Орозо кармагандар үчүн Ар-Райян дарбазасы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Орозо кармагандар үчүн Ар-Райян дарбазасы
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
حَدَّثَنَا خَالِدُ بْنُ مَخْلَدٍ، حَدَّثَنَا سُلَيْمَانُ بْنُ بِلاَلٍ، قَالَ حَدَّثَنِي أَبُو حَازِمٍ، عَنْ سَهْلٍ ـ رضي الله عنه ـ عَنِ النَّبِيِّ صلى الله عليه وسلم قَالَ “إِنَّ فِي الْجَنَّةِ بَابًا يُقَالُ لَهُ الرَّيَّانُ، يَدْخُلُ مِنْهُ الصَّائِمُونَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ، لاَ يَدْخُلُ مِنْهُ أَحَدٌ غَيْرُهُمْ يُقَالُ أَيْنَ الصَّائِمُونَ فَيَقُومُونَ، لاَ يَدْخُلُ مِنْهُ أَحَدٌ غَيْرُهُمْ، فَإِذَا دَخَلُوا أُغْلِقَ، فَلَمْ يَدْخُلْ مِنْهُ أَحَدٌ “.سنن ابن ماجه
Бизге Халид ибн Махлад Сахлдан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылды, Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты: “Чындыгында, Бейиште “Ар-Райян” деп аталган дарбаза бар, ал аркылуу Кыямат күнү орозо кармагандар гана кирет. Андан алардан башка эч ким кирбейт. Орозо кармагандар кайда? деп суралат. Алар турушат, андан алардан башка эч ким кирбейт. Алар киргенден кийин, ал жабылат, андан башка эч ким кирбейт”. (Сунан Ибн Мажа).
Урматтуу бир туугандар:
Эң жакшы сөз – бул Улуу Аллахтын сөзү, ал эми эң жакшы жол – бул Анын Пайгамбары (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун)Мухаммаддын жолу.
Бул асыл хадис бизге орозо кармаган адам Кыямат күнү кандай чоң сыйлык жана сооп алаары жөнүндө айтты. Анткени Аллах Таала бейишти жаратып, ага бир нече дарбазаларды кылган. Ар бир дарбазадан кирген өзүнүн адамдары бар. Бул дарбазалардын бири орозо кармаган адам үчүн, башка эч ким үчүн эмес, жаман сөз сүйлөбөй, күнөө кылбай, чын жүрөктөн Аллах Таалага жакындаш үчүн орозо кармаган адам үчүн жаратылган эшик. Бул дарбазанын аты Баб ар-Райян жана бул ат суусап, ачка болгон ээлеринин, ал күн келгенге чейин суусап же ачка болбой калышканын сүрөттөйт. Бул чоң сыйлык, анткени Ар-Райян дарбазасынан орозо кармагандардан башка эч ким кирбейт жана ал акыркы орозо кармаган адам киргенден кийин жабылат, ошондуктан алардын артынан эч ким кирбейт. Бул орозонун акырет менен бейиште өзгөчө макамы жана өзгөчө орду бар экенинин ачык далили. Эгерде орозо кармаган адам орозо кармагандар үчүн арналган бул эшиктен киргиси келсе, анда ал шарияттын өкүмдөрүнө ылайык туура жол менен орозо кармашы керек. Башка орозо кармагандар сыяктуу эле ал да ага кирүүгө татыктуу болушу үчүн жана Алла Тааланын ыраазычылыгын издеген башка амал кылуучулар тапкан бейишке кирүүгө татыктуу болушу үчүн.
Кимдир бирөө бардык ыймандуу мусулмандар күндүзү орозо кармап, түнкүсүн намаз окушат демек, бул алардын баары бир дарбазадан кирет дегенди билдиреби? деп айтышы мүмкүн. Жок, муну хадис жокко чыгарат, анда ал аркылуу кирүүгө белгилүү бир адамдар гана татыктуу, ал эми башкалар татыктуу эместиги көрсөтүлгөн. Бул калгандарынын орозосун кабыл алган жок дегенди билдирбейт, тескерисинче, кирүүгө татыктуу болгондор орозо кармоосу жана амалы менен башкалардан ашып түштү дегенди билдирет.
Бул даражага Аллах үчүн чын жүрөктөн орозо кармап, Аллах ага парз кылган башка милдеттерди шалаакылык кылбай же шылтоолорду айтпай аткарган адам гана татыктуу болот. Ал орозонун кыйынчылыктарынан тышкары, жихад жана Исламдын туусун көтөрүү үчүн амал кылуу сыяктуу башка кыйынчылыктарга да чыдаган, орозо кармаган адамдардын даражасы болушу мүмкүн.
Аллахтан бизди ушул дарбазадан кирүүчүлөрдүн катарына кошуусун жана ал дарбазадан өзгөчөлөнүп, тандалып алынгандар менен бирге кирүүгө татыктуу амалдарды аткарууга жардам берүүсүн суранабыз. Оомийин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 13-рамазан.
2026-ж, 3-март.
