Роя гезити

Нормалдаштыруу жана инвестиция

Нормалдаштыруу жана инвестиция: Жакынкы Чыгыш аймагындагы АКШ жаңы саясатындагы эки багыт (2)

Американын Жакынкы Чыгыш аймагын инвестициялык аймакка айлантуу планы масштабдуу туруктуулукту орнотууну талап кылат. Ошондуктан “араб-израил жаңжалы” деп аталган нерсе аяктоого тийиш. Трамп мурунку президенттик мөөнөтүнөн тартып эле «Ибрахим келишимдери» деп аталган долбоорду ылдам илгерилетүүдө. Бул келишимдер аркылуу жаңжалды толугу менен бүтүрүү, аймактагы мамлекеттердин биринин артынан бири баскынчы түзүмдү таануусу көздөлгөн. Азыр аны тааныбаган мамлекеттер өтө аз калды. Расмий түрдө тааныбагандары да аны менен мамиле кыла башташты. Мисалы, Сириянын жаңы бийлиги менен баскынчы мамлекеттин ортосунда министрлер деңгээлинде жолугушуулар өтүп, соода, айыл чарба, чалгындоо жана коопсуздук тармактарында кызматташуу боюнча келишимдер түзүлсө, бул жөн гана элчи алмашуудан да жогору деңгээлдеги нормалдашуу болуп эсептелет.

Демек, баары тең акырында толук нормалдашууга жетүү үчүн жарыша аракет кылып жатышат. Бул жаңы нормалдашуунун эң коркунучтуу жери — ага шаръий мыйзамдуулук берүү аракети. Бир жагынан, сарай аалымдары фатвалары аркылуу баскынчы түзүм менен нормалдашууну жана Американын буйруктарына моюн сунууну актоого шашылууда. Экинчи жагынан, Америка, яхудий түзүмү жана саткын башкаруучулар аймактагы яхудийлерди, насараларды, мусулмандарды жана Исламдан ажырап чыккан топторду бир үммөт кылып көрсөтө турган жаңы “ибрахим динин” жайылтууда. Булардын баары пайгамбарлардын атасы Ибрахим ﷺдын балдары деп эсептелет деген негизде жүргүзүлүүдө. Ушул себептен Трамптын биринчи мөөнөтүндө кол коюлган акыркы келишимдер “Ибрахим келишимдери” деп аталган.

Ошондой эле папанын  (папалык кызматка жеткен алгачкы америкалык болуп, анын шайланышында Трамптын таасири бар деген күчтүү божомолдор айтылган) сапары да көңүл бурдурду. Ал сапарын “тынчтык” деген ураан менен атап, бул нормалдашууга түрткү берүү процессинин бир бөлүгү болду. Мындан тышкары, Ливандын президенти бул билдирүүнү кабыл алып, аны тосуп жаткан сөзүндө “ибрахимий” деген түшүнүктү үч жолу атаганы да көңүл бурарлык болду. Ал Мариям алайхассаламдын сүйүнчү күнүн “Ливандын бардык агымдары жана бардык ибрахимий диндери үчүн улуттук майрам” кылганын мактанып айтты. Ошондой эле “Ибрахимдин бардык урпактарынын ортосунда тынчтык, үмүт жана жарашуу орношуна” чакырды. Дагы: “Бул жыйын Пётрдун мураскери айланасында, Ибрахимдин бардык урпактарын, алардын ишенимдери, ыйыктыктары жана орток баалуулуктары менен бирге өкүлчүлүк кылып, бириге алат” деди. Бул билдирүүсү менен ал ибрахимий долбооруна кошулганын жарыялады.

Ал эми Ливандагы жамаат жетекчилери менен папанын жолугушуусунда Куран окуган адам “тынчтык” же “салам” деген сөздөр камтылган аяттарды тандаганы “биз да тынчтыкты каалайбыз” деген белги жөнөтүү үчүн жасалып, оор жана уят көрүнүш болду.

Демек, бүгүнкү “тынчтык” пландарынын коркунучу мурункулардан да ашып түшөт. Анткени алар согуштарды, кыйроолорду жана жаңжалдарды токтотуу зарылдыгы тууралуу сөз кылуу менен гана чектелбейт. Тескерисинче, бул тынчтык “аймактагы бардык калктын Ибрахимдин балдары катары бирге, бир турмушта жашоосу” деген аталыш алдында мыйзамдаштырылмакчы.

Бул маселени дагы да коркунучтуу кылганы — Америка жана аны менен кошо баскынчы яхудий түзүмү аймакты баскынчы түзүмгө окшош түзүлүштөргө айландырууга даярдап жатышат. Башкача айтканда, аймак майда-майда агымдык, мазхабдык же этникалык түзүлүштөргө бөлүнөт: яхудий түзүмүнүн жанында насара түзүмү, шиит түзүмү, друзи түзүмү, нусайри түзүмү, күрд түзүмү, сунний түзүмү… жана ушул сыяктуу.

Бул түзүлүштөрдү Америка өзүнүн көзөмөлүндөгү экономикалык байланыш менен бириктирет. Ал аймактык экономикалык түзүлүштүн негизги бутактарын колго алуу аркылуу үстөмдүк кылат. Илим ээлери, эмгек күчү, каржы капиталдары, керектөөчү базарлар, энергия булактары, байланыш жана транспорт тармактары, аба жана деңиз порттору, ошондой эле америкалык көп улуттуу инвестициялык компанияларга мыйзамдуу түрдө келишимдерди берүүчү расмий мекемелер. Ушундай жол менен ал аймактын экономикасын толук көзөмөлгө алат.

Ал эми учурдагы бийликтер жана кийин пайда болушу мүмкүн болгон жаңы түзүлүштөрдүн башкаруучуларынын негизги маселеси — өздөрүнүн агымдык жана топтук кызыкчылыктарын сактоо болот. Алар чек араларын кайтаруу, бири-бири менен чек ара талаштарына кирүү, башка күчтөр менен коркутуу аркылуу калкты агымдык жана мазхабдык негизде топтоо, азыркыдай эле америкалык “камкорчуга” ортомчу болууга кайрылуу менен алек болушат. Мындан тышкары, “америкалык кожоюн” башкарган кайра куруу иштеринен жаралган жумуш орундар аркылуу салыштырмалуу каржылык кеңчиликке үмүт артышат.

Америка жана анын эрке асырандысы болгон яхудий түзүмү тарыхында төңкөрүшчүл жана жихадий мүнөзгө ээ болгон мусулман көпчүлүк тиричилик үчүн чуркап, материалдык деңгээлин жакшыртууга, өнүгүү жана кайра куруу иштерине катышууга алаксып кетет деп үмүт кылат. Мунун баары “өлкөнү кайра куруу, экономикалык кубатын калыбына келтирүү жана элдер арасындагы татыктуу ордун кайтаруу” деген жалган үмүт менен жасалат.

Чындыгында болсо алар Америка түзгөн аймактык экономикалык система ичиндеги өздөрүнө белгиленген ролду гана аткарышат. Бул системада яхудий түзүмү эрке жана өзгөчө мүчө болот. Алар белгилүү окуядагыдай Сталиндин бут алдындагы тоок сыяктуу абалга түшүшөт: Сталин жүнүн жулуп, канатып, азапка салгандан кийин ыргытып берген данды чокууга шашылган тоок сыяктуу болушат. Ал бул мисалды өз бийлигинин таянычтарына элдерди кантип моюн сундуруу жана көндүрүү керектигин үйрөтүү үчүн айткан.

Бул саясатты Америка Сирия боюнча жогорку комиссары, элчи Том Баррак өзүнүн айрым журналисттердин суроолоруна берген жообунда ачык билдирген:

«Жакынкы Чыгыш деген нерсе жок… ал жерде уруулар бар, айылдар бар… Жакынкы Чыгыш мындай иштебейт, баары жеке адамдан башталат, андан соң үй-бүлө, андан соң айыл, андан соң уруу, андан соң коом, андан соң дин, акырында ушу — бул үммөттүн маңызы… 27 ар башка мамлекетти, 110 ар башка этникалык топту саясий түшүнүктөргө шайкеш кылабыз деген ишеним — бул иллюзия. Кайсы түшүнүктөр менин жана балдарымдын жашоосун жакшыртат?» Америка Ислам үммөтүнүн жүрөгү болгон ушул аймак үчүн т.а. Аксанын бешиги жана Умавий Халифалыгы менен Аюбий мамлекети орногон Шам жери, Аббасий Халифалыгы жана Салжук мамлекети орногон Ирак, мамлюктардын борбору болгон Мисир үчүн ушундай түшүнүктү каалайт. Бул аймактын калктары жихад, шарияттын үстөмдүгү, үммөттүн саясий бийлиги жана бириктирүүчү Халифалык түшүнүктөрүн артка таштап, жалгыз гана жашоо жыргалынын элесин кубалаган элдерге айланышы көздөлүүдө.

“Көп өлтүрүлдүк, көп кырылдык, көп сүргүнгө айдалдык, көп чарчадык, эми дем алып эс алууга убакыт келди!” деген сыяктуу ураандардын жайылтылышы бекеринен эмес. Чындыгында, Америка аймакта жүргүзүп жаткан план бизге дем алдырууну каалабайт. Ал бизге бир гана эшикти ачкысы келет, анын саясий, экономикалык, коопсуздук жана аскерий үстөмдүгү астында жашоо эшиги. Мунун ордуна болсо аз гана турмуш жыргалын убада кылат.

Бул долбоорун ал аймактагы режимдерге аскерий, коопсуздук жана экономикалык келишимдерди таңуулоо аркылуу ишке ашыра баштады. Акыркы мисал — Сирия мамлекетинин “терроризмге каршы” эл аралык коалицияга кириши жана коопсуздук, чалгындоо, соода жана айыл чарба тармактарында кызматташуу келишимдерин баштоосу. Муну америка-(израил)-сирия биргелешкен билдирүүсү ырастайт.

Роя гезити

Ахмад аль-Касас

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button