Роя гезити

Мюнхен коопсуздук конференциясы 2026: кыйроо алдында турган эл аралык система жана жаңы тең салмактуулуктардын жаралуу мезгили

Мюнхен коопсуздук конференциясы 2026: кыйроо алдында турган эл аралык система жана жаңы тең салмактуулуктардын жаралуу мезгили

Мюнхен коопсуздук конференциясынын алтымыш экинчи жыйыны 2026-жылдын 13-февралынан 15-февралына чейин Германиянын Мюнхен шаарындагы Байеришер Хоф жана Роузвуд мейманканаларында өткөрүлдү. Бул жылкы конференция эл аралык система бурулуш учурга келген мезгилде өттү. Бул мезгилде кагылышуулар күчөп, салттуу альянстарга болгон ишеним солгундап, ири державалар ортосундагы атаандаштык өкүм сүрүүдө.

Коопсуздук жана тышкы саясат маселелерин талкуулоочу дүйнөдөгү эң көрүнүктүү форум катары бул конференция мамлекет башчыларын, чечим кабыл алуучуларды жана эксперттерди чогулткан борбордук аянтча болуп саналат. Алар анда эл аралык системанын келечеги жана анын алдында турган чакырыктар тууралуу талкуу жүргүзүшөт. Ал алтымыш жылдан ашуун убакыт ичинде эл аралык системадагы өзгөрүүлөрдү байкоо жана стратегиялык тең салмактуулуктар багыттарын өлчөө үчүн жыл сайын өтүүчү негизги жыйынга айланды. Конференцияга мамлекет жана өкмөт башчылары, коргоо жана тышкы иштер министрлери, эл аралык мекемелердин жетекчилери, ошондой эле изилдөө борборлорунун эксперттери жана технология менен коргонуу өнөр жайындагы ири компаниялардын өкүлдөрү катышат.

Бул конференцияны байкаган адам анын өтө татаал шарттарда өткөнүн көрөт. Жолугушууларга союздаштардын ортосундагы ишенимдин солгундашы, кээде толук жок болуп кетиши үстөмдүк кылды. Ошондой эле Америкадагы ички бөлүнүү жана расмий багыттын көп түрдүүлүгү ачык байкалды. Америка союздаштарына карата азыраак чабуул менен сүйлөөгө аракет кылганына карабастан, көптөгөн маселелер боюнча көз караштардын айырмасы тынчтандыруу аракеттеринен терең болуп чыкты. Бул жагдай конференцияны мурдагы жыйындардан өтө айырмалап койду.

Бул көрүнүштүн тактыгын жана анын вакыйлыкка дал келүүсүн караганда, эрежелерге негизделген эл аралык системага жарака кетиши башкы тема болгонун көрөбүз. Күн тартибинде эл аралык институттар таасирдүүлүгүнүн төмөндөшү, күч логикасынын жана таасир аймактарынын күч алышы, эл аралык укук эрежелерине болгон ишенимдин солгундашы, ошондой эле популизм менен улутчулдуктун өсүшү жана алардын эл аралык милдеттенмелерге тийгизген таасири негизги көңүл борборунда болду.

Конференциянын төрагасы Вольфганг Ишингер ачылыш сөзүндө бул ачуу вакыйлыкты төмөнкүдөй сөздөр менен билдирди: «Дүйнө болуп көрбөгөндөй баш аламандык баскычынан өтүп жатат жана эл аралык система чыныгы «кыйроо» жараянына туш болууда». Ал быйылкы баяндаманын аталышы болгон «Кыйроо алдында» деген аталыш эл аралык коопсуздукка жана мамлекеттер ортосундагы мамилелерге коркунуч туудурган олуттуу чакырыктардын көлөмүн чагылдырарын белгиледи. Бул аталыш өз ичине кризис менен кооптуулуктун бардык маанилерин камтыйт. Муну Германия канцлери Фридрих Мерц да колдоп, эл аралык системанын эрежелери кыйратылып жатканын жана мамлекеттер күч саясатына барган сайын көбүрөөк таянган жаңы баскычка кирип жатканын билдирди.

Ал эми европалык лидерлердин сөздөрү, айрыкча Франция президенти Эммануэль Макрон менен Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин билдирүүлөрү Европанын өзүн коргоо жөндөмүн күчөтүүгө жана коргонуу чечимдерин кабыл алууда көбүрөөк көз карандысыздыкка жетүүгө олуттуу багыт бар экенин көрсөттү. Макрон ачык түрдө Европанын коопсуздук архитектурасын кайрадан түзүүнү, анын ичинде ядролук коргонуу кызматташтыгын камтыган жаңы система түзүүнү сунуштады. Ал Европа мындан ары тышкы өнөктөштөргө, ал тургай көп учурларда Америка Кошмо Штаттарына да толук таяна албай турганын баса белгиледи.

Ал эми Америка багытынын өзгөрүшү тууралуу айтканда, бул өзгөрүү АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун сөзүндө айкын байкалды. Анын сөзү 2025-жылы өткөн мурунку конференцияда айтылган сөздөн кыйла айырмаланды. Ал кезде Жей Ди Вэнс европалык саясий элитаны Батыш цивилизациясынын төмөндөшү тууралуу эскертип, аларды сөз эркиндигин басмырлоодо жана массалык миграция коркунучун көз жаздымда калтырууда айыптаган эле.

Ал эми Рубионун сөзү Вашингтон Европага руханий, маданий жана саясий жактан байланыштуу экенин белгилеп, «бул цивилизацияны биргеликте коргоого» чакырык жасады. Рубио атайылап Вэнстин мурунку риторикасынан айырмаланган позицияны көрсөтүп, атмосфераны сөз жүзүндө жумшартууга аракет кылгандай көрүндү. Бирок бул жумшартуу Европага карата «трампчыл» саясаттын маңызын өзгөртпөйт. Саясат ошол эле бойдон калып, болгону сөздөрү мурдагыдай катаал эмес. Ошентсе да анын ичинде жашыруун коркутуу бар. Маселен, ал: «Эгер Европа Дональд Трамптын жолу менен жүрсө, альянс сакталат. Эгер андай болбосо, анда Европа өзүн өзү коргоого жардам бериши керек», — деп айтты.

Муну DW да «Суроо алдында турган өнөктөштүк» деген аталыштагы материалында баса белгилеп, Рубионун сөзү Атлантика океанынын эки жээгинин ортосундагы терең ажырымды ачып бергенин, ал ажырымды Мерц дагы белгилегенин айтты.

Бул маселе Европа менен болгон пикир келишпестик менен гана токтоп калган жок, тескерисинче АКШнын ички бөлүнүүсү да ачык көрүндү. Конгресс мүчөсү Александрия Окасио-Кортес Трампты Атлантикалык альянсты кыйратууда жана авторитардык доорду орнотууга аракет кылууда деп айыптады. Ал The Guardian гезити аркылуу солчул тышкы саясаттын альтернативдүү көз карашын сунуштап, Трамп менен Рубионун Американы дүйнөдөн артка тартуу аракеттери Путин үчүн Европада өз күчүн көрсөтүүгө жол ачып жатканын эскертти. Ошондой эле Калифорния штатынын губернатору Гэвин Ньюсом да бул сынга кошулуп: «Дональд Трамп убактылуу, ал үч жыл ичинде кетет» — деп билдирди.

Пикир келишпестиктер муну менен чектелбестен, курч эл аралык маселелерге да жайылды. Алардын арасында Газадагы абалга байланыштуу саясат да бар. Кая Каллас Трамп түзгөн «Тынчтык Кеңешин» сынга алып, аны жоопкерчиликтен алыс турган жеке курал катары мүнөздөдү. Ал эми Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес президент Трампты БУУнун мандатын айланып өтүүгө жана Палестина бийлигинин негизги каржылоочусу болуп эсептелген Европаны четтетүүгө аракет кылууда деп айыптады.

Муну кылдат байкаган адам Америка менен Европанын ортосундагы айырмачылыктар эми тактикалык деңгээлден өйдө көтөрүлгөнүн көрөт. Бул айырмачылыктар НАТОнун ичинде жүктөрдү бөлүштүрүү маселесине, Украинадагы согушка болгон мамилеге, Россияны токтотуу саясатынын артыкчылыктарына, ошондой эле соода саясаттарына жана бажы тарифтерине чейин жетти.

Айкын болгон нерсе, Трамп администрациясы эл аралык системанын түзүлүшүн жана эрежелерин өзүнүн жеке кызыкчылыгына ылайык өзгөртүүгө аракет кылууда. Ушунун айынан 2026-жылкы Мюнхен конференциясы Европанын стратегиялык чечимдерде көз карандысыздыкка күчтүү каалоосун чагылдырган күзгү сыяктуу болду.

Америка «пайдага негизделген бир тараптуулук» саясатына бурулуп, эл аралык институттарды четке кагып жаткан шартта, дүйнө ондогон жылдар бою үстөмдүк кылып келген тарыхый борборун жоготуп жаткан эл аралык системага күбө болууда. Ал эми Ислам үммөтү үчүн Америка менен Европанын ортосунда күтүлүп жаткан бул чоң ажырым, ошондой эле Американын ички бөлүнүүсү тарыхый мүмкүнчүлүктү бериши мүмкүн. Анткени ири державалардын өз ара кагылышууларына алаксып калышы алардын биздин аймакка бирдиктүү саясат таңуулоо мүмкүнчүлүгүн алсыратат. Ошондой эле эски эл аралык эрежелердин эскириши жаңы тең салмактуулуктардын пайда болушуна жол ачып, саясий көз карандысыздык жана ойгонуу үчүн кеңирээк мүмкүнчүлүк берет.

Балким, Батыш кызыкчылыктарынын кагылышуусу жана бул баш аламандык үстөмдүк кылган державаларды бири-бири менен алек кылып, Аллахтын каалоосу менен Ислам үммөтүнө жакшылык, кубат жана үстөмдүк алып келер. Айрыкча дүйнө адилеттүүрөөк жана тең салмактуу альтернатива издеп жаткан учурда бул абдан маанилүү.

Хасан Хамдан

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button