Роя гезити

Нигерия жана бөлүнүү коркунучу!

Нигерия жана бөлүнүү коркунучу!

Нигерия калкынын саны боюнча Африкадагы эң ири мамлекет болуп саналат, калкы болжол менен 220 миллион адамды түзөт жана Батыш Африкада борбордук ролду ойнойт. Ошондуктан анда болгон кандай гана өзгөрүү болбосун, бүт аймакка таасир этет. Өлкөдө 250дөн ашык этностук топ бар. Алардын эң ирилери: түндүктө жашаган хауса жана фулани элдери (мусулмандар), батыштагы йорубалар (мусулмандар менен христиандардын аралаш курамы), чыгыштагы игболор (көпчүлүгү христиандар). Ушундан улам Нигерия диний, этностук жана саясий чыңалууларга өтө алсыз өлкө болуп эсептелет.

Бул өлкөнүн учурдагы вакыйлыгын түшүнүү үчүн тарыхка кайрылабыз. Британ колонизаторлук доору (1914–1960).

Британия буга чейин административдик жактан өз-өзүнчө болгон үч аймакты — түндүк, батыш жана чыгышты — бир колонияга бириктирип, аны Нигерия протекторатына айландырган. Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштар маалында көптөгөн нигериялыктар британ бийлигинин алдында жоокер катары согушка катышып, курман болушкан. Түз колониялык башкаруудан кыйыр башкарууга өтүү мезгилинде бул этапка шайкеш келген айрым саясий-агартуу кыймылдары пайда болуп, алардын башында Намди Азикиве турган. Анын атасы британ администрациясында катчы болгон. Ошондой эле Обафеми Аволово жана Ахмаду Белло сыяктуу инсандар да чыгып, Нигерия формалдуу түрдө бирдиктүү мамлекет катары көз карандысыздык алган доордо мамлекеттик ишмерлерге айланышкан. Анткени Британия ар бир аймак колониядан чыкканда, каалаган убакта козгой ала турган жаңжалдын очогун калтырып кетчү. Ошондуктан Нигерия иш жүзүндө этностук жана диний жактан бөлүнгөн бойдон калган.

Көз карандысыздыктын натыйжасында адегенде британ таажысынын алдында Нигерия королдугу түзүлүп, 1963-жылы Намди Азикивенин жетекчилиги алдында федералдык түзүлүштөгү Нигерия Республикасы жарыяланган. 1966-жылы аскерий төңкөрүш болуп, жарандык өкмөт кулатылган. Андан соң 1967-жылы түндүктүк офицерлер тарабынан каршы төңкөрүш жасалып, ошол маалда игбо тектүү генерал Одумегву Оджукву чыгыш аймагын «Биафра Республикасы» деген ат менен бөлүп чыгарын жарыялаган. Мунун артынан 1967–1970-жылдары жарандык согуш тутанып, анын натыйжасында бир миллионго жакын адам курман болгон. Согушта борбордук өкмөт жеңишке жетип, өлкө кайрадан бириктирилген.

Андан кийин 1970–1979-жылдар аралыгында аскерий төңкөрүштөр мезгили өкүм сүрүп, акырында бийлик жарандык өкмөткө өткөрүлүп берилген. 1999-жылы жарандык башкаруу кайра калыбына келип, 2023-жылы Бола Тинубу бийликке келген. Ал учурдагы президент болуп саналат. Бирок анын өкмөтү күн сайын олуттуу кризистерге туш болууда, алардын ичинен:

  • Коопсуздук жагынан: Нигериянын түндүк-чыгышында «Боко Харам» тобунун жана Батыш Африкадагы «Ислам мамлекети» уюмунун болушу. Тилекке каршы, өлкөнүн борбордук бөлүгүндө фулани малчылары менен дыйкандардын ортосунда кагылышуулар уланып келет. Ал эми батыш аймактар кылмыштуулукка, уурдоого, куралдуу каракчылыкка жана адамдарды уурдап кетүүгө толгон.
  • Экономикалык жагынан: Нигерия, айрыкча мунайга бай болгонуна карабастан, мамлекеттик коррупция өлкөнү чоң инфляцияга алып келди. 2023-жылдан бери өлкөнүн валютасы болгон найра өз наркынын жарымын жоготуп, мунун айынан өкмөт 2025-жылкы бюджеттеги тартыштыкты жабуу үчүн кошумча 1,15 триллион найра, башкача айтканда 784 миллион долларга барабар ички карыз алууга аргасыз болду. Ошого карабастан баалардын өсүүсү уланды, жашоо наркы кымбаттады, айрым кызматтардын натыйжалуулугу төмөндөдү, айрым инфраструктуралар кыйрады. Булардын баары өлкөнү алсыратып, оор абалга салды.

Колониализм, Кансыз согуш жана Американын бул өлкөнү өз үстөмдүгүнө баш ийдирүү, андан соң көзөмөлгө алып бөлүп-жаруу планы түзүлдү. Ушундай оор вакыйлыкта Нигерия үч ири аймакка бөлүнүүгө ылайыктуу абалга жетти. Ошондуктан АКШ президенти Трамп бул максатты тездетүүгө умтулуп, Нигерия «христиандарды өлтүрүүнү» же «багытталган зомбулукту» токтотпосо, аскерий кийлигишүү же жардамды токтотуу менен коркутууда. Трамп 2025-жылдын ноябрь айынын башында АКШ Нигерияны дин эркиндигин бузуп, христиандарга карата зомбулук уланууда деген негизде өзгөчө тынчсыздануу жараткан өлкөлөрдүн катарына киргизерин жарыялап, түз мааниде мындай деди: «Эгер бул улана берсе, АКШ бул кордолгон мамлекетке кирип, бул жырткычтыктарды жасаган исламчыл террористтерди толугу менен жок кылышы мүмкүн» (The Guardian, 2-ноябрь 2025).

Диний жана этностук маселелер медиа жана саясий күн тартибинде маанилүү орунду ээлегени менен, эксперттер кырдаалды жөнөкөйлөтүп, аны ислам–христиан тиреши катары гана кароодон сак болууга чакырышат.

Ошондуктан бөлүнүү коркунучу сакталууда: бул расмий сүйлөшүлгөн референдум аркылуу да, бир тараптуу бөлүнүү жарыясы аркылуу да, жарандык согуш жана узакка созулган куралдуу кагылыш аркылуу да, тышкы кийлигишүү же эл аралык басым аркылуу да болушу мүмкүн.

Бул жерде Судандын мисалындагыдай узак мөөнөттүү куралдуу жаңжал ыктымалы көбүрөөк. Анын натыйжасында башка эл аралык күчтөр четтетилип, Американын таасири таңууланат. Муну борбордук жетекчиликтин алсыздыгы андан оңой кутулууга шарт түзүшү, сырттан «кабыл алынган» куралдуу кыймылдардын болушу, ошондой эле бөлүнүүнү көздөгөн козголоңчу аймактарга кеңири элдик колдоонун бар экени бекемдейт. Бул болсо геноцидге, мамлекеттин бардык курамдык бөлүктөрүнүн толук ыдырашына жана бөлүнгөн аймактар үчүн жаңы конституциялардын кабыл алынышына алып келип, аймактагы Американын кызыкчылыктарына кызмат кылат.

Нигерия маселеси дин маселеси эмес, алар башка жерлерде да өз кызыкчылыгына кызмат кылышы үчүн мусулмандар менен христиандардын ортосунда кастык бардай көрсөтүүгө, бул иштер аркылуу мусулмандардын образын бурмалоого аракет кылышат. Чынында маселе инсаний баалуулуктарды сактай турган чыныгы камкорчунун жоктугунда. Бүгүнкү күндө мындай баалуулуктарды көтөргөн мамлекет жок: баары капиталисттик колониялык түзүмгө байланган жана пайдага жетеленет. Чечим – адамды урматтаган, айырмачылыкка карабай адамгерчилик менен мамиле кылган, адилеттүүлүк менен теңчиликти ишке ашырган мамлекетти түзүүдөн башталат.

Бул ролду аткара ала турган жалгыз түзүм — рошид Халифалык мамлекети. Ал адамдарга адилет мамиле кылып, адилеттикти орнотуп, ар кимге өз укугун берет, колониализмди толук жоёт жана адамдарды Исламдын адилеттигине киргизет. Ошондуктан аны тикелөө үчүн «Хизб ут-Тахрир» менен бирге иштөөгө шашылыңыздар жана эл аралык майдандын таразасын жана эрежелерин өзгөртүү үчүн аны өзүнүн татыктуу ордуна коюңуздар!

Устаз Набил Абдулкарим

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button