20-Жумада ал-ахир, 1430-х.

13.06.2009-ж.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button