Намахрам аял менен жалгыз калуунун жана ага жакындашуунун арамдыгы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Намахрам аял менен жалгыз калуунун жана ага жакындашуунун арамдыгы
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Бул тууралуу Сахих Муслимдин шархы ан-Нававиде “Намахрам аял менен жалгыз калуунун жана ага жакындашуунун арамдыгы” бөлүмүндө айтылат:
حَدَّثَنَا قُتَيْبَةُ بْنُ سَعِيدٍ حَدَّثَنَا لَيْثٌ وَحَدَّثَنَا مُحَمَّدُ بْنُ رُمْحٍ أَخْبَرَنَا اللَّيْثُ عَنْ يَزِيدَ بْنِ أَبِي حَبِيبٍ، عَنْ أَبِي الْخَيْرِ عَنْ عُقْبَةَ بْنِ عَامِرٍ، أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: “إِيَّاكُمْ وَالدُّخُولَ عَلَى النِّسَاءِ فَقَالَ رَجُلٌ مِنْ الْأَنْصَار:ِ يَا رَسُولَ اللَّهِ: أَفَرَأَيْتَ الْحَمْوَ قَالَ: الْحَمْوُ الْمَوْتُ“.
Бизге Кутайба ибн Саид Укба ибн Амирден риваят кылды, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтты: “Аялдарга жакындашуудан сактангыла”. Ансарлардан бир киши: Оо, Аллахтын Элчиси, күйөөсүнүн туугандарычы (кайниси,кайнагасычы)? – деп сурады. Ал: “Кайниси – өлүм”, – деди.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): (الْحَمْوُ الْمَوْتُ) “Кайын ини – бул өлүм”, – деп айтты: Аль-Лайс ибн Саад: Кайни – бул күйөөнүн бир тууганы жана күйөөнүн туугандарынын ичинен ага окшогон адамдар”, – деген.
Тилчилер аялдын күйөөсүнүн туугандары деп , мисалы, анын агасы, иниси, жээни, бөлөсү жана башкалар эсептелээрине бир пикирге келишкен. Эки эже-сиңдилер эркектин аялынын туугандары, “кайын журт” деген сөз эки тарап үчүн тең колдонулулат.
Ал эми Пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) “кайни – өлүм” деген сөзүнө келсек, бул башкаларга караганда андан көбүрөөк коркуу сезими бар экенин билдирет. Андан жамандык болушу көбүрөөк күтүлөт, азгырык андан да чоң, анткени ал жеңесине жетүүсү, чоочун адамдарга караганда ыктымалдуу, аны менен жалгыз калууга мүмкүнчүлүгү көп. Бул жердеги “кайни” деген сөз күйөөнүн атасы менен балдарынан башка туугандарын да билдирет. Ал эми аталар менен уулдар аялына махрам (буларга нике жүрбөйт) жана алар аялы менен жалгыз калууга уруксат берилген жана алар “өлүм” деп сыпатталбайт. Тескерисинче, бул жерде иниси, агасы, жээн, таяке, анын уулу ушул сыяктуулар жөнүндө сөз болуп жатат алар махрам эмес (буларга нике жүрөт).
Адамдар бул маселеде көбүнчө жумшак болушат, бир тууганы менен аялы обочо жалгыз калууларына көңүл бурушпайт. Бул өлүм жана биз айтып өткөн себептерден улам, анткени ал чоочун адамга караганда, анын алдын алууга татыктуураак.
Ибн аль-А’раби “кайни – өлүм” деген жөнүндө мындай деген: Бул сөздү арабдар “арстан – өлүм” деген сыяктуу эле айтышат, башкача айтканда, аны менен бетме бет келүү өлүмгө дуушар болуу дегенди билдирет.
Казы мындай деди: Анын мааниси, динде аял күйөсүнүн туугандары менен обочодо калуусу азгырыкка жана кыйроого алып келет, ошондуктан ал муну өлүм менен кыйроого окшоштурган, ошондуктан бул сөз бул маселеде катаал болууну билдирүү маанисинде келген.
Урматтуу бир туугандар:
Мусулмандар дининин өкүмдөрүн түшүнүүгө убакыт келди, анткени биз бул хадисте айтылган өкүмдү сактабагандыктан келип чыккан көйгөйлөр жана кылмыштар жөнүндө көп угабыз. Канчалаган эркектер аялдары бир туугандары менен аларга кыянаттык кылып жатканын билип калып, ажырашып кетишти? Ошондон улам канчалаган эркектердин үйү талкаланып, балдары үй-жайсыз калды? Эгер кимдир бирөө менен сүйлөшүп, ага “кайни – өлүм” деген сөздү айтсаң, сен айыпталуучуга айланасың жана адамдардын көз алдында сен эң жакын адамыңды, “бир тууганыңдан” да шектенген оорулуу психикага ээ адам катары көрүнөсүң. Эгер алар сага сый мамиле кылгысы келсе, алар: “Ал чоочун эмес, мисалы, ал анын бөлөсү же ушул сыяктуу нерсе”, – дешет. Албетте, алар жасалган кылмыштарга кулак кагышпайт, анткени адамдар бул сөздөргө кайдыгер карашат. Эгерде бул хадисти сактабагандыктан кылмыш жөнүндө сөз болуп жатса, анда көйгөй аны сактабаган адамда жана хадисти түшүнгүсү келбеген оорулуу психикалык абалында. Бул кырдаалды коомдун калган бөлүгүнө жалпылаштырууга болбойт. Башкача айтканда күнөө хадисте айтылганды сактабаган адамдын өзүндө. Оо, мусулмандар, биз кайда барып калганыбызды көрдүңөрбү? Аллахтын дининен канчалык алыстап кеткенибизди көрдүңөрбү? Андан кийин кээ бир адамдар эмне үчүн биздин абалыбыз мынчалык начарлап кеткенине таң калып сурашат?
Эй мусулмандар: Биз жетип келген нерсе- Аллахтын мыйзамынан башка мыйзамдын, каапырлык жана атеизм мыйзамынын, токой мыйзамынын колдонулушунун аркасында жеткенибизде шек жок. “Колуңардан келгендин баарын ал, бирок мыйзамдын алдында көрүнүүдөн сак бол” деген токой мыйзамынын негизинде ушул абалга келдик. Ошондуктан, биз адам табиятына каршы келип, аны жок кылган бул жек көрүндү адамдар тарабынан түзүлгөн мыйзамдарды алып салуу үчүн иштешибиз керек. Бул мыйзамдарды алып салуу үчүн, аларды элдердин жашоосунун бир бөлүгүнө айланганга чейин таңуулаган башкаруучуларды алып салуу керек. Мына, башкаруучуларга каршы революциянын поезди жөнөп кетти, андыктан анын вагондорунун бирине түшпөстөн же өзүңөр үчүн орун ээлебестен орто жолдо андан чыгып кетпегиле. Ал поезд силер менен же силерсиз да алдыга жылат, андыктан эмгектин сыйлыгын текке кетирбегиле, анткени бул улуу сыйлык өмүрдө бир гана жолу келет.
Оо, Аллахым, бизди бул динди даңазалап, аны кайрадан жашоо чындыгына кайтаруу үчүн аракет кылган чынчыл эмгекчилердин катарына кош. Оо, Аллахым, аамиин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 21-ражаб.
2026-ж, 10-январь.
