Асыл хадис

Орозо жана Асман менен бейиштин дарбазалары

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Орозо жана Асман менен бейиштин дарбазалары

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

حَدَّثَنِي يَحْيَى بْنُ بُكَيْرٍ، قَالَ حَدَّثَنِي اللَّيْثُ، عَنْ عُقَيْلٍ، عَنِ ابْنِ شِهَابٍ، قَالَ أَخْبَرَنِي ابْنُ أَبِي أَنَسٍ، مَوْلَى التَّيْمِيِّينَ أَنَّ أَبَاهُ، حَدَّثَهُ أَنَّهُ، سَمِعَ أَبَا هُرَيْرَةَ ـ رضي الله عنه ـ يَقُولُ قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم: إِذَا دَخَلَ شَهْرُ رَمَضَانَ فُتِّحَتْ أَبْوَابُ السَّمَاءِ، وَغُلِّقَتْ أَبْوَابُ جَهَنَّمَ، وَسُلْسِلَتِ الشَّيَاطِينُ سنن ابن ماجه

Яхья ибн Букайр Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылды. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мындай деди: “Рамазан айы башталганда, асмандын эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылып, шайтандар чынжырланат.” (Сунан Ибн Мажа).

Эң жакшы сөз – бул Улуу Аллахтын сөзү, ал эми эң жакшы жол – бул Анын Пайгамбары Мухаммад (с.а.в)дын жолу.

Урматуу бир туугандар:

Бул асыл хадисте үмүт жана Аллах Тааланын Өз пенделерине болгон ырайымы  камтылган. Ардактуу Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бул ыйык айдын бизге алып келген жакшылыгы жана берешендиги жөнүндө айтып берди. Бул айда Аллах Таала биздин дубаларыбыз кабыл болуп, амалдарыбыз жогорулашы үчүн бизге асман эшиктерин ачат. Бул ай башка айлардан айырмаланып, өзгөчө экенин билебиз, анткени андагы жакшы иш башка айларга жана жылдын калган күндөрүнө караганда он эсе баалуу. Бул бизди, орозо кармагандарды, Рамазан айында жакшы иштерди көбөйтүүгө үндөйт, анткени алардын сыйлыгы рамазан ичинде күнүнө көбөйүп жатат. Андыктан, алсыздыкты, жөндөмсүздүктү, суу менен тамактын жетишсиздигин жакшы иштерди азайтуу үчүн шылтоо катары колдонбошубуз керек, анткени бул мүмкүнчүлүк жылына бир гана жолу келет.

Хадисте абдан маанилүү бир нерсе айтылган, башкача айтканда, Аллах бул айда тозоктун эшиктерин жабат, андыктан ким бул айда туура орозо кармап жана бардык иш-аракеттеринде Аллахтын буйруктары менен тыюуларын карманса, ал тозокко кирбейт.

Бул хадисте Аллах Таала бул ыйык айда шайтандарды чынжырлаганын кабарлады. Ошондуктан жалкоолук кылып, шайтаны аны жеңгенин жана алсыз экенин айткан адамга эч кандай шылтоо жок.

Ким жүрөгүндө жана иш-аракеттеринде Аллахка чынчыл болсо, ал Аллахка ката себептүү гана баш ийбестик кылышы мүмкүн жана эч бир шайтан аны азгырбайт же адаштырбайт. Бирок ким баш ийбестикке көнүп алган болсо, бул айда Аллахка кайтып, Ага тообо кылышы керек. Бул тообо кылуу жана кечирим суроо айы. Ал эми Аллахка атайылап жана үзгүлтүксүз баш ийбегендерге келсек, бул айда эки жүздүүлөрдүн жана адамдар билбейт деп ойлогондордун иштери ашкере болот, анткени Аллах алардын иштерин билет жана ашкере кылат.

Биз Аллах Өз пенделерин баарын билүүчү, пенделерине Мээримдүү экенине, катасын түшүнүп, тообо кылган адамдын тообосун кабыл аларына жана бул ыйык айдан кийин да анын түз жолдо жүрүшү үчүн иштеринде жардам берерине толук ишенишибиз керек.

Аллах Тааладан күнөөлөрүбүздү кечиришин, жакшы амалдарыбызды көбөйтүшүн, амалдарыбызды кабыл алып, аны Өзү үчүн гана жасатырышын, арабызда эч бир эки жүздүү адамды ачыкка чыгарбай, эч бир адашкан адамды туура жолго салбай калтырбашын суранабыз. Оомийин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 12-рамазан.

2026-ж, 1-март.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button