Нормалдаштыруу жана инвестиция: Жакынкы Чыгыш аймагындагы АКШ жаңы саясатындагы эки багыт (1)

Нормалдаштыруу жана инвестиция: Жакынкы Чыгыш аймагындагы АКШ жаңы саясатындагы эки багыт (1)
Бүгүн биз аймакта т.а. Ливанда, Палестинада, Сирияда жана Иракта ылдам жүрүп жаткан өзгөрүүлөргө күбө болуудабыз. «Акса ташкыны» операциясынан бери ири окуялар бири-бирин тездик менен алмаштырды. АКШ асырап алган яхудий түзүмү аркылуу жасаган кыргындар, кыйроолор жана кылмыштуу аракеттер; Ливанда Иран партиясынын жок кылынышы; Сирияда Иран таасиринин жоюлушу; андан соң Сирияда бийликтин «Хайат Тахрир аш-Шам» уюмуна өткөрүлүшү… Булардын баары дээрлик бир эле алкакка кирет: АКШ өзүнүн эски планын ишке ашырууга убакыт келди деп тапты. Ал планды буга чейин ар кайсы баскычтарда жүргүзүүгө аракет кылган, бирок ар дайым мүдүрүлүп, ийгиликке жетпей келген. Азыр болсо мүмкүнчүлүк жетилди деп эсептөөдө. Анткени АКШ Британия пайда кылган яхудий түзүмүн кабыл алгандан бери анын негизги максаты бул түзүмдү аймакта бекем орнотуп, аны айланасындагы башка режимдердин катарында «кадимки» түзүмгө айландыруу, «Жакынкы Чыгыш маселеси» же «араб-израил жаңжалы» деп аталган нерсени жабуу жана бул түзүм менен толук, жалпы нормалдаштырууну орнотуу болгон. Бирок аймактагы татаал шарттар жана оюнчулардын көптүгү бул максатты ишке ашырууга тоскоол болуп келди. Мындан тышкары, АКШ өзүнө артыкчылыктуу деп эсептеген башка маселелер менен алек болчу, айрыкча араб көтөрү менен алек болду. Ал мезгилде анын башкы артыкчылыгы бул көтөрүлүштөрдү басуу эле. Өзгөчө Сирияда он үч жыл бою режимди сактап, чечим кабыл алууда көз карандысыз исламий мамлекеттин түзүлүшүнө жол бербөөгө аракет кылды. Натыйжада 2015-жылдан тартып, Ирактагы камкордукка кошумча катары Сирия менен Ливанды Иранга өткөрдү. О.э Сирияда Россияга да рол берди.
Мындан тышкары, АКШ биринчи кезекте Кытайга каршы туруу жана анын экономикалык күчүнүн өсүшүн ооздуктоо үчүн Чыгыш Азия аймагына өзгөчө чоң маани берет. Ошондуктан ал Жакынкы Чыгышты Чыгыш Азияга болгон кызыкчылыкка салыштырмалуу төмөнкү орунга жылдырды. Кытайды курчоо жана ага каршы эл аралык жана регионалдык альянстарды түзүү негизги багытка айланды. Ошого жараша, АКШ аймакта бир аз артка чегинип, башка регионалдык күчтөргө, биринчи кезекте Иранга, андан соң Түркияга, ошондой эле Россияга белгилүү ролдорду берди да, иштерди алыстан багыттап турду.
Кийинчерээк белгилүү болгондой, республикачыл партия Обаманын администрациясы жүргүзгөн бул саясатка ынанган эмес. Трамп Ак үйгө келери менен Иран менен түзүлгөн ядролук келишимди жокко чыгарып, анын таасирин чектөөгө киришти жана аймактагы башкаруу тетиктерин өз колуна алуу үчүн Ирандын тышкы аскерий күчтөрүнүн жетекчиси Касем Сулейманини ачык түрдө өлтүрдү. Бирок анын пландары ишке ашпай калды, кийинки шайлоодо утулду. Демократтар кайра бийликке келип, Иран менен болгон мамилени белгилүү даражада калыбына келтиришти да, аймактагы өзгөрүү процесси жайлады. Бирок «Акса ташкыны» операциясынан кийин демократ президент Байден өз мөөнөтүнүн акырында Ирандын аймактагы таасирин толук жоюу планын улантуусу көңүл бурарлык болду. Ливандагы Иран партиясынын миңдеген согушкерлерине каршы жүргүзүлгөн жардыруу операциялары жана анын биринчи жана экинчи катардагы жетекчилеринин дээрлик толугу менен жок кылынышы дал анын тушунда, шайлоого чейин жана Трамптын жеңиши аныктала электе ишке ашты. Андан кийин Трамп келип, бул миссияны тез арада улантууга киришти.
Трамп эмнени каалайт? Өтө жөнөкөй айтканда, Трамп жалпысынан америкалык саясий чөйрө менен аймакты түздөн-түз өз колуна алуу зарылдыгы боюнча бир пикирге келишти. АКШ эми Жакынкы Чыгыш аймагында кимдир бирөөгө камкорчулук ыйгарууну каалабайт, тескерисинче Ливанда, Иракта, Сирияда жана бүткүл аймакта өзүнө түздөн-түз баш ийген башкаруучуларды орнотууну көздөйт. Ошондой эле Палестинада жана аймакта яхудий түзүмү менен болгон жаңжалды бүтүрүп, аймактагы анын үстөмдүгүн бекемдөөнү максат кылууда.
АКШны азыр ушундай багытка түрткөн нерсе эмне? Бул анын Жакынкы Чыгыш аймагына болгон көз карашынын өзгөрүшү. Азыр ал бул аймакты инвестициялык жактан пайдалуу аймак катары карай баштады. Бул көз караш көп жылдар мурда Булуң өлкөлөрүнө болгон мамилесине окшош, башкача айтканда, ири экономикалык мааниге ээ газ запастары табылышы күтүлгөн инвестициялык жер катары көрүүдө. Бул газдын стратегиялык мааниси да бар, ал экономикалык маанисинен кем эмес. Анткени Америка аймактагы Катардан башталып, Сауд Арабиясы, Шам аймактары жана Түркия аркылуу Европага жетчү линия аркылуу ага турган газды, өзү тутандырган орус-украин согушунун айынан Европага жеткирилбей калган орус газына альтернатива болушун каалайт. Мунун максаты бир жагынан Россияны алсыратуу, экинчи жагынан Россия менен Европанын ортосунда саясий мамилеге айланган экономикалык байланыштарды үзүү жана Европаны кайра америкалык камкордукка кайтаруу. Бул камкордук аркылуу АКШ Европага жетчү араб газын жеткирүү процессин толук көзөмөлдөйт.
Жогоруда айтылгандарга кошумча катары, Америка үчүн бул аймак Кытайдын Жибек жолу менен болгон кармашынын да бир бөлүгү болуп саналат. Бул жол Кытайдан Европага чейин созулат. Америка ага атаандаш катары Индиядан башталып, Булуң өлкөлөрү аркылуу өтүп, Иорданиядан ашып, басып алынган Палестинанын жээгине жеткен параллелдүү жолду курууну чечти. Бул жолго даярдык көрүү — Газаны системалуу түрдө кыйратуунун, анын айрым аймактарынан калкты зордоп көчүрүүнүн жана кайра кайтып келишине жол бербөө менен башталууда деген күчтүү божомол бар. Анткени дал ошол аймактан бул коридор өтүшү керек. Бул Трамптын Газада ривьерага окшош аймак куруу тууралуу айткан сөздөрүнөн да алыс эмес. Ошондой эле Газада, Ливанда жана Сирияда ири масштабдуу кайра куруу иштери күтүлүп жатканын унутпашыбыз керек. Колонизатор кылмышкер мамлекет болгон Американын колдонгон белгилүү ыкмаларынын бири, анын компаниялары жана жалпы экономикасы каржылык кыйынчылыкка туш болгондо, адегенде кыйратууга умтулат, анан «курууга» бет алат!
Эске салалы, Ирак согушунда америкалык армия режим кулап, жеңиш айкын болгондон кийин да кыйратууну уланткан. Эмне үчүн? Иракты кайра курууга муктаж абалга келтирүү үчүн. Андан соң америкалык компаниялар келип, «куруу» шылтоосу менен өлкөнүн мунайын талап-тонойт. Анткени чоң кыйроо Америка жана инвестиция салууну көздөгөн көптөгөн мамлекеттер үчүн баалуу кенч. Кыйроо канчалык кеңири болсо, кайра куруу иштери да ошончолук кеңири болот. Эми анын чыгымын ким төлөйт? Адатынча Булуң өлкөлөрү. Бул — миллиарддаган, а түгүл триллиондогон долларларды кайрадан америкалык экономикага агызуунун бир ыкмасы. Трамптын Газада ривьерага окшош туристтик аймак куруу, Ливандын түштүгүндө «Трамп экономикалык аймагын» түзүү тууралуу сөздөрү өзгөчө ачык жана одоно болгон. Ошол эле сыяктуу, Башар кулагандан кийин Сириянын президенти Жуланинин Дамаскта «Трамп мунарасын» куруу тууралуу айткандары да бар.
Бул америкалык инвестициялык пландар аймакта туруктуулукту талап кылат, анткени туруктуулук жок жерде инвестиция болбойт. Дал ошондуктан Трамп аймактагы жаңжалды мүмкүн болушунча тез бүтүрүүгө, нормалдаштыруу жана алардын басып алуучу түзүмдү таануу процессин ылдамдатууга өзгөчө маани берүүдө…
уландысы бар
Роя гезити
Ахмад аль-Касас




